Курулуштагы 3D принтер

Курулуштагы 3D принтер3D принтер деген эмне?

3D принтер деген санариптик 3D моделинин негизинде физикалык объектти кат-каты менен басып чыгаруучу перифериялык жабдуу.  Перифериялык жабдуу дегенибиз — компьютерге маалымат берип жана андан маалымат алып туруучу аппаратура.  Башкача айтканда, мында курулушчулар курулуш материалын ташып, куюп, кынап убара болбостон, аларды 3D принтерге жүктөп койсо, компьютер тиешелүү программанын негизинде курулуш материалын кат-каттап чыгарып, өзү там салып коет.

Сандардын тили менен:

2014-жылы курулушта ири жаңылык болуп, үйлөрдү 3D принтеринин жардамы менен кура башташкан.

Кытайдагы WinSun деп аталган компания 24 саатта 3D принтери менен он тамды курган. Андан кийин беш кабаттуу үй жана чоң үй курган.

Түштүк Калифорния университетинде бир суткада 250 чарчы метр келген тамды курган эң чоң  3D принтер сыноодон ийгиликтүү өткөн. 

2015-жылы Россияда да өнөр жайына 3D принтери сунуш кылынган.

2016-жылы дүйнөдө биринчи жолу  3D принтери курган  Dubai Future Foundation офиси пайда болгон.

2017-жылы Россияда, Москва алдындагы Ступинодо биринчи жолу 3D менен салынган үй пайдаланууга берилген.

Ал эми Америкадагы ApisCor компаниясы 3D принтеринин жардамы менен бир сутка ичинде 38 чарчы метр келген үй курган. Ал үйдүн курулуш материалы 175 жылга чыдамдуу келет. Мындай үйдүн баасы 10 134 доллар турат.

 Бизге 3D принтер качан жетет?

Дүйнөдө курулушту алеки саатта бүтүргөн ыкмаларды окуп, биздеги курулушКурулуштагы 3D принтер компаниялардын жетекчилерине кайрылдым. “Имарат курулуш” компаниясынын директору, КР эмгек сиңирген курулушчусу Бейшенбек Иманалиевге суроо бердик.

—Бейшенбек Султанович, биздин курулуш компаниялары дүйнөдөгү курулуштун жаңы технологиясы 3D ыкмасы тууралуу эмнелерди билет?

—Ооба, дүйнөдө биз укпаган-билбеген жаңы ыкмалар чыгарылып жаткандыгы тууралуу интернет булактарынан окуп-билип жатабыз. Россиянын айрым курулуштарында андай ыкмалар колдонулуп жатат. Бирок Кыргызстанда 3D ыкмасы колдонула элек.

Биздин курулуш компаниясы адаттагы эле ыкма менен, курулушчулардын түздөн-түз жардамы менен иштейт. 18 жылда биз кесипкөйлүгүбүз менен алдыга озуп чыга алдык. Бизде 1-2 деңгээлде деген лицензиябыз бар.

Жаңы технологиянын иштөө шарттары тууралуу жаштардан, айрыкча маалыматтык технология адистеринен кеңеш алсаңыздар туура болот.

Ал эми сөз кезеги келгенде, биздин компания тууралуу бир ооз айта кетейин. Биз 2-деңгээлдеги бардык обьекттерди долбоорлойбуз, 1-деңгээлде капиталдык курулуш менен алектенебиз, темир-бетон конструкцияларын монтаждайбыз, ички-сырткы инженердик түйүндөрүн тартабыз. Жылытуу системасын монтажы менен алектенебиз. Курулуш техникасын ижарага беребиз.

Ал эми биз иштегенден сырткары заманбап технология бизге жетсе, андай кызмат көрсөткөн адистерди да тартабыз. Турмуш бир орунда токтоп турбайт да, баары өсөт, өзгөрөт. Курулушта дагы жаңы ыкмалар кирип жатат. Эгер курулуштагы жаңы ыкмалар турмушка кирип калса, жакшы болмок.

 Тажрыйба кантип топтолду?

Курулуштагы 3D принтерКурулуштагы 3D принтер ар кандай имараттардын конструктордук элементтерин, чакан архитектуралык формаларды түзө алат, башкача айтканда чакан архитектуралык формаларды кат-каттап принтерден даяр кылып чыгарат. Принтерге боек куйгандай эле, курулуш материалдарын куюп, андан кат-катталган даяр продукциялар басылып чыгарылып турат.

Кадимки эле 3D принтерден ал курулуш принтеринин айырмасы — ал курулуш объекттерине орнотулат дагы, цементти куюп чыгара баштайт.

Россияда курулуштагы 3D принтерди СпецАвиа фирмасы пайдалана баштады.

НТВ каналынын сюжетинен: Келечектин технологиясы

Москва областында келечектин технологиясын өздөштүрө башташты. Жергиликтүү ойлоп табуучу 3D принтер ойлоп чыгарып, үйлөрдү курбай эле принтерден басып чыгарууну көздөгөн. Бул курууга тандалган жер кандай болбосун, өңгүл-дөңгүл болсо да, бир сутка ичинде бетон там куруп коюуга болот. Мында курулуш бригадасы менен иштеген прорабдын да кереги жок. Үйдү курганда болгону эки адам иштейт. Анын бирөө компьютерде отурат, экинчиси курулуш материалдарынын берилишин карап турат.

Там куруп жаткан кезде адаттагыдай прораб жумушчуларды урушпайт, жумушчулар прораб тууралуу анекдот чыгарбайт, ал эми коңшулар курулуштагы чуру-чууга арызданышпайт. Мында оператор олтуруп алып гана 3 D принтеринин системасына санариптик моделди жүктөп коет. Долбоорду басып чыгаруу үчүн кадимки эле принтерди баскандай, басып иштетип коет. Ал болсо курулуш материалын жүктөп, кат-каттап чыгара берет да, аны объекттерге жөнөтүп, үй курулуп чыга берет. Кадимкидей эле жер төлөсүнөн баштап, шыбына чейин курулат.

Дмитрий Каравенкин, 3D принтеринин оператору:

“Үйдү курбай эле, принтерден басып чыгарып коесуң”

“Аябай кызыктуу жана таң каларлык. Бир күндүн ичинде өзүң каалагандай формадагы курулушту куруп кое аласың”

Ооба, бул апыртылган сөз эмес. Эртең менен ээн талаага эле принтерди алып келип, кечинде тамды куруп коесуң. Ал түгүл курбай эле басып чыгарып коесуң. Курулуш материалы 3D принтерине автоматтык түрдө берилип турат. Аны ал өзү эле, курулушчуларды аралаштырбай эле материалды аралаштырып алат да, кат-каттап чыгарып, тамды кура берет. Курулган там кургаш үчүн 20 саат керектелет. 20 сааттан кийин аянты 38 чарчы метр келген там даяр!

Бул автоматташтырылган портативдик 3D принтерди Никита Чен-юн-тай ойлоп чыгарган. “Дүйнөдөгү мындай 3D принтерлер цехте гана иштейт. Анда курулуштун айрым-айрым деталдары басылып чыгып, анан курулушка алынып келет. Аны ташууга да чыгым кетет, убакыт да кетет. Бул панель курулушуна окшошуп кетет” дейт.

Булардыкы болсо курулуштун өзүндө жайгашкан. Никита бул мобилдик принтер – курулуштагы революция экенин айтат. Курулган там дээрлик блок боюнча курганга караганда 65 пайыз арзан” дейт.

 3 D принтердин өзгөчөлүгү эмнеде?

Мобилдик принтер—бул өз алдынча ишке кирүүчү “күжүрмөн” техника. Тиешелүү жерге чейин жеткирип орнотулуучу, убакытты жана күч-кубатты үнөмдөгөн машина. Тапшырылган ишти 100 пайыз аткарат.

Бул принтерди ишке жалдап, сиз жумушчу күчтөн, эмгек акыдан, башка курулуш техникасынан  үнөм кыла аласыз. Ошондой эле курулуш таштандыларынан арыласыз..

Бир принтер курулушчулардын бир бригадасын алмаштыра алат, курулуштун сапатын төмөндөтпөй туруп, курулуштун мөонөтүн жана баасын арзан кыла алат.

Курулушту принтердин жардамы менен куруу

Арзан, экологиялык жактан таза келет жана жумушту тез бүтүрөт. 2000-жылдардан баштап Америкада, Кытайда жана башка өлкөлөрдө курулушта 3 D принтери активдүү колдонула баштады.

Айбек Стамалиев, Кыргыз мамлекеттик курулуш жана транспорт университетинин курулуш институтунун кафедра башчысы:

“Жаштардын арасынан маалыматтык-технология адистери чыгып жатат, баарын алар билет”

—Айбек Керимович, сиздер курулуштагы 3D принтер тууралуу эмнени билесиздер?

—Интернет айдыңынан дүйнөдө болуп жаткан техникалык бурулуштарды окуп жатабыз. Келечекте эң сонун жаңылыктар чыгып, кеңири жайылганы турат. Биздин окуу жайды бүтүргөн жаштардын арасынан чыккан адистер келечекте ошондой техниканы башкарып калат деп ишенсек болот.

 

Тимур Шарапиев, Кыргыз мамлекеттик курулуш жана транспорт университетинин бүтүрүүчүсү:

“Жаңы технология акырындап бизге да жетет”

—Курулуштагы дүйнөлүк заманбап ыкмалар тууралуу маалымат алып, жалпысынан алардын мындай артыкчылыктарын айтсак болот.

  1. Үйдүн шыбы, дубалдары тегиз болот.
  2. Курулуш жүрүп жаткан жерде таштанды болбойт.
  3. Дубалдын калыңдыгы менен формасын өзүңүз тандайсыз.
  4. Көп камералуу дубалдар кышында жылуулукту сактап турса, жайында салкын келет.
  5. Мындай үйгө климаттык шарттар таасир бербейт.
  6. Кадимки үйлөрдөн баасы бир кыйла төмөн.
  7. Эгер кааласаңыз дубалды башка материалдар менен өтө жылуулап алсаңыз болот.

Азыр АКШда, Европада, Россияда мындай курулуш ыкмасы активдүү жүрүп жатат. Ал ыкма сыноодон кеңири өткөндөн кийин бизге да жетпей койбойт. Бир күндө там салып, бүтүрүп кирип алар күндү өзүм да самап келем. Анткени кадимки эле курулуш материалдарын колдонуп, үй салып жатам. Бул абдан машакаттуу жана каражатты көп талап кылуучу маселе экен. Эгер жаңы технология бизде болсо, сөзсүз аны колдонмокмун.

Суроо салган Курманбек Насирдин уулу

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты