Айыл чарбасындагы жаңы машиналар

Айыл чарбасындагы жаңы машиналарТракторго маалымат келип, кулпунайды автомат терет

Кыргызстан агрардык өлкө болуп, айыл чарбасындагы жаңы техниканы ишке киргизүүгө аракет кылып келет. Өкмөт жаңы техниканы алуу үчүн лизингге шарт түзүүдө. Күнөсканаларды куруу, мал союучу пункттарды куруу, логистикалык борборду ачуу, тамчылатып сугарууну өндүрүшкө киргизүү ж. б. маселелер турат.

Айыл чарбасындагы эң маанилүү багыт—айыл чарбасын механизациялаштыруу, техниканы лизингге берүү болуп саналат.

Мына төмөндө биз сөз кыла турган дүйңөдөгү алдыңкы заманбап техника Кыргызстанга келсе, илгерки замандагыдай айыл чарба кызматкерлерин күйүп-бышып, чарчап-чаалыгып, кийими кирдеп, иштегендин ордуна, техниканын жардамы  бир топ жогору баскычка көтөрүлөт.   Ошондо жаштар айылдан шаарга же чет жерге качпай калышат.

Трактор маалымат ала баштайт

AEF деп аталган жабдуудан тракторго маалымат келип турат. Анын жардамы менен трактор автоматтык түрдө эле машинанын ылдамдыгын жасаган жүгүнө жараша жөнгө сала алат. Мындай система Европада колдонулуп жатат. Ал эми Grimme компаниясы кызылчаны автоматтык түрдө жыйнай турган TIM Root Runner деп аталган техниканы сунуш кыла баштады.

Сенсордун жардамы менен башкаруу

John Deer деп аталган компания жаңы датчиктерди ойлоп чыгарды. Ал жердин нымдуулугун текшере алат.

Абадан башкарууАйыл чарбасындагы жаңы машиналар

Азыркы учурда айыл чарбасын абадан дрондордун же космос спутнигинин жардамы менен башкарууга болот. Ал техника кайсы жерде түшүм жакшы болбой жатканын, кайсы жерге кайра себүү зарыл экенин аныктап берет. Жердин нымдуулугу кандай экенин, себилген өсүмдүк кандай өсүп жатканын аныктай алат.

Чарчабаган роботтор

Айыл чарбасын роботтоштуруу келечекте кеңири жайылтылат. Роботтор адамды алмаштырып кое алат. Роботтор адамдардан айырмаланып, такыр чарчабайт. Алар тракторду башкарып, жер айдап, комбайн чапкан түшүмдү жыйнап, отоо чөптү жулуп, өсүмдүктү себе алат.   John Deer и Claas компаниялары автоматтык айыл чарба техникасын сунуш кылууда. Албетте, кандай гана техника болбосун, аны адам башкарып турат эмеспи. Бул компаниянын техникасын да  адам көзөмөлдөп турат. Ал эми азырынча бул техниканын баасы адам жумушунан арзан болгондо гана фермерлер сатып ала алышат.

Талаачылыктын так иштери—келечек тренди

Айыл чарбасындагы жаңы машиналарMIT Technology Review деп аталган басылма талаачылыктын так иши келечектеги тренддердин бири болот деп жазды. Жерден башкарылып турган датчиктин, спутниктен тартып алуунун жардамы менен семирткичтерди жердин баарына эле себе бербестен, тиешелүү жерлерге себилет.

Канада өкмөтүнүн божомолу боюнча,  2020-жылы жер кыртышынын абалын, үрөндүн себилишин жана өсүмдүктөрдүн кандай өсүп жатканын текшерүү кадыресе эле көрүнүшкө айланып калат. Мына ушундай эле абал мал чарбачылыгына да кеңири тарамакчы.

Агботтор

Келечекте айыл чарбасынын түшүмдүүлүгүн инфракызыл сенсору бар дрондор жогорулатышы керек. Алар адамдын катышуусун талап кылбайт. Мында уйлар дрондордон коркпойт, тескерисинче аларды саай турган мезгил качан келээрин өздөрү тандайт.

Ал эми келечекте 50 долларга робот сатып алууга болот.  Алар  талаадан сиздин кулпунайды терип берет. Кийинки он жылдыктын башталышында айыл чарбасынын бардык жумушу автоматташтырылып калат, айдоо, себүү, түшүм багып-өстүрүү, аны сугаруу, жыйноо, деги койчу, бардык иш автоматташтырылат. Ал эми дагы бир беш жылдан кийин айыл чарбасында иштеген бардык агбот техникасын интеллектуалдык система башкармакчы.

Тамактануунун жаңы системасы

Жакынкы жыйырма жылда азык-түлүктүн жаңы булактарын табууга туура келет. БУУ белгилегендей, ачка калбаш үчүн чымын-чиркейлерди да жегенге туура келет.  Мындай тамак-аш айлана-чөйрөгө азыраак залал келтирет. Айтмакчы, азыр бир катар өлкөлөрдө чымын-чиркей табылгыс тамак болуп саналат. Европа биримдиги мындай өлкөлөрдү изилдөө алып, аныктап чыккан.   Киноа, суу өсүмдүктөрү да көбүрөөк колдонула баштамакчы.

Өсүмдүктүн жаңы сортторун чыгаруу

Ачкачылык менен күрөшүүнүн дагы бир жолу бар. Ал өсүмдүктөрдүн жаңы түрүн чыгаруу. Алсак, жакынкы 20 жыл аралыгында өсүмдүктөрдүн жаңы түрү, мисалы, көп жылдык түрү чыгарылып калышы мүмкүн.  Өсүмдүктун селекциясын тездетип алуучу ыкмалар колдонулат. Балким, дагы бир он жылда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн генетикалык инженерлиги пайда болот.

Жашыл энергияны пайдалануу

XXI кылымдын орто ченинде жер планетасында 9 млрд адам пайда болот, алардын төрттөн үч бөлүгү шаарларда жашашат. Анда үнөм кылып, шаардагы көп жашаган элге, мегаполиске жогорку технологиялуу айыл чарбасын неге көчүрүп келүүгө болбосун?  Мында биз вертикалдуу деп аталган ферманы колдоно алабыз. Алар көп деле жерди албайт, жылы бою түшүм берип жүрө берет.

Канада өкмөтүнүн божомолу боюнча 2027-жылы  мындай агрокомплекстер кеңири жайылтыла баштайт. Азырынча сыноо агрокомплекстери үйдүн чатырларында, үйдүн короолорунда өсүп жатат. Япониялык Pasona фирмасы мындай чарбаларды өстүрүп жатышат.

Жасалма этАйыл чарбасындагы жаңы машиналар

Канчалык жаңы техника, инновация чыкпасын, жакынкы келечекте, мисалы,  2050-жылы салттуу айыл чарбасы керектөөнү камсыздай албай калат. Бирок окумуштуулар жөн жатпай, жаңы нерселерди ойлоп табышууда.

Өткөн жылдын август айында Лондондо биринчи ыктыярдуулар тобу жасалма бургерди сыноодон өткөрүштү. Ал бургер лабораторияда жасалып чыккан. Бара-бара жасалма эт даамдуу болуп, кадимки этти алмаштырып калаарынан окумуштуулар күнөм санашпайт.  Жасалма эт чыгаруунун сыноосун Билл Гейтс каржылаган.

Курманбек Насирдин уулу

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты