“Kids up” – балдар жарманкеси

“Kids up” – балдар жарманкесиАр жекшемби күнү шаардын “Космопарк” соода-көңүл ачуу борборуна балдар көңүл көтөрүү же кино көрүү үчүн гана эмес, өз колунан жаралган товарларын жарманкеге алып чыгуу максаты менен да барышат. Мындай мүмкүнчүлүктү балдарга “Kids up – балдар жарманкеси”тартуулайт. Жарманкеден максым, айран, пирожкиден баштап,  куурчактын түрдүү дизайндагы кийимин кездештирүүгө болот.

“Kids up” – балдар жарманкесиНаргиза Конушалиева, “Kids up – балдар жарманкеси” долбоорунун координатору:

“Балдар башында товар саткандан уялчу”

—Башында балдар уялып, товарларын сата албай келишсе, күндөн-күнгө өздөрүнө ишенген, чечкиндүү, сапаттуу продукцияларды өндүрө билген жаш ишкерлерге айланышууда. Башында кардарлар менен баарлашууну билишпесе, учурда кыйын, тажрыйбалуу сатуучулардан болуп, кардарларды өзүнө тарта башташты. Бизнести өнүктүрүү, финансылык сабат жана коммуникация ыкмалары тууралуу атайын тренинг, мастер-класстарды балдарга маал-маалы менен өтүп турабыз. Ийгиликке жетишкен жаш ишкерлерибизди шыктандыруу максатында шаардагы чоң бизнестерге алып барып, мастер-класс өткөрөбүз. Практикада товар өндүрүп, сонун пицца жеп келебиз.

Долбоордун уюштуруучулары балдарды ишкердиктин чеберчилигине гана үйрөтүп тим болбостон, түшкөн кирешенин 10 пайызын кайрымдуулукка жумшоо менен социалдык жоопкерчиликке ээ ишкерлер жаңы муунун тарбиялап келишет. “Kids up – балдар жарманкеси” ар жекшемби күнү 14.00-18.00 чейин “Космопарк” соода-көңүл ачуу борборунун биринчи кабатында өз кардарларын күтөт.

Жарманке балдардын көзү менен“Kids up” – балдар жарманкеси

“Kids up – балдар жарманкеси” долбоору алты айдан бери ишин жүргүзүп келе жатат. Ага 150дөн ашуун бала катталган. Алардын ичинен жыйырмага чукул жаш ишкер ар жекшемби сайын келет. Долбоорго катышуу акысыз. Анын негизги талабы балдардын курагы 3-16 жаш арасында болуп, товарлар өз колунан жаралышы зарыл. Продукциялар айлана-чөйрөгө зыян келтирбей, тез бузула турган азыктардан жасалбоосу кажет.

10 жаштагы БаязирKids up долбоору башталганданберижарманкеге туруктуу катышып, ар апта сайын камыр менен сосиска жана блинчиктерди өз колу менен жасап, жарманкеге чыгарат.

Баязир, 10 жашта:

—Жекшемби күнү сабагым жок эмеспи. Эртең менен эрте туруп даярдап койгон азык-түлүктөрдөн сата турган тамактарды жасоого киришем. Алгач топ-тобу менен сатып алган сосискаларды чыгарам. Камыр жуурганга апам жардам берет. Сосискаларды камырга салып, болушунча кууруйм. Ал эми блинчиктер таттуу болсун деп ар кыл кыямдарды кошом. Кургак болбосун деп лимон менен чайды кошо сатам, анын стаканы— 15 сом. Азырынча 830 сомго соода кылдым.

Балдар жарманкесине ар бир жаш ишкер өз идеясы менен келет. Ал эми уюштуруучулар ар кыл тренинг, мастер-класстарды өткөрүп, кантип кымбат сатуу керек, арзандатуунун сырлары, товар сатуунун жолдорун үйрөтүшөт.

Кристина, 11 жашта:

Мен үч жылдан бери кол менен самын жасап келем. Буга чейин менин курбум мындай самын жасачу. Аны көрүп мен да кызыгып калдым. Өз алдымча балдар самынынан жасап көрөйүн дедим. Болбой койду. Ошондо интернетке кирип ар кандай видеолорду көрө баштадым. Атайын самындын негизи бар экен. Ошондон самын жасай баштадым. Бул самындар табигый өсүмдүктөрдөн даярдалат, жасалма эмес. Өтө кооз калыптарга салынып, жыпар жыттанат. Алгачкы жарманкеге чыкканымда соодам такыр болбой көңүлүм чөккөнү эсимде бар. Андан кийинкилерде самындарым жакшы өтүп баштады. Менин кызыгуум да артты. Бир жолу 2000 сом киреше таптым. Самындан тышкары, Кореядан келген кол сааттарын, чач жасалгаларын сатам. Булар шаарда жок, өтө сапаттуу, анткени атам Кореядан салып жиберет.

Адеми, 11 жаш:

Мен жарманкеде слаймдарды сатуудамын.Слайм деген колго жабышкан колдун сагызы сыяктуу оюнчук. Ал балдардын колдорунун жакшы иштешине жана стрессти жок кылууга өбөлгө түзөт. Слаймдар ар кыл түстө жана караңгыда күйүп тургандары бар. Анын кандай жасала тургандыгы сыр бойдон калсын. Бүгүн соода жакшы болуп жатат. Слаймга кызыккандар көп.

Дильназ, 14 жаш:

Балдар жарманкесине апрелден баштап чыгып баштадым. Дүкөндөн сырга жасай турган фурнитураларды апам экөөбүз сатып алып, ар кандай дизайндагы сөйкө, билерик, чач жасалгаларын кол менен жасай баштадым. Ата-энемден ар кандай майда-чүйдөгө акча сурай бербестен, өзүм иштеп тапканым мени кубантат. Кирешемдин жарымын жаңы телефон сатып алуу үчүн чогултуудамын. Товарларымды мектептеги досторума алып барып да саткан учурларым болот. Классташ досторум менин ишкердигимди колдоп, сатып алып турушат.

Жарманкеге туруктуу келип, балдардын демилгесин колдоп жүргөн ата-энелердин бири Бакыт Дегенбаев өзү да жергиликтүү (ата мекендик) өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы. Ал жарманкедеги уулунун ийгилиги келечектеги ишкердик жолундагы алгачкы кадамдар деп эсептейт:

Бакыт Дегенбаев, жаш ишкердин атасы:

“Бизнес сабактары мектеп программасына кириши керек” 

“Kids up” – балдар жарманкеси—Балдарыбыздын кичинекейинен бери ишкердикке активдүү катышып жаткандары кубантат. Бизнес сабактары математика, англис тили сыяктуу эле мектеп программасына кириши керек деп эсептейм. Себеби, ишкердик өлкөнүн өнүгүүсүндө эң негизги ролду ойнойт. Эгер балдарыбызды жеткинчек убагынан баштап мындай жөндөмдүүлүккө үйрөтсөк, анда келечекте өзүнө ишенген, акчасын таап жей алган, алдыга ишенимдүү караган жарандарды тарбиялайбыз. Балдарымды бул жарманкеге катыш деп түрткөн жерим жок. Үйдөн тамак даярдаганды үйрөнө башташты. Бир күнү кымбат баалуу телефон сатып алгысы келди. Апасы экөөбүз ага “Сен тамак жасаганды билесиң, телефон сатып алгың келип жатат. Анда балдар жарманкесине катыш” деп кеңеш бердик. Уулум дароо сүйүнүп, пицца, блинчик, пирожки, кекс даярдап, жарманкеге чыга баштады.Кичүүлөрү ага жардам беришет. Ар бир сатылган кекстен кийин уулум жанданганын байкап жатам. Кардар менен сүйлөшүп, адамдар менен мамиле түзгөндү үйрөнүп жатат. Бул өтө жакшы жөрөлгө. Балдардын мындай өнүгүүсүн колдоп, мындан кийинки кадамдарына жардам көрсөтүшүбүз зарыл.

Долбоор финансылык сабат жана коммуникациялык жөндөмдү жаштайынан мыкты өздөштүргөн, өз алдынча киреше таба билген социалдык жоопкерчиликтүү ишкерлер жаңы муунун тарбиялоону көздөйт. Ошондой эле мындай долбоорлор бала менен ата-эненин ортосундагы мамилени бекемдегенге шарт түзөт. Бала ата-энесинин ага кам көрөрүн, анын кубанычын, кайгысын тең бөлүшөрүн билгени анын инсандык сапаттарына жакшы таасирин тийгизет деген ойдо уюштуруучулар.

Мээрим Самиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты