Ажырашуудан кийинки өмүрдүн жаңы барагы

Ажырашуудан кийинки өмүрдүн жаңы барагыСүйүктүүңүздөн ажырап калуу кандай кыйын. Адам баласы канчалык аракет кылып кармап, ортодо болгон сезимди сактап калууга аракет кылса да, маңдайына жазган тагдырдан качып кутула албайт экен. Мындай тагдырга баш ийип, стресске кабылып, башка түшкөн оор абалды жеңүү үчүн атайын күч-кубат керек. Кээ бир эрки күчтүү аялзаты бул абалды жеңип чыкса, кээ бирлери стресске кабылып, өткөнгө өкүнүп, кабатырланып жашап келишет. Мындай турмуштун сыноосуна сынбай, бул оор абалдан чыгып кетүүнүн жолдору барбы? Психологдун кеңешине көңүл буралы.

Ажырашуу — тагдырдын сыноосу, өмүрдүн жаңы барагы. Мына ушул жаңы баракты баштоодо да адамдар кыйынчылыктарга туш болушат. Психологдордун айтымында, ажырашуудан аялзаты көбүрөөк жабыркайт. Аялзаты табиятынан назик, ишенчээк, жумшак келгендиктен, ажырашуу учур келгенде анын баарын көтөрө албай депрессияга кабылышат. Уйку качып, жашоо кызыксыздай сезиле баштайт. Мындай учурда айланасында курчап турган досторунун, жакындарынын жакшы сөздөрү маанилүү болот. Бизде, кыргызда, үй-бүлө бузулганда аялын күнөөлөп жатып калышат, андыктан “Сен туура эмес кылдың” же “Сен күнөөлүсүң” деген сыяктуу терс көз караштар, жемелерди айтуудан алыс болуңуздар. Анын ордуна “ажырашкан адам сен биринчи да, акыркысы да эмессиң, жашоо уланып атат, жаңы жашоо баштаганга мүмкүнчүлүк берип атат” деген сөздөр менен колдоо керек. Депрессия — олуттуу оору. Андыктан аны оңой жеңүү абдан маанилүү, зарыл нерсе. Ага туугандарынын, досторунун жардамы керек.

“Ажырашуунун так себебин эч ким билбейт. Ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн бир көйгөйү бар, жубайлардын өз ара келишпестиги, бири-бирин түшүнө албастыгы, кичинекей уруштан башталып отуруп акыры ажырашууга алып келет. Бул жерде туугандарынын кийлигишүүсү да себеп болот”, — дейт психолог.

Ажырашууну баштан кечирген жылдыздарАжырашуудан кийинки өмүрдүн жаңы барагы

Бул илдеттен атактуулар да жабыркашкан, белгилүү актриса Назира Айтбекова ал күндөрдү башынан өткөрүп аткан учур. Канчалык деңгээлде Назира айымга оор болгонун өзүнүн жазган постторунан билсек болот, ал биздин берген суроого: “Бул теманы кайра-кайра козгогондун кажети жок го деп ойлойм. Болору болду, боесу канды дегендей, өткөндү эстегим келбейт. Менин жашоом бардыгына түшүнүктүү эле болду окшойт. Эң башкысы,  ал жашоо жолдошума жагып атат, бактылуу болсун. Сиздер түшүнүү менен кабыл алып, жакшылыктарымда күбө болосуздар деп ишенем. Ооруп турган көңүлүмдү чукуунун кереги жок» деп жооп узатты.

Ажырашуудан кийинки өмүрдүн жаңы барагыАл эми ырчы Айпери Кубик кызы болсо, «Мен ал тууралуу сүйлөгүм келбейт. Мен үчүн ал күндөр артта калган. Азыр оюмда таптакыр башка нерселер бар, андыктан артка кылчаюга убактым жок» деп билдирет.

Ырчы Гүлбү Ороскул кызы дагы бул темада сүйлөшүү ал үчүн оор экенин Ажырашуудан кийинки өмүрдүн жаңы барагыайтат. “Жүрөккө тийген маселени кайра-кайра ырбата берген туура эмес. Бардык нерсе жакшылыкка. Демек, мени андан дагы жакшы жашоо күтүп жатат деп кабыл алдым. Чынында эле ошондой, Жаратканга ыраазымын!” дейт ал.

Бул абалдан чыгуунун жолдору

Депрессияга алып келүүнүн дагы бир себеби — терс ойлор, өткөн менен жашоо, ага өкүнүп кабатырлануу, кейип-кепчий берүү. Аялзаты ал убакта өзүн жемелеп, жашоого болгон үмүтү үзүлүп, күрөшүүгө күчү калбай калат. Андыктан андай ойлордон арылуу үчүн өмүрдүн жаңы барагын ачууга бел байлоо керек. “Баары жакшы болот” деген үмүт менен сабырдуу, чыдамдуу болуп, келечекти карай багыт алыш керек.

Андыктан психологдор ар бир үй-бүлөнүн пайдубалы бекем болушун каалап, кыйын учурда төмөндөгү кеңештер жардам болорун белгилешет.

  1. Сизди таштап кеткенде, бардыгын ичиңизге катып албай, болгонун айтып, бетине түкүрүп кетип калыңыз. Бирок мындан кийин ал адам менен такыр сүйлөшпөй коюңуз. Кандай болгон күндө да эми сиз ал адамды берилип жактырбайсыз.
  2. Аял кишинин бактысы дүкөн демекчи, дароо стилиңизди өзгөртүп, өзүңүз жактырып жүргөн кийимдерден акчаңызды аябаңыз. Эски кийимдердин баарын жаңыга алмаштырганга аракет кылыңыз. Жумушка же окууга берилип, бир жакшы тыянак чыгаргандай болуңуз. Таза абада досторуңуз менен жарашыктуу кийимдериңизди кийип алып көп сейилдеңиз.
  3. Китептер дүйнөсүнө аралашуу эң сонун тыянак берет. Андыктан китеп окуңуз. Чыгыш акылмандарынын же япон ойчулдарынын китептерин окуңуз. Жок дегенде өзүңүз жактырган авторлордун китептерин окуп көңүл көтөрүңүз.
  4. Физикалык көнүгүүлөрдү көбүрөөк жасаганга аракет кылыңыз. Физикалык жактан чарчоо, бул бардык жаман маанайды жок кылат. Мисалы, эртең мененкисин чуркаңыз, велосипед тебиңиз, сууда сүзүңүз жана башка. Мунун баарын өзүңүз жактырган музыкада аткарганыңыз жакшы.
  5. Көңүл ачыңыз. Көңүл ачат десе эле дароо түнкү-клуб, кафелерге баруу эмес. Тескерисинче, мындай нерселерди унутуңуз. Шаар кыдырыңыз, кызыктуу жерлерге барыңыз, кино-театрлар, парк, ар кандай эс алуучу жайлар сыяктуу.
  6. Тоого чыгып жаратылышка суктанып келиңиз. Же муз тээп ойноп-күлүп келиңиз. Ат минип көңүл ачсаңыз андан да сонун жыйынтык болот. Эгер чөнтөк мүмкүнчүлүк берсе жок дегенде жакшы бир курортко барып эс алып келиңиз. Ал эми башка мамлекетке барып маданияты менен таанышып келүү андан да сонун. Эмнеси болсо да каякта болбосун, эл менен убакытты кызыктуу өткөргөнгө аракет кылыңыз. Чын жүрөктөн эс алыңыз.
  7. Сүйүнүңүз. Бардык нерсе бул жашоодо сабак болуп калат жана ал катаны экинчи жолу кайталабасаңар, сиз түшүңүздө да болуп көрбөгөн бакытка жетесиз. Келечекте мыкты жубай, алтын апа болосуз. Жашоо сизге жалаң жакшы жагынан жылмаят. Ошондуктан кайсы бир баркыңызды билбеген бирөөнүн айынан капа болуп кереги жок.
  8. Жаңы роман. Канча убакыт өттү баары бир. Бир күнбү, бир айбы же бир жылбы. Ошондуктан эгер бирөө сизге жагып, көзүңүздү карап жатса, коркпой эле ага мүмкүнчүлүк берип коюңуз.
  9. Ажырашуудан ортодо бала болсо, алар да жабыркашын эстен чыгарбоо керек. Алар да камкордукка муктаж. Аларга да көңүл буруп, жакшы сөз айтып, бири-бириңиздерге жөлөк болууңар керек. Бактылуу болуу өзүңөрдүн колуңарда экенин унутпооңор зарыл.

Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты