Шаар бийлиги шаардыктар сейилдегенге алакандай жашыл жер калтырып коюшса не болот?

Бишкек шаарын бир кезде жашыл шаар деп келсек, бара-бара жеке курулуштардан жер тарып, эл жашаган кичирайондордо балдарды ойнотуп же сейилдегенге бир карыш жер калбай барат. 7-кичирайон тургундары ушундай көрүнүштөрдүн бирине нааразы. Мындагы сквер он жыл мурун 49 жылга ижарага кетсе, эми колдон колго өтүп, акыркы кожоюн ансыз да бу жерде көп кафе-ресторандарга кошуп, дагы кафе курганы жатканы биздин иликтөөбүздө маалым болду. Коомчулуктун үнү шаар бийлигине жетер бекен? 

“7-кичирайондо сейилдегенге жер калган жок!”
Шаар бийлиги шаардыктар сейилдегенге алакандай жашыл жер калтырып коюшса не болот?“Полит Клиника” гезитинин редакциясына Бишкек шаарынын кичирайон тургундарынан келген катта мындай деп жазылган:

“Биз, Бишкек шаарынын 7- кичирайон тургундары, районубуздагы муниципалдык аймакта “Бета-сторес-2” супермаркетинин жанындагы скверде ушул жылдын 30-августунан баштап сквердин жарымын белгисиз бирөөлөр тосуп алышканын билдиребиз. Өзүн “курулушчумун” деген киши аты-жөнүн айтпай, “бул жакка кафе курулат, ээси жерди мыйзамдуу жол менен алган, жер 49 жылга ижарага берилген” деп айтты. Анда мамлекеттен тиешелүү документтеринин бардыгы бар деди. Бул учурда ал жакта жерди темир тосмо менен тосуп, вагон жана кулпу салып коюшту. Биз бул жердин ээси ким, ал жерге эмне курганы жатышканын биле албай койдук. Ушул фактыны текшерип жана эмне себептен муниципалдык жерди жеке адамдар колдонуп калышынын юридикалык негизин аныктап берсеңиздер, эгер мыйзам бузулган фактылар болсо, аны четтеттүүнү суранабыз.
Кичинекей сквер кичирайондогу жападан-жалгыз эс ала турган жана балдарыбыз менен же өзүбүз сейилдей турган жер. Тегеректеги бош жердин баары сатылып кетти. Ушул кичинекей скверибизден башка бош жерибиз калган жок. Элдин жерине кол салынып жатат. Мына ушуга байланыштуу бизге ачык маалымат берип, сквер же парк жеке адамдарга ижарага берилбей турган шартты аткарууну суранабыз”.
Катка 7- кичирайон тургундары Бурулкан Усманалиева, Айбек Маткеримов, Рыскан Маматумарова, М. А. Нечаева, Е.Е. Грибанова, Ш. Ногсирова ж.б. бардыгы 15 киши кол койгон.

Биз барганда…
7- кичирайондогу сөз болгон аймактагы көп кабаттуу үйлөрдөгү жашоочулар менен сүйлөшкөндө алар бизге буларды айтып беришти: 

Бурулкан Усманалиева, 7-кичирайон тургуну: “Элге бир метр да жашыл жер калтырбай коюшту”
-Биз бул жерди сквер дейбиз. Күйгөнүбүз элге бир да метр жашыл жер жок болуп калды, мындагы дарак өскөн жашыл жер ушул эле. Мынабул жакын жерде базар бар болчу, аны алып жаңы курулуштарды курду. Эми бул жерибизди алып жатышат. Ижарага 49 жылга 7-кичирайондогу көп жерлер берилип кетиптир, Орто-Сайда да жерлерди 49 жылга ижарага берип коюшуптур. Парктарды кантип берет? Бул жакта көп кабаттуу үйлөр абдан көп, эң жакын 43-үй. Менин эки жашар кызым бар. Бизге элдикиндей эс алганга, жок дегенде кызым чарчаганда олтура калганга ушул эле жер бар болчу. Аркы жакта ресторан салынды, ал да мурда парк болчу.

Ольга Бессонова: “Каякка барып токтойт, билбейм”
-Мен бул жакта жашабайм, бул тарапта социалдык кызматкер болуп иштейм. Бул жерге дагы бир курулуш түшкөнү жатат деп уктум. Элди туш-тараптан эле кысып келатышат, билбейм, каякка барып токтоорун? Мындай болбошу керек эле.

Юрий Иванович Бурлов, 70 жашта: “Ушул жакта 1969-жылдан бери жашайм”
-Мен ушул кичирайон курулган күндөн, 1969-жылдын октябрь айынан бери жашайм. Ошондуктан кичирайондун тагдырына кайдыгер карагым келбейт. Бул тегеректе кафе менен ресторандардан баш айланат. Эми тепкедей жер калган экен, аны да ижарага берип, ал жакка да кафе салынат экен деп жатышат. Мурда “Континенталь” кафесин курганда элдин колун топтоп, “баарын эске алабыз, эч убакта силердин тынчыңарды албайбыз” деп убада беришти эле. Эми түн ортосунда да, түнкү саат бирге чейин кыйкырык-сүрөөн, даңкылдак-дүңкүлдөк токтобойт.  “Ёлки-палки” кафеси да турат. Дегеле 7-кичирайондун ушул жагынын туш-тарабы— кафе. Балдар менен эмес, мышыгыңды ээрчитип чыгаарга жер калбады.

Мадина Мустафаевна, 80 жашта, мурунку мугалим: “Эгер сөзүбүздү эч ким укпаса, анда шайлоого барбай коёбуз”
-Ушул кичирайондо 2001-жылдан бери жашайм. Адегенде бул жакта өрүк өсүп тураар эле, аны сугарып багаар элек. Андан кийин биринин артынан бири кафе, ресторан, жаңы курулган үйлөр түшө баштады.  Мына, бул жакка жаңы үй курса, анын короосу жок. Ал үйдүн балдары каякка ойнойт? Балдарды, элди ойлобой эле, шаар бийлиги каяктан акча жасасак экен деп эле калгандай. Эгер биздин талабыбызды эч ким укпай койсо, анда биз да шайлоого барбай коёбуз.

Ардакбүбү Насыранбекова, кичирайон тургуну: “Туш тарапты тороп салышты?”
-Жамандык болбой, амандык эле болуп турсун дейсиң. Кокус бир кырсык болуп кетсе, өрт өчүргөн машина бул үйлөрдөн кантип өтүп келерин билбейбиз. Туш тараптын баарын эле тороп салышты, машина өткөнгө жол жок. Балдарыбыз, өзүбүз сейилдеп чыкканга кенедей жер калтырышса болмок.

Бермет Асанбаева, кичирайон тургуну: “Кафелер бизде аз беле?”
-Албетте, бизге “Бета-Сторес-2” соода борбору керек. Бирок алар да скверди ит кылышып, даңкылдатып-дүңкүлдөтүп, арыкты бузуп кетишти. Биз депутат Дастан Бекешовго айтып жатып, жазында бул жакты араң дегенде тазалаттырганбыз. “Континенталь” кафесин сала баштаганда адегенде ал жер спорт менен машыгуучу зал болот деп бизди алдап, анан кафе куруп салышты. Бул жакта 7-8 жаштагы оорулуу кыз бар, ал даңкылдак-дүңкүлдөктөн калтырап эле жатып калганын көрчүбүз.

7-кичирайондун тургундары нааразы болгондой эле бар. Бул жерде катар-катар кафе-ресторандар ондоп саналат дагы, эс алууга бир да чарчы метр жер калбай баратканы өкүндүрөт. Дегеле шаар бийлиги мындагы парк болгон жерлерди жеке курулуштарга кармата берген мисалдар толтура.     

Шаар бийлиги шаардыктар сейилдегенге алакандай жашыл жер калтырып коюшса не болот?Калича Умуралиева, “Биздин укук” коомдук фондунун төрайымы: “Бишкекте “биздин акчабыз көп, каалаган жерге каалаган курулуш курабыз ” деген принципти карманган кишилер толтура”

-Калича айым, Бишкек шаарынын 7-кичирайон тургундары чакан сквердин ордуна курулуш түшкөн жатат” деп кабатыр болуп, редакцияга кайрылып жатышат. Бул сыяктуу мисалдар менен сиздердин фондго кайрылгандар барбы?
-Мен 7-кичирайондогу жашоочулар айтып жаткан абалды билбейт экенмин. Бирок Бишкек шаары боюнча айта турган болсом, мыйзамсыз жүрүп жаткан курулуштар аябай көп. Айрыкча парктарда курулуш жүрүп жаткан фактылар арбын. “Ата-Түрк” паркында, прокуратуранын маңдайында парк жакка курулуш куруп жатышат. Парк берилбеш керек болчу. Биз алар менен соттошконбуз, бирок “биздин акчабыз көп, каалаган жерге курулуш курабыз” дегендей принципти карманган кишилер көп. Жеңиш паркында эстеликтин, пихта дарактарынын жанында парк жерлерин талап, мыйзамсыз курулуш куруп жатышат. Социалдык объекттер курула турган жерлерге башка багыттагы курулуштар салынып жатканы маалым. 8-кичирайондо балдар бакчасы курулчу жерлерге көп кабаттуу үй курулуп жатат. 5-кичирайондо Конушбаев деген бизнесмен эки бассейндин бирин алып, көп кабаттуу үй куруп жатат. 2013-жылдан бери жашоочулар аны менен соттошуп, утулуп калышты.
Суу алынуучу аймактан бери курулушка берилип жаткан мисалдар бар. Алсак, Аламүдүн жана Ала-Арча суу алынуучу аймагына “Эмарк курулуш” компаниясы көп кабаттуу үй курууда. Ошентип шаарда парк, жашыл аймактын баары жоголуп бара жатат. “Комфорт” соода борборунун тегерегиндеги жашыл зона да жоюлду. Ибраимов көчөсү, 42 деген даректе жашыл аймакта үйдүн алды терезеден бир метр жерге курулууда. Адегенде жерлер ижарага берилип, ал жерге адегенде убактылуу тамактануучу жайкы кафе салышат дагы, беш жыл өткөндөн кийин капиталдык курулушка өтүп кетүүдө.
Эркиндик бульварынын ичине да курулуш куруп жатышат. Байлардын кантип кыска убакта байыганын билбейсиң, алар балдар бакчаларынын ордун алып, стадиондордо курулуш куруп жатышат. Инструментальщик жана Ленин заводдорунун стадиондорунда да курулуш салынууда.
Биздин өлкөбүздүн климаты кескин континенталдуу, ысык жана чаң болуп турат, ошондуктан бизде жашыл аймак, парктар, сквер, көлөкө жер, арыктар болушу керек. Ага карабай эле, кайда болбосун, шаардык бийлик жеке курулуштарга орун берип, социалдык объекттерди ойлобой жатканы өкүнүчтүү, —дейт Калича Умуралиева.

Бишкек шаар бийлиги жашыл аймак койбой муниципалдык жерде жеке курулуштарга орун берилип кеткен фактыларга кандай карайт?

Ренат Макенов, Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармасынын начальниги: “7-кичирайондогу муниципалдык жер 2006-жылы ижарага берилип кеткен”

-7- кичирайондун тургундары “Бета-Сторес-2” соода борбору тараптагы скверге курулуш жүрүп жатат, бул канчалык мыйзамдуу деген суроо менен редакцияга кайрылып жатышат. Ал талапка эмне деп жооп берер элеңиз?
-Бул маселени биз карап чыктык. Ал жерди тургундар сквер деп атап алышканы менен, ал сквер эмес, болгону жашыл бактуу шаардык муниципалдык жер. Бирок 2006-жылы конкурстук негизде ал 0,09 гектар жер 49 жылга ижарага берилип кеткен. Бишкек шаардык мэриясынын 2006-жылдын 12-сентябрындагы № 651 токтому менен Н. П. Кузнецовага 49 жылга ижарага берилген. Ал эми Н. П. Кузнецова 2006-жылдан бери ал жакка эч кандай курулуш курбай, 2015-жылдын 5- июнунда Н. Р. Оморова жана А Н. Сатыкалиева деген кишилерге ижара укугун сатып жиберген.

-Муниципалдык жерлер колдон колго өтүп, ижарага алуу укугу сатыкка кетип жатса, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы эч кандай аракеттерди жасаган жокпу?
-Дагы бир жолу кайталап кетсем, бул жер 2006-жылы эле конкурстук негизде ижарага берилип кеткен. Келишим боюнча ал жакка кафе курулмак. Аны ижарага алган Н. П. Кузнецова жылына 300 миң сомдон ижара акысын убагында төлөп турган. Бирок биздин башкармалыктын юридикалык бөлүмү 2006-жылдан бери ижарага алган адам эч кандай курулуш курган эмес деген негизде бул ишти райондор аралык сотко даярдап жатат. Анткени жерди ижарага алган адам эки жылдын ичинде ал жакка курулуш сала башташы керек.

-Кузнецова аттуу жарандын жерди ижарага алуу укугун сатып алган Н.Оморова менен А. Сатыкалиева “бул жерди ижарага 2015-жылы эле алганбыз, ошондуктан курулуш салууга дагы убактыбыз бар” деп айтат да?
-Бирок ижаранын жаңы ээлери Н. Оморова менен А. Сатыкалиева Н. Кузнецованын мураскери болуп эсептелип, ал аткара турган милдеттер эми жаңы ижара ээлерине жүктөлөт. Жер мыйзамы боюнча ал жаран ижара укугун сатууга акысы бар. Ушул жылдан август айында ижара ээси бир адамга, же Оморовага, же Сатыкалиевага өтсүн деп биздин башкармалыкка уруксат сурап келишкен. Бирок биз аларга андай уруксат бере албайбыз, анткени 2006-жылдан бери ал жерде эч кандай курулуш курулган эмес. Кыргызстандын Жер кодекси боюнча ижара укугун сатып алган адам мурунку ижара ээсинин мураскери болуп калат деп айтып жатабыз. Жерди ижарага алган киши милдетин алган ишти баштабаса же ижара акысын убагында төлөбөсө, ижара укугунан ажыратып коюшубуз мүмкүн. Бирок Н.Оморова менен А. Сатыкалиева акыркы жолу ушул жылдын октябрь айында 353 миң 408 сом төлөгөн. Азыркы учурда алардын болгону 249 сом 42 тыйын карызы бар.

-Эмне үчүн Муниципалдык менчик башкармасы шаардын тургундарына ыңгайлуу шарттарды камсыз кылбайт. Парктар, жашыл аймактар жеке менчикке өтүп, кафе-ресторандар көбөйүп кетти, балдар менен сейилдеп басканга, адамдарга эмнеге кенедей жашыл жер калбай баратат деп тынчсызданып жатышат. Эмнеге сиздер шаардыктардын талабына кош көңүл карап жатасыздар?
-Жер ижарага же жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен фактыларга биз каршы турабыз. 5-10 жылдан бери алаарын алып алып, эч кандай аракет жасабаган жерлер боюнча биз райондор аралык сотко кайрылып жатабыз. Азыр Бишкек шаарындагы 53 жер тилкеси боюнча жалпы аянты 25 гектар жер сот тартибинде шаарга кайтарып алуу аракеттери көрүлүп жатат. Менчикке берилген жерлер сот аркылуу гана каралып, кайтарылат. Бул 53 жер тилкесинин 35тейи жеке менчикке өтүп кеткен, калганы ижарага берилген. Буга чейин жалпы аянты 35 гектар келген 45 жер аянтын сот аркылуу шаардык баланска өткөрүп алганбыз. Эгембердиев 1 деген даректе 4 гектар жер жеке менчикке чыгып кеткен. Муну соттошуп жатып, муниципалдык менчикке кайтарып алдык. Ижарага берилген жерлер боюнча бир далай иштер жүрүп жатат. Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүндө жеке менчикке чыгып кеткен 20 гектар болуш керек, жер бүгүнкү күндө муниципалдык менчикке кайтарылды. “Ата –Түрк” паркында да туура эмес иштер кезигип, ал жактын 5 гектар жерин муниципалдык менчикке кайтардык. Токтоналиев-Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жеке компанияга 25,3 гектар жер өтүп кетип, алар акчаны убагында төлөбөгөндүктөн, биз аны муниципалдык менчикке кайтардык.

— 7-кичирайондун тургундарынын талабына кайрылып келсек, алар кандайча чечилмекчи? Элдин кичирайондо жашыл жер калбай, жердин баары тарып баратат деген талабы жөндүүбү?
-Биринчиден, элдин талабы да жөндүү, бирок ал жер ижарага мыйзамдуу жол менен берилген. Ижара акысы да убагында төлөнүп келген. Бир гана ижарага алгандарды убагында курулушту баштаган жок деген негизде биздин юристтер ал жер боюнча сотко материал даярдап жатат, –деди Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы.

Бишкек шаардык муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчисинин 7-кичирайондогу жер мыйзамдуу жол менен ижарага берилген деп айтканы менен, минтип, бир адамга ижарага берилген жердин ижара укугу дагы башка адамдарга сатылып кетип жатканы кандай? 7-кичирайондогу аталган жердин жаңы ижара ээси деген Н. Оморова менен А. Сатыкалиеванын өкүлүмүн деп, аты-жөнүн айтпаган адам “Ал жерге ижара ээси эч нерсе курбайт, ал тургай кафе да курбайт, бул жердин ижара укугун алып коюу маселеси көтөрүлүп жатыптыр деп укканда гана ал жерди тосуп койду. Ижарага мыйзамдуу түрдө алган, ошондуктан ал жерди мөөнөтү аяктагыча аны эч ким алып коё албайт” деп айтты.
Ал эми ал жерге жылына 300 миңден ашык сом төлөп, жөн гана бош коюп, тегерегин курчап коюудан аларга кандай пайда деп башың катат. Буга бир гана жооп— 49 жылга ижарага алдык деп коюп, алар жерди менчиктеп же капиталдык курулуш куруп алышат да. Андан кийин кол куушуруп, биз мыйзамдуу жол менен алганбыз деп олтура беришет же сатып ортосунан пайда табышат деп гана божомолдоого болот. 7-кичирайондо кафе-ресторандар жетиштүү, ал тургай кадам сайын кезигип, саны ашыкча болсо деле, үстү-үстүнө кафе-ресторан куруу улантылып жатканы ошол пайданын артынан түшүү деп түшүнсөк болот.
“Биздин укук” коомдук фондусунун төрайымы Калича Умуралиева күйүп-бышкандай, парктар, эс алуучу аймактар четинен кертилип, менчикке кетүүдө. “Кырк жылдан ашык убак өскөн пихта сыяктуу дарактар кыркылып жатат. Бүгүнкү күндө бизде жапайы капитализм орноп, ден соолук маселесин да, абийир, ар –намыс жагын да акча чечип калган заман. Эмне деген турмуш өтүп жатат, билбейм?Адегенде жерди ижарага алса, жайкы кафе курушат, андан кийин эле капиталдык курулуш жүргүзүп кирген болот. Убактылуу ижарага алган жерге кантип капиталдык курулуш салсын? Дүкөндөр, базарлар, кафе-ресторандар бизде азбы? Социалдык объекттерге орун аз берилип жатат” дегениндей, Бишкек шаар бийлиги качан шаардыктардын, анын ичинде 7-кичирайондун жашоочуларынын талабын кантип аткараарын көрө жатаарбыз.
Бирок шаардыктар өз укугу үчүн өздөрү да 7-кичирайондун жашоочуларындай болуп, күрөшкө чыгышы керек. Юрист Эрик Ирискулбеков айткандай, Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишинде 16 кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду. Бул жер Нариман Түлеев мэр болуп турганда, 2010-жылы сатылып кеткен. Ал жер Мухамедалиев аттуу жаранга 5 млн сомго сатылып, ал Кожониязов аттуу адамга сатып жиберген. 2012-жылы ал жакка жакын жашагандар “Миң түркүн” жана “Румын эмереги” дүкөнү тарапта да соода кылуучу жайы бар көп кабаттуу үй салынат  дегенде жашоочулар каршылык көрсөтүп чыгышып, прокуратурага кайрылышкан. Аны сатууга мэриянын кызматкерлери да катышкандыгы аныкталган. Бул жалпы пайдалануудагы жашыл жер болуп, машина өтүүчү жол болгон. Ошондуктан ал жерди сатууга болбой тургандыгы аныкталып, Жогорку сот тарабынан муниципалдык менчикке кайтарылган. Ошондой эле Сухомлинов-Орджонекидзе көчөлөрүндө да мыйзамсыз курулуш токтотулганын Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирген.
7-кичирайон тургундары өз талабы менен Башкы прокуратурага да кайрылып жатат. Бул ишти алар акыр-аягына чыгарып, өз талаптарын жылдыра берсин демекчибиз.

Айгүл Бакеева   

Шаар бийлиги шаардыктар сейилдегенге алакандай жашыл жер калтырып коюшса не болот?Бул макала IWPRдын Журналисттик иликтөөлөр бюросунун көмөгү менен жасалды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты