Куран окутканды үйрөткөн бала бакчалар көзөмөлгө алындыбы?

 Куран окутканды үйрөткөн бала бакчалар көзөмөлгө алындыбы?Гезитибиздин өткөн (“ПолитКлиника” №31, 29-сентябрь, 2016) санында “Куран окутканды же намазга жыгылганды үйрөткөн бала бакчалар” деген теманын алдында журналисттик иликтөө жүргүзгөн элек. Ал иликтөөнүн алкагында кадимки бала бакча катары Билим берүү министрлигинен лицензия алып, бирок диний тарбия берип жаткан “Айкөл” жана “Бутуз” деген бала-бакчаларды тапкан элек. Билим берүү министрлигинин өкүлү бул бала бакчалардын ишмердүүлүгүн мыйзам бузуу катары баалаган. Бул иликтөөнүн жыйынтыгы эмне болду? Тиешелүү органдар бул боюнча чара көрдүбү же бул фактыга көз жумуп коюштубу?

Бул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Нурзида Касымовага кайрылганыбызда ал: “Конституцияга ылайык, Кыргызстанда дин мамлекеттен ажыратылган. Билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын 4-беренесинде “Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окутуунун динден тышкаркы мүнөзү” деп жазылган. Демек биз, билим берүү тармагы, балдарга диний багытта тарбия бербейбиз. Ооба, мектептерде адеп сабагы киргизилген, бирок ал дин сабагы эмес. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары балдарды мамлекеттик стандарттын негизинде окутат. Анда дин тууралуу сабактар жок. Эгерде бизге диний багытта билим берген билим берүү мекемелери туурасында маалымат келип түшсө, ал мекемени сөзсүз текшерүүгө алабыз” деп жооп берген эле.

Ал эми КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитовго кайрылганыбызда, ал: “Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда жана Гагарин көчөсүндө диний бала-бакчалар бар. Буларга уруксатты (лицензияны) Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Лицензиялоо жана аккредитациялоо мамлекеттик инспекциясы 2010-жылы берген экен. Буларды КР Ички иштер министрлигинин алдындагы 10- башкы башкармалык атайын рейддерди өткөрүү учурунда тактаган. Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгы “Диний багытта таалим-тарбия берүүгө уруксат берилбеши керек болчу. Бирок уруксат берилип, атайын окутуулар жүрүп жаткан экен. Биз ошону рейд учурунда таап чыктык. Учурда кошумча иш-чараларды жүргүзүп атабыз” деп айтышты” деп жооп берген.

Биздин иликтөөбүз гезит бетине жарыялангандан кийин жогоруда аты аталган министрликтер “Кандай иштерди алып барып жатат?” деген суроого жооп издеп, аларга кайрылып, төмөнкүдөй жооп ала алдык

Куран окутканды үйрөткөн бала бакчалар көзөмөлгө алындыбы?Нурбек КАЗЫЕВ, КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы: “Билим берүү министрлигинин алдында аты аталган бала бакчаларды текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлүп атат”

-Биздин министрликтин атынан жетектөөчү адис Нурзида Касымова бала бакчалар туурасында силерге буга чейин маалымат берген экен. Мен Нурзида Касымованын айткандарына толугу менен кошулам. Биз, билим берүү тармагы, балдарга диний багытта тарбия бербейбиз. Бизде билим берүү мекемелери үчүн каралган атайын программа бар. Бизден лицензия алган мекемелер ошол программанын негизинде иш алып барат. Балдарды тарбиялоо үчүн бала бакчаларды ачкандар да бизден лицензия алып иштешет. Биз аларга лицензия берүүдөн мурда “Кандай негизде иш алып барышат?” деген максатта бардыгын дыкаттык менен текшерип чыгабыз. Иши мыйзам чегинде болсо, лицензия беребиз. Эң кызыгы, биз билим берүү мекемелерине берген лицензияларыбызды кайра сот аркылуу гана кайтарып ала алабыз. Мисалы, бизден лицензия алган мекемелер мыйзамга туура келбеген иштерди жасап жатышса, биз аларга эскертүү беребиз. Эскертүү бергенден кийин бир айдын ичинде оңолбосо, экинчи жолу эскертүү беребиз. Эгер анда да болбой турган болсо, аларды сотко берип, сот аркылуу лицензиясын кайтарып алабыз. Бирок ушул күнгө чейин бир да лицензияны соттун чечими менен кайтарып ала элекпиз.

Силер таап чыккан эки бала бакчаны биз текшеребиз. Эгер чындыгында эле наристелерге диний багытта билим берип атса, анда биз эскертүү беребиз. Эгер ага да болбой өздөрү каалагандай багытта билим бергенин токтотушпаса, сотко кайрылабыз. Аталган бала бакчаларды текшерүү үчүн учурда Билим берүү министрлигинин алдында атайын комиссия түзүлүп жатат. Алар ноябрь айынын аягында Бишкек шаарындагы бардык бала бакчаларды текшерүүгө алат, буюрса бул боюнча чара көрөбүз.

Куран окутканды үйрөткөн бала бакчалар көзөмөлгө алындыбы?Эрлан БАКИЕВ, КР Ички иштер министрлигинин алдындагы 10 – башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы, милициянын подполковниги: “Биздин бөлүм теологиялык иликтөөлөрдү жүргүзөт”

-Биздин бөлүм теологиялык иликтөөлөрдү жүргүзөт. Учурда диний багыттагы билим берген бала бакчалар боюнча эч кандай маалыматыбыз жок, бирок бир ай мурун Бишкек шаарындагы Гагарин көчөсүндөгү Шампанвинкомбинатынын артындагы бир мектепти текшергенбиз. Алар “диний багытта билим беребиз” деп айтпастан, катардагы эле жеке менчик бала бакча же мектеп катары ачат дагы, каалагандай билим беришет. Мисалы, биз текшерип барган мектептин жетекчиси Абиба аттуу эже “Хиджап жамынган кыздар мектептерде окуй алышпайт. Алар биздин мектепке келип окушса болот. Биз окуучуларды Билим берүү министрлиги бекитип берген программанын негизинде окутабыз” деп билдирди. Биз мектептерде балдарды чет мамлекеттерге кетүүгө даярдаган жокпу, бизде тыюу салынган диндерге бурган жокпу деген негизде текшеребиз. Айрым ата-энелер балдарын атайын диний багытта билим берген мектептерге беришет да. Биз аларга карата эч кандай чара көрө албайбыз.

Биз мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Жогоруда аты аталган бала бакчаларга барып, жетекчилерине, тарбиячыларына түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Эгерде силер “Ушул бала бакча Кыргызстанда тыюу салынган агымды жайылтып атат” десеңер, барып текшере алабыз. Өзүбүздүн атайын текшерүү үчүн колдонуучу ыкмаларыбыз бар, бирок бардыгын териштирип, катуу текшерүүгө алганга укугубуз жок. Себеби, булар КР Билим берүү министрлигине карайт.

Эми кандай иш жүргүзүлөөр экен, жыйынтыгын күтө туралы.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА 

Куран окутканды үйрөткөн бала бакчалар көзөмөлгө алындыбы?Бул материал IWPRIдын журналисттик иликтөөлөр бюросунун көмөгү менен даярдалды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты