Казак-кыргыз үчүн орток жазуучу 

Казак-кыргыз үчүн орток жазуучу Казактын залкар жазуучусу, акын, котормочу, драматург жана Казакстан илимдер академиясынын академиги Мухтар Ауэзовдун  туулган күнүнө 120 жыл болду. Башкасын айтпаганда да анын “Абай”, “Абай жолу” романдары казактын өткөн доордогу турмушун, тарыхын таасын баяндап, көркөмдүктүн бийик деңгээлине жеткен. Кыргызстанда да улуу устаттын 120 жылдыгы белгиленүүдө, анткени ал казак-кыргыз үчүн орток жазуучу.  Айрыкча “Манас” эпосун коргоп калуудагы жазуучунун эмгеги баа жеткис.  Кыргыз улуттук илимдер академиясында 15-сентябрда бул датага арналган илимий-практикалык конференция өттү.

Илимий-практикалык конференцияда  Илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу, академик Мурат Жуматаев, Кыргызстан калктарынын ассамблеясынын  төрагасы Токон Мамытов, химия илимдеринин доктору, академик  Бектемир Мурзуибраимов, Кыргызстан казактарынын коомдук бирикмесинин төрагасы Эркин Бөлөкбаев, филология илимдеринин доктору, профессор Шакир Ибраев, Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Мурат Ауэзов жана “Ауэзов үйү” музейинин башчысы, филология илимдеринин кандидаты Диар Кунаев куттуктоо сөз сүйлөштү.

Мурат Жуматаев,  Улуттук илимдер академиясынын  президентинин милдетин аткаруучу, академик:

—Кыргыз-казак мамилеси жана Мухтар Ауэзов жөнүндө айтып жатып, анын өткөн кылымдын 20-30-жылдарында кыргыздын жаңы чыгып келе жаткан интеллигенциясы менен биргеликте “Манас” эпосун изилдөөгө катышкандыгын белгилей кетүүбүз керек. Ал кишинин ролу жөнүндө залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов таасын айтып кеткен. Окумуштууну бизге жакындатып турган дагы бир нерсе – бул Ысык-Көл.  Кыргыз адабияты менен маданияты жашап турган учурда Мухтар Ауэзовдун аты өчпөйт деп айтаар элем.

Абдылдажан Акматалиев,

Гуманитардык жана экономикалык  илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик:

—Мухтар Ауэзов кыргыздын жазуучуларына аталык камкордук кылган. Ал биздин залкар жазуучуларыбыз: Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Кубанычбек Маликов, Касымалы Баялиновго ж.б. чыгармачылык таасирин тийгизген. Ал эми окумуштууларыбыз: Ж. Таштемиров, К.Иманалиев, З.Мамытбековдун кандидаттык диссертацияларына илимий пикир жазып, ак жол каалаган экен. Болот Юнусалиев менен Мухтар Ауэзов болбосо “Манас” эпосунун бириктирилген варианты болмок эмес. М.Ауэзовдун ошол мезгилде “Манас” эпосунун келечегине кылган адил мамилеси “Манас” эпосун изилдесин, китеп кылып чыгарсын деген осуяты деп эсептейм. Ал осуятты биз аткарып келе жатабыз.

Казак-кыргыз үчүн орток жазуучу Мурат Ауэзов,

Мухтар Ауэзовдун уулу, Казакстандын акын-жазуучусу,  элчи:

—Казакстанда жана Кыргызстанда өтүп жаткан Мухтар Ауэзовдун 120 жылдыгына байланыштуу мааракелик иш-чаралар чын жүрөктөн, көңүлдөн чыккан терең сезим менен уюштурулуп жатат. Ушундай иш-чараны уюштуруп жаткан кыргыз боорлорубузга ыраазыбыз. Казак-кыргыз бир тууган деген жасалма сөз эмес. Эгер 1916-жылдагы үркүңдө казактар кыргыздарга жардамга келсе, 1986-жылы Желтоксанда кыргыздар казактарга жардамга келген.

Мухтар Ауэзов Кыргызстанды, анын ичинен Ысык-Көлдү абдан жакшы көргөн. “Эгер  экинчи өмүр берилсе, мен аны Ысык-Көлдө өткөрмөкмүн” деген ыр саптарын да билесиздер. Менин бала чагымда Ысык-Көлгө көп келгенибиз эсимде сакталып калды. Айрыкча Саякбай Каралаев менен жолугушуу үчүн ал жашаган айылга көп барар элек.

Өткөн кылымдын 50-жылдары Мухтар Ауэзов “Манас” эпосун коргоп чыккан. Бул кыйын кезең эле, бардык эпосторго, анын ичинен карель-финндердин “Калевала”, калмактардын “Жангар”  жана “Манас” эпосуна кысым башталган. Мындай кезде тобокелге барып, Мухтар Омарханович кыргыздын эпосун коргоп чыккан. Ошондон кийин анын өзүнө кысым башталып, камакка ала турган болгондо Москвага качып  кутулган. Мухтар Ауэзовдун “Манас” эпосун коргоодогу эмгеги тууралуу Чыңгыз Айтматов көп ирет жазган. 1957-жылы Кыргызстандан Мухтар Ауэзовго Чолпон-Атадан жер берилип, өзү салып кеткен үйү азыр Ауэзовдун үй-музейи. Ал үйгө Түгөлбай Сыдыкбеков да келчү.

Чынгыз Айтматов андан  казак-кыргыздар силер кимсиңер? — деп сураганда, эң ириде “Манас” эпосун жана Мухтар Ауэзовду айтаарын белгилеген.

Атам бизге, балдарына, кыргыз тилин үйрөнгүлө дечү. Мен жакында Султан Раевдин “Жанжаза” романын кыргыз тилинде окуп чыктым, — деди жазуучунун уулу.

Казак окумуштуулары— филология илимдеринин доктору, Аль-Фараби атындагы Казакстан  мамлекеттик  университетинин профессору К. Матыжанов, филология илимдеринин доктору, профессор Т.Коңыратпай, филология илимдеринин кандидаты А.Булдыбай жана филология илимдеринин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору К.Абакиров Мухтар Ауэзовдун жазуучу, акын, коомдук ишмер, эки элге данакерлиги, эки элди бирдей карагандыгы тууралуу кызыктуу  баяндамалар менен чыгышты.

Мурат Ауэзов КР илимдер академиясына М. Ауэзов жана анын өмүр таржымалы, чыгармачылыгы жөнүндөгү китептерди тапшырып, ал эми УИАнын Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев  Мурат Ауэзовго “Манас” энциклопедиясын белекке берди.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты