Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?

Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?“Президенттикке ат салышкан 13 талапкердин кимисин колдойсуз?” – деген собол  менен көчө аралап, элден сурамжылоо жүргүздүк.  Сурамжылоого катышкан жарандар 1ден 10го чейин упай бериши керек. Анын жыйынтыгын сиздер бул  таблицадан көрүп турасыздар.

Калыйнур Калмурза уулу, магистратура студенти: “Бабанов жетилген саясатчы, Жээнбековдун реакциясы жай”

—Шайлоочулар президенттикке аттанган талапкерлерди   ѳз түшүнүгүнүн  мүмкүнчүлүгүнѳ жараша тандап жатат. Себеби талапкерлердин арасынан чыныгы амбициялуу реформатор лидер жок. Ѳлкѳнү түп тамырынан ѳзгѳртүп, керемет жасап жиберчү лидерди кѳрүү мүмкүн эмес. Бир дагы талапкердин алдыда  ишке ашыруучу реалдуу чындыкка коошкон программасы жок. Мурунку эле эски салттагы эски убадалар. Азыркы шайлоодо талапкерлердин ортосунда  эки тараптын гана   күрѳшүү жүрүп жатат. Тактапайткандачыныгылидердитандооүчүншайлооболупжататдепатоогоболбойт.

Бабанов буга чейин примьерлик кызматка  чейин жеткен жетилген  саясатчы. Бир топ жакшы иштерди жасап, коррупциялык жолдорго бѳгѳт койгон. Анын артыкчылыгы иштин кѳзүн жакшы билгени. Эгер элдин кызыкчылыгын ѳзүнүн ишин жасагандай ѳтѳп берсе ѳлкѳнүн ѳнүгүшүнѳ чоӊ салымын кошмок. Ал  эл аралык маанилүү маселелерди чечүүдѳ ѳз позициясын билдирүүгѳ жѳндѳмдүү. Мен ага 9 деген баа берем.

Ал эми Жээнбеков бардык тепкичтерди басып ѳткѳн, карт саясатчы. Ѳлкѳ эмнеден аксап жатканын калктын арасындагы кѳйгѳйлѳрдү беш колдой билет. Бирок андай маселени чечүүдѳ  реакциясы абдан жай.  Атамбаевдин саясатын улантам деп азыр айтканы бар. Бирок ким билет, бийлик колуна тийсе ѳз саясатын улантып кетиши  деле мүмкүн. Мен ага да 9 деген баа берем. Жаңы гана президенттикке аттангандарга баа берүү азырынча кыйыныраак.

Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?Рахманберди Ташбалтаев, ашпозчу: “Чыныгы лидерлер бул шайлоого аттанган жок”

Бул шайлоо — азыркы бийликтин күчүн сактап калуу же кулатуу.  Мындай маанайды азыркы талапкерлердин бийликке каршы биригип жатышынан түшүнсѳк болот. Чыныгы мамлекеттик лидерди тандоо деп азыркы шайлоону айтууга мүмкүн эмес. Кыргызстанды башкаруучу чыныгы лидерлер бул шайлоого аттанган жок. Себеби, бизде «таза шайлоо» азыр калыптана элек. Ким айта алат азыр шайлоодо бир да талапкер акча тараткан жок же бир да шайлоочу акча алган жок деп. Азыр президенттикке 13 талапкер аттанды. Алардын айрымдарын биз эми гана тааныдык.

Гүлжамал Жумадилова, чач-тарач: “Мадумаров советтик мезгилди сагынып турат”

Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?

Мадумаров өзү эски көз караштагы адам. Анын сөзүнөн эле советтик мезгилди сагынып турган адамды элестетсе болот. Прогрессивдүү адамдар же өзүнө өзү ишенген, алдыга умтулгандар Бабановду колдойт. Мадумаров деген социалист, ал ишкерлерди, экономиканы жаман көрөт, Бабанов болсо экономикага жана бизнеске көңүл бурчу адам. Ошентип, Мадумаровго 4, Бабановго 10 деген упай берем. Бакыт Төрөбаев менен Бабановдун биригүүсү туура кадам. Шайлоого өз алдынча барса деле жакшы болмок, бирок эми Бабанов менен бириккенден кийин туура иш кылды деп эсептейм. Төрөбаевге – 8 упай. Сариев коррупционер болуп калганы жаман болду, ага 6. Калган талапкерлердин атын деги уккан эмес экенмин, андыктан аларга 0 деген баа берем.

Нурбек Чыныгулов, күзөтчү: “Жанар Акаевге добушумду бермекмин”

Мен  Жанар Акаев деген жигитке добушумду берер элем. Тилекке каршы, ал жаңыдан гана багалчагы катып келе жаткан убагы. Азыркы жарышка киргендер сазга батып калган эски саясатчылар, мындан он жыл мурда деле ошол саясатчылар эле. Азыр деле ошолор. Тажадык мындай жолдон. Аз айлык акыдан, коррупциядан, мигрант болуудан тажадык.

Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?Анара Керимкулова, экономист: “Темир Сариевди тандайбыз, бирок аны түштүктө колдобосо керек”

—Талапкерлердин ичинен мага жана менин үй-бүлөмө Темир Сариев гана жагат. Биз ага 10 деген баа беребиз. Шайлоону канча калчайлы, ойлонолу, бирок Сооронбай Жээнбековду түштүк тарап шайласа керек. Ал эми түштүк түндүккө салыштырмалуу көптүк кылат. Биз кыргыздар өз жердештерибизге баарынан мурда добуш берип көнүп калганбыз. Арслан Малиев, Токтайым Үмөталиева, Улукбек Кочкоров, Таалатбек Масадыков, Бекназаров, Ташиевдер эмне себептен бул жарышка аттангандарын түшүнбөй турам. Алардын баарына 1 деген упай берем.

Калмат Данияров, жеке ишкер: “Резюмеси үчүн талапкер болушкан окшойт”

Талапкерлердин саны 13 болгону менен, менимче, негизги так талашуу оюну төртөөнүн гана ортосунда болот го. Алар: Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев жана Темир Сариев. Төрөбаев менен Бабанов бириккенден кийин үчөөнүн ортосунда деп айтса болот. Бирок Мадумаровдун да тарапташтары бар экендигин байкаса болот. Бул беш талапкерге 9 баллдан берем. Ал эми калгандары “эң башкысы жеңиш эмес, катышуу” деген ураан менен жарышка чыгып алгандай сезилет. Өздөрүн көрсөтүү максатында же резюмесине “президенттикке талапкер болгон” деген жазууну кошуу үчүн катышкандар окшойт. Таалатбек Масадыковдун биографиясын карап көргөнүмдө эл аралык уюмдарда иштегенин көрүп, Кыргызстандын тышкы саясатын жакшыртабы деген үмүттөнөсүң. Бирок аны өтө аз адам гана тааныйт. Анын талапкер болгонуна эле таң калып отурам.

Жусупбекова Бермет, тарбиячы: “Атамбаев кайрадан президент болсо жакшы болмок”

Алмазбек Атамбаев кайрадан президент болсо жакшы болор эле. Ага беш эле жыл берилип калды. Беш жыл ичинде эмнеге жетишмек эле? Азыркы талапкерлердин ичинен ылайыктуусун эч көрбөй койдум. Сооронбай Жээнбеков жакшы саясатчы болушу мүмкүн. Бирок эл аралык деңгээл үчүн өтө жупуну болуп калат. Ага 7 упай берем. Өмүрбек Бабанов  бизнес кишиси. Ага 7 балл. Калган талапкерлерди колдогум келбейт, андыктан баарына 3төн упай берем.

 Калийпа Урманбетова, соодагер: “Сариев тууралуу жаман сөз уга элекмин”Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?

Кыргызстандагы шайлоодо Россияга ылайыктуу талапкерлер гана жеңип чыгат. Россиялык эксперттер Кыргызстанда президенттик байгеге катышкандардын көзгө көрүнүктүүлөрү Россияга караштуу экенин белгилешти. Бабанов Казакстандын, Жээнбеков Россиянын колдоосуна ээ деп элдер айтып калышат. Канчалык чын экендигин ким билет? Бирок талапкерлердин тарапташтары бири-бирин аша чегип жамандап жаткандыгы капа кылат. Балким, кара пиар дагы пиар деп жатышса керек. Жакында эле бир кошуна эже айтып калды, Мындан Сариев жөнүндө жаман сөз уга элекмин. Токтоо келип, жылмайган Сариев президент болуп калса жыргатар беле, ким билет. Азыр чынын айтсам, кимге шайласам деп баш катып турат. Бир карап такыр шайлоого баргым келбей кетет. “Кайда барсаң мамайдын көрү” дегендей, кайсынысы келсе да баягы эле жеп-ичип жүргөн чиновниктер. Андан көрө, тынч эле оокатымды кыла берем, шайлоого барбайм, упай да бербейм.

Регина Мирзоян, тигүүчү: “Шайлоого катышпайм, ишенбейм”

Мен башында жетимиштен ашык талапкер болот экен деп коркуп кеткен элем. 13кө чейин түшкөн турбайбы. Чынын айтсам, телевизордон талапкерлердин программаларын кээде көрүп калабыз. Бирок эмнегедир ишене албай жатам. Ошондуктан ар бир шайлоо болгондо башым тынч болсун деп эч жакка барбайм, билгим да келбейт эмне болуп жатышкандыктарын. Биометриканы да берген эмесмин, шайлоого катышпайм го. Баары өздөрүнчө азаматтар, баарына 5.

Руслан Мирзоян, сантехник: “Канча акча сарптап жатышат”

Мен Сооронбай Жээнбеков мыкты талапкер деп эсептейм. Акыркы жылдары саясатта, башкарууда ал чоң тажрыйбага ээ болгонсуйт. Эч бир оңдолбогон кычык-пычык жолдордун баары оңдолуп, улам жаңы нерселер шаарыбызда ачылды. Иште өзүн көрсөтө билди дейм, ага 10 упай. Бабанов бизнесмен экен. Кандай башкаруучу экендиги тууралуу маалыматым жок. Ага 7 деген баа берем. Калгандарына 5тен упай бердим, бул жарышка да чыгыш оңой эмес, канча акча сарптап жатышат.

Разия Алимкулова, үй кожойкеси: “Текебаевге гана 10 упай бермекмин, бирок ал катышпай калбадыбы”

Мен Өмүрбек Текебаевге гана 10 упай бермекмин, бирок ал катышпай калбадыбы. Ал канча жылдан бери оппозиционер болуп, ар бир бийликке каршы туруп келди. Ал эмне кылды дешет экен элдер. Ал депутат гана болгон, аткаруу бийлигинде болгон эмес го дейм. Бирок президент болуп шайланганында балким өлкөнү өнүктүрмөк. Чынчыл, бетке айта алган саясатчылар бийликке келсе кандай сонун болот эле. Азыркы талапкерлердин кээ бири өлкөнү сатып кетет го деп ойлойм. Президент болгондо эле жылт этип чыга калышты. Мурда кайда эле алар?

Мээрим Самиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты