АКШ бийлиги чек ара режимин катаалдатат

АКШ бийлиги чек ара режимин катаалдататЖекшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп визалык-иммиграциялык тармакта Кошмо Штаттар менен кызматташууну каалаган мамлекеттер аткарышы керек болгон минималдуу талаптар көрсөтүлгөн жарлыкка кол койду.

«Учурдагы система өзүнүн кудуретсиздигин жана терроризм менен уюшкан кылмыштуулук күчөгөн доордо өзгөчө тобокелчиликке ээ экенин далилдеди», — деп айтылат жарлыкта.

Эми Кошмо Штаттардын чет өлкөлүк өнөктөштөрү АКШга кирүүнү каалаган жарандарын текшерүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды берип турушу керек болот. Бул виза сураган адамдын АКШнын улуттук коопсуздугуна же коомдук тартипке коркунуч жаратпастыгын тез аныктоо үчүн керек.

Документке ылайык, тиешелүү маалыматтарды бербеген өлкөлөрдүн жарандары Кошмо Штаттарга кирүү укугунан толук же жарым-жартылай ажыратылат.

Трамптын администрациясынан кабарлашкандай, учурда дүйнөдөгү өлкөлөрдүн көбү документте көрсөтүлгөн шарттарды аткарууда. АКШ менен визалык-иммиграциялык тармакта кызматташа албаган же кызматташууну каалабаган өлкөлөрдүн арасында — Чад, Иран, Ливия, Түндүк Корея, Сирия, Венесуэла жана Йемен өлкөлөрү бар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты