Ийгиликтүү ишкерлерден кеңеш

Ийгиликтүү ишкерлерден кеңеш

“Бизнес баштасам жакшы болот эле” деп ар бир экинчи адам айтат. Бирок көбүнчөсү ишти эмнеден баштаарды, кантип жүргүзүү керектигин таппай жүрө берет. Мына ушундайларга сабак болушу үчүн биз ийгиликтүү ишкерлердин кеңештерин чогулттук.

Ийгиликтүү ишкерлерден кеңешАйжан Чыныбаева, «Prego» ресторандарынын кожойкеси: “Ички дүйнөңө кулак сал”

Бизнес семинарларда “Минтиш керек, тигинтиш керек” деп айтышат. Бирок биз ар түрдүүбүз да, бирибиз бирибизге окшобойбуз. Менде ийгиликтүү бизнес жасоо үчүн кандайдыр бир формула деле жок. “Мен жасагандай жасагыла” деп кеңеш бере албайм, анткени бул чоң жоопкерчилик. Өзүңдүн ички дүйнөңө кулак салыш керек. Мен тренингдеримде айтам “Кафе ачкың келеби? Анда кафеге идиш жуугуч болуп жумушка кир. Бардык тепкичтерин басып өт. Идиш жуугуч, официант, ашпозчунун жардамчысы, анан администратор бол” деп. Ошондо адам ал иштин ички кухнясын түшүнөт, жагабы-жакпайбы, ошондо баа бере алат. Колуңда 20 миң долларың болуп “бир бизнес кылышым керек эле” десең, жыйынтыгында түшүнүксүз бир бизнес болот. Эгер сен кандай бизнес ачарыңды так билсең, анын ийгилиги дагы ошондой болот. Биз көчмөн элбиз да, бир бизнес болбой калса, башкасына аракет кылып көрөбүз. Бир эшик жабылса, экинчи эшик ачылат. Айрым учурларда экинчи эшик ачылбай туруп калган учурлар болот. Мындай учурларда жөн гана өзүңдү өнүктүрүүгө акча салып, күтүп туруу зарыл. “Эмнеге мен бул ишти жасай албай жатам?” деп анализдеш керек. Анан психологго, бизнес консультанттарга баруудан коркпош керек. Алардын кеңеши сага кереги тиет. Өзүм кылам деп жүрө берсең, сен өзүңө туура эмес баа берип алган болуп калышың мүмкүн.

Ийгиликтүү ишкерлерден кеңеш Эльдар Абакировдон жаш ишкерлерге жети кеңеш

  1. Ишкерликти эң ириде идеядан, максат коюудан башташ керек.

— Эгер идея, максатың болсо, ага жетүү үчүн адегенде анча деле каражат көп кетпейт. Алгач идеяңды досуң, тууганың менен ишке ашырып көрүп, андан ары өркүндөтүү зарылчылыгы келип чыкса, инвестор, өнөктөш издесе болот. Мен жаңы үйлөнгөндө ар дайым акчадан кыйналып жүрдүм. Алган айлыгым квартира акысын, үй-бүлөгө жумшагандан кийин айдын аягына жетпей, карыз болуп калчумун. Ошондо  оюма алгач  Бишкектен Алма-Атага эмерек ташып сатуу идеясы келди. Эмеректи дүңүнөн сатып алып, чекене баада сатып жүрдүк.Тапкан кирешебизге Алма-Атадан 3-4 дүкөн ачууга жетиштик. Бул жактан материалдарын ташып барып, ал жактан чогултчубуз.

  1. Убакытты туура пайдаланыш керек

—Мисалы, мен бүгүн аткара турган жумуштарымдын эң зарыл деген үч-төртөөнү тандап алам дагы, аларды аткарууга аракеттенем.

  1. Акча ысырап болбошу керек. Акча колдо көп болбош керек. Бош, иштетилбей турган акча — бул пайдасыз каражат. Акча ар дайым жүгүртүлүп турушу керек.
  2. Карызга акча сурап келгендерге алардын максатын, мүмкүнчулүктөрүн угуп, анан жыйынтык чыгарыш керек. Алардын айрымдары карыз алган акчаларын кайтарбай койсо, аны менен жүз карашпай калбай тургандай жагдайды эске алып азыраак берсе болот.
  3. Жашоодо позитивдүү ой, ыйман менен жашаш керек. Кереги жок нерселерге стресс боло бербеш керек.
  4. Чынчыл болушуң керек.
  5. Ишкердин эң негизги эки жоопкерчилиги бар, биринчиси — салыкты төлөө, экинчиси –тегерегиңдеги адамдарга зыян алып келбе.

Ийгиликтүү ишкерлерден кеңешДарика Асылбашева, “Асылбашев креатив” ивент компаниясынын жетекчиси: “Ишиңе жан дүйнөң менен берил”

—Жаңы бизнес ачайын деп аткандарга негизги кеңеш — бул эч качан өз жолуңардан тайбагыла. Башында кайсы гана стартап болбосун, эки жылдын ичинде жок болот же иштеп кетет. Он старт-аптын ичинен экөө эле ишке ашат. Ушундай статистика бар. Менин ишим жашап кетти, ошого аябай кубанам. Жан дүйнөң менен ишиңди жакшы көрүп, ишенсең, иштеп кетет. Башында ийгиликсиз болуп калса эле, таштап салганда иш жүрүшпөйт.  Кыйынчылыктардан сени чыгара турган бул жакындарыңдын жардамы. Жарым жылдай бизде бир дагы заказ болгон эмес. Революция убагында. Ошондо мен бизнесимди жаап, башка жумушка кетейин дегем, бирок, болбой калды. Жумуш табыш дагы өтө кыйын. Өзүм жетекчи болгондон кийин бирөөнүн алдында иштөө кыйын болот экен. Кыйынчылыктардагы ийгилик бул акча, бийлик эмес. Ал — жакындарыңдын колдоосу. Эгер жакындарың жаныңда болбосо кыйынчылык болгондо сени эч ким карабайт. Психологиялык жактан оор болот. Кээ бирөөлөр карьера жасаганга мага балалуу болбой турушум керек деп айтышат. Эгер карьераңда кыйынчылык болуп калса, балдарың эле сага жардам берет. Анткени ошол балдарга алаксып, алар үчүн иштеш керек дейсиң. Балдарың, үй бүлөң, ата-энең, ини-сиңдилериң абдан чоң түрткү болот.

Тилек Токтогазиев,

“Жашыл чарба” агрокомпаниясынын башкы директору:

  1. Биринчиден, сен алектенип жаткан ишиң өзүңө жаккыдай болсун. Ички дүйнөң менен жасаган ишиң төп келсин.
  2. Бул ишти ийне-жибине чейин териштирип, талыкпай билим алышың керек.
  3. Өзүңө жаккан иш сөзсүз киреше алып келгидей болсун. Эгер киреше алып келбесе, анда убара болбой эле, бирөөнүн ишканасында иштей бергениң жакшы.
  4. Өзүң менен өзүң эле боло бербей, эл аралык деңгээлге чыгам десең, сөзсүз чет тилин мыкты билишиң керек.  
  5. Анан да кайсы чөйрө менен иштешип жатсаң, мисалы жергиликтүү калкыбыз менен иштешсең, анда ошол калктын тилин, эне тилибизди эң жакшы билишиң керек.
  6. Алдыга албан пландарды коё билишиң керек. Адамга жардам берейин десең “Балык бербей, анын колуна кайырмак карматыш керек” экен.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты