Чебер уздар өнөрканасы

Чебер уздар өнөрканасыРаматылык Табылды Эгембердиев  “Супара” этнокомплексине келген меймандарга тамак-аш, сый менен кошо кыргыздын кол өнөрчүлүгү да көрсөтүлүп турса деп максат кылчу. Анын кыял-тилектерин эми бир туугандары, үй-бүлө мүчөлөрү  улап жатышат.  Мында кол өнөрчүлөр иш процессин көпчүлүккө шардана кылуу менен алек.

Бишкектеги “Супара” этнокомплексинде кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн мында келгендерге көрсөтүп жаткан чебер уз Таалайкан Молдалиеванын ишине кызыккан чет өлкөлүк да, жергиликтүү да коноктор көп.

—Бул жакта кол өнөрчүлүгүмдү  көрсөтүп жатканыма бир жылдын жүзү болду. Өрмөк сокконубузга, төшөк кураганыбызга кызыгып карап, кээде өздөрү да жасап көргүсү, үйрөнүп алгысы келгендер болот.  Аларга иш процессин көрсөтүп, жолун айтып берип коебуз. Айрыкча чет өлкөлүк коноктор келгенде кызыгып, көпкө карап калышат, — дейт чебер уз Таалайкан Молдалиева.

Биринчиден,  көрсөтмө иретинде да иштесе, экинчиден, “Супара” этнокомплексине илинип коюлчу  улуттук жасалгаларды да мына ушунтип даярдап алышат. Мурда почтада эмгектенсе, пенсияга чыккандан кийин кол өнөрчүлүгү менен алек. Чоң энеси жана кайненеси иштүү кишилер экен, алардан да көптү үйрөнүп, эми билген өнөрүн жаштарга үйрөтүүдө. Бул жакта шакирттери да бар.  Суук түшкүчө каш карайгыча сыртта, таза абада иштей беришет, кышкысын ичкери бөлмөгө кирип иштешет.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты