“Ат жүгүрбөйт, бак жүгүрөт”

“Ат жүгүрбөйт, бак жүгүрөт”ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Кыргыз улуттук жазуучулар союзу, ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясы менен биргелешип өткөрүп жаткан “Беш акын” теледолбоору уланууда. Аталган долбоордун үчүнчү кечеси Т.Сатылганов атындагы Филармониянын кичизалында белгилүү акындардын — Жыпар Арыкова, Айнагүл Базарбаева, Махабат Молдалиева, Болотбек Таштаналиев жана Майрамбек Токторовдун катышуусунда болуп өттү. Мында белгилүү акын, журналист Майрамбек Токторов жеңишке жетишти. Экинчи орунду Жыпар Арыкова багындырды.

Таймаштын талабы боюнча бир муундагы беш акын калыстар тобуна ар бири экиден ырын, котормолорун тапшырып, ырларына жазылган обондор ырдалышы керек. Мындан сырткары, ыр жазгандан башка да өнөрлөрүн көрсөтүп, акырында калыстар тарабынан берилген суроолорго жооп бериши шарт эле.

Бул таймаш башталганда эле акындардын талапка ылайык даярданып келгени байкалып турду, маанайлары көтөрүңкү. Ырларды көркөмдөп, бардык сезими менен биринен-бири калбай окуп жатышты. Биринчилерден болуп акын Жыпар Арыкова сүйүү жөнүндөгү ырын, ошондой эле “Эне” деген поэмасынан үзүндүнү окуп берди. Айнагүл Базарбаева балалык тууралуу ырын жатка айтты. Махабат Молдалиева да сүйүү тууралуу эки ырын, акын Болот Таштаналиев Ата Журт тууралуу, ал эми Майрамбек Токторов  дүйнө, кыргыздар жөнүндө ырларын окуп, көрүүчүлөргө терең таасир калтырышты.  Бардыгы ар бир тапшырмага кылдаттык менен даярданышкан. Экинчи тапшырма — драматург Мустай Каримдин “Прощай” деген ырын орусчадан кыргызчага которуу эле. Бул тапшырма боюнча акын Майрамбек Токторовдун котормосу  жогору бааланды. 3-4-тапшырмада акындардын обондуу ырлары жана өнөрлөрү бааланды. Обондуу ырлардан да Майрамбек Токторовдун сөзүнө жазылган композитор Эсенбек Мааданбековдун обону калыстар тарабынан эң бийик бааланды. Ырды таланттуу ырчы Мунарбек Чобиев мыкты аткарды. 5-тапшырмада болсо калыстар тобу берген суроолорго жооп бериш керек эле. Мында Жыпар Арыкова суроого жооп таба албай калды.

2-3-тапшырмалардын баалары угузулганда,  акын Махабат Молдалиева  калыстар тобу берген бааларга нааразы болуп, акырына чейин таймашка катышуудан баш тартып, таймаштан чыгып кетти. Бул көрүүчүлөрдү кызытып,  зал ичи жандана түштү. “Беш акын” долбоорунун бир далайдан бери келаткан салтында мындай каршылык болгон эмес эле.

Акырында калыстар тобу берген упайлардын эсеби менен Майрамбек Токторов алдыга озуп чыкты. Бул чечимди туура эмес берилип калды деп нааразы болгондор да чыгып, көрүүчүлөр арасында кызуу талкууга алынды.  Кээ бир көрөрмандар мындай талкуу жараткан долбоор акындар арасында бири-бири менен болгон атаандаштыкты жаратып, чыгармачылыктын өнүгүшүнө шарт түзөт дешсе, кээ бирлери улуттук адабияттын деңгээли түшүп баратканын, мындай учурда ушул сыяктуу долбоорлор зарыл экенин, коомчулукту адабиятка тартуу керек деген ойлорун билдиришти. Айрымдар акындар үчүн ыр гана негизги критерий болуш керек, ал эми анын хоббиси, ырдагандары  зарыл эмес экенин белгилеп жатышты.

«Беш акындын» женүүчүсү, белгилүү акын Майрамбек Токторов калыстардын  берген упайы туура, акыйкат болду деп, төмөндөгүлөргө токтолду:

“Ат жүгүрбөйт, бак жүгүрөт”Майрамбек Токторов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун “Беш акын” теледолбоорунун жеңүүчүсү:

“Эгемендүүлүктөн бери кароосуз калган жазма акындарды “ТҮРКСОЙ” калкалады”

— Калыстардын мени биринчи орунга чыгарып, жеңишке жеткиргени чыгармачылыгыма карата бийик баа деп ойлоймун. Кыргызда “Ат жүгүрбөйт, тап жүгүрөт, тап жүгүрбөйт, бак жүгүрөт” деп коет. Бул жолу менин жылдызым жанды окшойт. Калыстардын бул чечимине ракмат! Мелдешке катышкан башка акын кыздардын чыгармачылыгы менен таанышмын. Алардын ар бири сыйлыкка татыктуу, мыкты акындар. Бирок орун бирөө дегендей, бири жеңип чыгышы керек эле. Калыстардын чечимине мен комментарий бере албайм. Алардын өз жобосу, талабы бар дегендей. Ал эми майдачылык, пендечилик сөздөр адабият менен поэзиянын темасы болбошу керек. Улуу адамдар унчукпай иштей берет. Жылдызың бир жерден жанбаса, бир жерден жанат. Мени менен «Беш акынга» катышкан ар бир акынды жакшы көрөм, чыгармачылыгын сыйлайм. Аларга мындан ары ийгиликтерди гана каалайм.

ТҮРКСОЙ уюмуна, анын өкүлү Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегинге ушундай идеяны ишке ашырып жатканы үчүн ракмат айткым келет. Себеби жазма акындар эгемендүүлүктү алганы кароосуз калган. Бул «Беш акындын» дагы форматын кеңейтип, төкмө акындардыкындай масштабга жеткирип, байгесин чоңойтсо, жазма акындардын да өркөнү өсө баштамак. Мындай стимул адабият менен поэзияны алдыга сүрөп, дүйнөлүк деңгээлге чыгармак.

Жыпар Арыкова, акын: “Айрым учурлар менен макул эмесмин” “Ат жүгүрбөйт, бак жүгүрөт”

—Биз, катышуучулар, жакшы даярдык менен аткардык. Өзүңөр байкагандай, таймаш учурунда катышуучулардын бирөө калыстарга нааразы болуп чыгып кетти. Эми кандай болгон күндө да аягына чейин катышса болмок. Мен да нааразы болдум. Анткени мен 1-2-3-тапшырмадан алган бааларым башкаларга салыштырмалуу жогору болчу. Менин оюмча, бир гана суроого жооп таппай калып, экинчи орунду алып калдым. Негизи бизге уюштуруучулар талапты мындай деп койгон: “Бул шоу программа, адабий кече эмес. Андыктан жөн эле келип ыр окуп кетип калбагыла, шоу көрсөткүлө, кийимдериңерден баштап бардыгы каралат” деген. Биз, айрыкча кыздар, ошол талапты аткардык десем болот. Аракеттендик, бирок Майрамбек Токторовго эки-үч тапшырмасына балл көбүрөөк коюлуп, алдыга сүрүлүп чыкты. Мүмкүн калыстар тобу калыстык менен чечкендир, бирок мен айрым учур менен макул эмес экенимди билдирдим. Мага берилген суроого жооп бере алган жокмун. Бул эми нааразычылык эмес, кеченин жүрүшү ушундай болду.

Сынак боюнча айтсам, бул биздин областтык же республикалык деңгээлдеги көрүүчүлөр  гана көрө турган долбоор эмес, негизи бул теледолбоор эл аралык деңгээлде, түрк тилдүү 54 мамлекетке көрсөтүлүүчү долбоор. Анан дүйнө жүзүнө тарала турган теледолбоорго сапаттуу сынак даярдаш керек да. Ал сынакка уюштуруучулар тараптан дагы, аткаруучулар тараптан дагы долбоорго, сахнага болгон сыйыбызды көрсөтүшүбүз керек. Ал жерге даярдык менен келишибиз керек болчу. Аткаруучулар тараптан ошондой минустарыбыз болду. Ал эми ЭлТР каналы, мисалы, сахнаны шөкөттөө жагы абдан супсак болду. Бул теледен караганда деле начар көрүнөт, бир областтык теленин деңгээлиндеги декорация болуп калды. Жазуучулар союзуна болсо сөз жок, аларды сыйлайм, анткени аларда колдоо жок, унутта калган уюм.  Алар өзүлөрүнүн демилгеси менен жашап келишет. Мамлекет тарабынан дагы, министрлик  тарабынан дагы жардам берилбейт. Бир гана ТүРКСОЙ фонду колдоп келет. Мисалы, менин таң калганым, бул долбоор 54  түрк тилдүү мамлекеттердин акындары менен атаандаштыкка чыга турган теледолбоор болгондуктан, эмнеге мамлекет колдоо көрсөтпөйт? Жардам бериши керек эле да. Башка өлкөгө биз маданият менен таанылабыз.  Ошол кечеге Маданият министрлигинин бир да өкүлү келип чыгып сүйлөп же залда кол чаап отурган жок. Өкмөттүн социалдык, саясат, маданият деген бөлүмдөрү иштейт, канчалаган кишилер айлык алып отурушат, алар неге келишкен жок? Вице-премьер-министр Султанбекова деген отурат, ал киши эмнени карап отурат?Мындай учурда колдоо көрсөтүшү керек эле даушундай долбоорлорго. Биз деген түрк тилдүү мамлекеттердин арасына кирип атабыз, ошолордун долбоорунун алкагында болуп жатат. Кирүүнүн өзүэле сыймык. Ошону сапаттуу өткөрүшүбүз керек. Кеп жеңилүү же утууда эмес, кеп костюм же башкада эмес, кеп өйдө жактагылардын маданиятка болгон мамилесинде болуп жатат. Мен ушуларга өкүнөм.

Жеңүүчүдөн сүйүнчү!

Майрамбек ТОКТОРОВ

ДЇЙНЄ

Жамгыр беле, же бул кєлдїн суусубу,

Канды мына какшыган жер суусуну.

Булут минип бакыт келди тєбєўє,

Сен дыйканым сездиў бекен ушуну.

 

Наристенин їнї угулса ыўаалап,

Бїт жер шары тургансыды ураалап.

Бир баладан миўдеп дїйнє куралат,

Сен жаш эне, сездиў бекен ушуну.

 

Пендезатым байманасы ташыган,

Жамандыкты кєрбєсєў дейм жашыўан.

Сєз кубалап, кек сактабай кєгєрїп,

Дос жасай бил кырчылдаган касыўан.

 

Турат дїйнє кїтїп таўдын атышын,

Тазарууга болсун десеў катышыў.

Жаныўдагы жолдошуўа жылмайып,

Керек сенин тїз жолдордо басышыў.

 

Мына тоолор, мына жаркын талаалар,

Куюлушат єзєндєрдє аккан суу.

Баары сага кызмат кылып жаткансыйт,

Сен ушуну сездиў бекен адамзат.

 

Бирок сага баары аздай кєрїнєт,

Чек аралар жылып келет берилеп.

Дїйнє єзїнїн коломтосун єрттєсє,

Жаракалар тигиштердей сєгїлєт.

 

Адам єлєт, согуш кайра уланат,

Кудай бизден Жер тынчтыгын суранат.

Ага болбой ачылууда арааныў,

Неге мынча жаралгансыў сугалак.

 

Жер тоголок Кїнгє барып чубалат,

Аба, суудан, акыл-эстен куралат.

Сездиў бекен сени Кудай бир кїнї,

Жер шарынан коерлугун кубалап!

Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты