Роза Отунбаева БУУнун кеңешчилер комиссиясынын мүчөсү болду

Роза Отунбаева БУУнун кеңешчилер комиссиясынын мүчөсү болдуКыргызстандын экс-президенти  Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку деңгээлдеги кеўешчилер комиссиясынын мүчөсү болду.  Бул тууралуу БУУнун баш катчысы ООН Антониу Гутерреш комиссия мүчөлөрүн жарыя кылганда белгилүү болду. БУУнун комиссиясынын 18 мүчөсүнүн курамына Чили өлкөсүнүн президенти Мишель Бачелет, Шри-Ланканын Конституциялык кеңешинин мүчөсү  Радика Кумарасвами, Финляндиянын экс-президенти Тарья Халонен, Иорданиянын ТИМинин экс-башчысы Нассер Джода, Алжирдин ИИМинин экс-башчысы Рамтане Ламамра, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, Гватемаланын экс-тышкы иштер министри Герт Розенталь, Кентербер Архиепискобу Джастин Уэлби жана башкалар кирди.

Бул топ БУУнун тынчтыкты камсыздоо максатында дипломатиянын натыйжалуулугун жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатын аркалайт.

Кыргызстандыктар үчүн Роза Отунбаеванын БУУнун мындай абройлуу комиссиясына мүчө болушу чоң сыймык болуп саналат.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты