Чет өлкөдө билим алуунун жолдору

Чет өлкөдө билим алуунун жолдору
Учурда илимдин чордону аталган өнүккөн чет өлкөдөн билим алууну эңсеген жаштар күн санап өсүүдө. Мурда байлардын балдары гана чет өлкөдөн окуйт деген түшүнүк бар болсо, азыр таптакыр башка. Эгер студент өзү күчтүү болуп, мыкты окуса, чет өлкөдөн бекер билим алууга мүмкүнчүлүктөр көп. Кайсы мүмкүнчүлүктөр дейсизби? Анда чет өлкөдө билим алып жаткан мекендештерибиздин тажрыйбасы менен бөлүшөбүз.

Кандай жолдору бар?
Чет мамлекетке окууга өтүүнүн бир канча жолу бар. Алар келишимдик жана бюджеттик негизде болот. Ошондой эле мамлекет, университет же коомдук уюмдар тарабынан чет элдик студенттерге берилген гранттар, стипендиялар болушу мүмкүн. Мындан сырткары, илимий иш-долбоорлор да студенттин артыкчылыгы катары бааланат. Студент илимий долбоорлору аркылуу өзүнүн багытында стипендиялык программаларга катышууга мүмкүнчүлүгү бар.

Мына ушул сыяктуу программалардын бири — Түркия мамлекетинин “Түркия бурслары” стипендиялык программасы. Программа студентти Түркияга жаңы келүүдө жана кайра кетүүдөгү учак билетинен тартып, жатакана, медициналык аныктама, тамак –аш ж.б менен камсыз кылат. Мындан сырткары, академиялык билим алуу даражаларына жараша ай сайын стипендия төлөнүп берилет. Бакалавриатта окугандар үчүн 550 лира, магистратурада окугандарга 850 лира болсо, докторантурада окугандар үчүн 1100 лира ай сайын берилет.

Чет өлкөдө билим алуунун жолдоруУчурда Түркиянын Анадолу университетинде экономика багытында окуп жаткан Аман Сейдакматов программанын эң негизги өзгөчөлүгү мыкты кадрларды даярдап, кайра өз өлкөсүнө жөнөтүү экендигин айтып, программанын толук түрдө акысыз экенин тастыктады. Окууга өткөн студент окуудан башка эч нерсе менен алагды болбогудай эң жакшы шарт түзүлгөнүн четке каккан жок.

Мындан сырткары, учурда борбор калаабызда чет өлкөдөгү университеттер менен кызматташкан бир нече мекемелер бар. Алар “Kyrgyz concept” компаниясы, “Logos” билим берүү борбору, “DAAD” өңдүү бир нече көз карандысыз жеке менчик мекемелер. Алардын бири Кыргызстанда иш алып барганына эки жылдын жүзү болгон, буга чейин бир топ өлкөлөрдө иш жүргүзгөн Эл аралык “Scorp” уюму.

Масрур Субхонов, “Scorp” уюмунун өкүлү:
— Уюмдун Европа, Азияда бир топ университеттер менен келишимдери бар. Чет өлкөдө окуу кымбат экени белгилүү. Антсе дагы, кээ бир мамлекеттерде бекер окууга мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, Австралияда. Ал эми Малайзияда архитектура жана дизайн багытында 50 пайыз жеңилдиктер каралган. Чехияда алгачкы жылы тил үйрөнүү курсуна студент өз капчыгынан төлөсө, кийинки жылы сынак тапшырып, каалаган университетине акысыз, каалаган багытта окуй алат.

Чет өлкөдө билим алуунун жолдоруГарвардды бүтүп, Америкада адвокаттык лицензия алган Айзада Марат
Айзада Марат кызы аттуу мекендешибиз Американын Гарвард университетинде юриспруденция багытында магистратураны бүттү. Ал жакынкы күндөрдө эле Нью-Йоркто адвокаттык лицензияга ээ болду. Айзада Марат кызы чет өлкөгө магистратурага өтүүдө эмнелерди эске алуу керектигине токтолду:

— Студенттин окуу жайдагы академиялык окуу көрсөткүчү жогору болушу керектигин баса белгилеп, мотивациялык катта өзүңө болгон ишенимдүүлүгүңдү так көрсөтүп, өзгөчөлүгүңдү катта тастыктай билишиң керек. Эң негизгиси, мотивациялык катта сизге университет эмес, сиз университетке керек экениңизди жазып, аларды ал университеттин дипломусуз эле ийгиликке жете ала турганыңызга ишендиришиңиз зарыл. Сиздин таржымалыңызда университеттин аты жазылса, университетке пайда алып келе турганын кыйытуу маанисинде билдирүү керек. Мындан тышкары, тапшыра турган университеттин окуу системасын жадыбалдай жатка өздөштүрүүзарыл.

Чет өлкөдө билим алуунун жолдоруТабылды Муратбеков: “Сынактан өтүп, Кытайда окуп жатам”
Учурда Кытайдын Син Цзянь педагогикалык университетинде окуп жаткан Табылды Муратбеков кантип окууга өткөнүн айтып берди.

— Кыргыз улуттук университетинен Шанхай кызматташтык уюмунун бир жылдык программасы менен келдим. Окуу жайыбызга атайын квота бөлүнгөн экен. Сынак аркылуу тандап алышты. Бул программада жол акысын, визаны студент өзү төлөйт. Ал эми окуу, жатакана акысыз негизде. Мындан сырткары, айына 3000 юань (500 доллар) стипендия берилет.

Кандай кыйынчылыктар болот?
Өзгөчө окууга тапшырууда тоскоолдуктар өтө эле көп. Виза алуу, каражат жана башка толгон-токой маселелер студентти чарчатып салышы мүмкүн. Ушул себептерден улам канчалаган кыял-максаттар ишке ашпай калууда. Мына ошолорду кыйгап өтүүгө үндөгөн Нурбек Жаанбаев аттуу журтташыбыз Чехиядагы Айыл чарба университетин артыкчылык менен бүтүргөн. “Эч нерседен коркпогула, мүмкүнчүлүктөр аябай көп, умтула бериш керек. Он окуу жайга тапшырсаңар, бирөөнө сөзсүз өтөсүңөр” деп ынандырат Нурбек.

Чет өлкөдө билим алуунун жолдоруСагындык Эмилбек уулу: “Чет өлкөдө окуш үчүн TOEFL жыйынтыгы болуш керек”
Мындан тышкары, Улуу Британия мамлекетинин “Chevening” стипендиялык бир жылдык программасы менен учурда Ридиң университетинде (University of Reading) окуп жаткан Сагындык Эмилбек уулу өзү өткөн программага тапшырууда кандай талаптар коюларын айтып берди:

— Алгач талапкер он-лайн түрүндө эссе жазат. Анда кесиптик планды, Англияда билим алуунун максатын, лидерлик жөндөмүң жана кесиптик тажрыйбаларың жазылышы керек. Эсседе Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн өзүңдүн маанилүү экениңди окурманды (программанын калысын) ишендиргендей жазышың керек. Мындан сырткары, сунуштоочу кат жана таржымал талап кылынат. Ошондой эле чет өлкөгө окууга өтүү үчүн студентте сөзсүз түрдө TOEFL же болбосо IELTS (англис тилин жогорку деңгээлде билгенин тастыктаган сертификат) жыйынтыгы болуш керек.

Жыйынтык
Корутундулап айтсак, бүгүнкү алган билимиң бүгүн эле эскирүүгө учураган коомдо мезгил менен жарышып, билимдин артынан сая түшүү учурдун айныгыс акыйкаты. Буга кошумча, чет жерде окуу бир гана билим өздөштүрүү эмес, ал башка элдин маданиятын, улуттук таалим-тарбиясын, өнүгүүгө карай багытын баамдап, сезүү жана “электен өткөрүү” дегендик. Эң негизгиси, белгилүү мерчемде көз карашты өзгөртүүгө белсенгендик. Өткөн жылы Кыргызстанга келген япониялык дүйнөнүн каратэ боюнча 6 жолку чемпиону Манабу Муракаминин “Үйдү көрүү үчүн үйдүн сыртына чыгыш керек” деген кебинде өз өлкөңдү таануу үчүн башка өлкөгө чыгуу зарыл деген терең философиялык оюн айткан. Ал эми бул жаңы жетилип келе жаткан жаш муунду мыкты жашоо тажрыйбасына ээ кылаары анык.

Жанара Каденова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты