Детектив жалдагыңыз келеби?

Детектив жалдагыңыз келеби?Шерлок Холмс, Эркюль Пуаро, Мисс Марпл сыяктуу детективдик китеп жана сериалдардын каармандарын ким гана тааныбайт. Алардын курч акылы, дедуктивдик ыкмасы жана эр жүрөк мүнөзү кимди гана суктандырбайт. Детективдердин иши сырдуу жана романтикалуу.

Бирок чыныгы турмушта детективдик агенттиктердин турмушу кинодогудан кескин айырмаланат. Бирок кызыктуулугу жагынан алардан эч бир калышпайт. Жекече детективдик иш, кызыктуу кардарлар, иликтөөлөр, детективдердин өлкөдөгү абалы жана орду тууралуу “Верум-Истина” детективдик агенттигинин башкы директору Русланбек Умаров менен маектештик.

Русланбек Умаров, “Верум-Истина” детективдик агенттигинин башкы директору:

“Орто Азия боюнча Кыргызстанда гана детективдик ишмердүүлүк толук кандуу ишин жүргүзө алат”

Мурдагы финансы полициясынын подполковниги, көп жыл бою мамлекеттик тартип сактоо кызматтарында эмгектенген, чалгын-оперативдик иштердин көзүн билген Русланбек Умаров отставкага чыгары менен дароо көп ойлонбой жекече детективдик агенттик негиздеген. Учурда Русланбек дүйнөлүк детективдер коомчулугунун мүчөсү жана Кыргызстандагы детективдик ишканалар ассоциациясынын президенти.

“Аялынын же күйөөсүнүн көзүнө чөп салууну текшерүү детективдердин эң эле жаман көргөн иши”

— Акыркы кызматымдан отставкага кеткенимде эмне менен алектенсем деп ойлонуп, эң эле жакшы билгеним, иликтөө, оперативдик иштер экен. Мындан эки жыл мурун жекече детективдик агенттик ачтык. Бул иште мурдагы мамлекеттик кызматтарда аткара  турган ишибизди эле кесипкөй деңгээлде жасайбыз. Айырмабыз — аткарылган иштер коомчулукка жарыяланбайт. Себеби, ар бир кардар менен жеке келишим түзүлүп, ортодогу купуялык жүз пайызга сакталат. Кардардын өтүнүчү менен гана чогултулган маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга берилет. Кайсы бир кардардын биздеги маалыматтары, материалдары бир суткага гана бизде сакталып, андан соң бардыгы өчүрүлөт. Демек, биздин агенттикте өз кардарларыбызга зыян келтирүү максатында компромат чогултуу, сактоо деген маселе жок.

Жекече детективдик агенттик дегенде эле коомчулукта алгач көзүнө чөп салган жубайын ачыкка чыгаруу максатында тыңчы жалдаган аялдын образы, жупту аңдып сүрөткө тарткан детектив же адам өлтүрүүнү иликтеген шапкечен иликтөөчү көз алдыбызга тартыла түшөт.

Кыргызстандагы детективдик агенттиктердин иштери ар тараптуу, бизнес чөйрөсүнөн тартып, жоголгон адамдарды издөө, кайсы бир адамдын чет жердеги мыйзамсыз бизнесин ачыкка чыгарууга чейин барат. Туш келди детективдик агенттиктерге кайрылып, жеке жашоону ишенүүдөн мурда кардар алгач ал адам менен жолугуп, ишин иликтеп болгон соң, маселени ортого койгону оң. Ошондой эле, детектив менен сөзсүз түрдө жазуу түрүндө келишим түзүлүүсү зарыл. Мыйзам чегинде иштеген детектив эч качан бирөөнүн телефон чалууларын деталдаштыруу же телефонуна тыңчылык тиркемелерди, программаларды орнотпойт.

Аялынын же күйөөсүнүн көзүнө чөп салууну текшерүү детективдердин эң эле жаман көргөн иши. Себеби, бул чөйрөдө адамдардын жеке жашоосу каралат жана иш жаңжал менен коштолушу мүмкүн. Биз мындай иштерди албаганга аракеттенебиз. Эгер бул маселе менен кардарлар кайрылса, колубуздан келген кеңешибизди акысыз айтабыз. Жөнөкөй мисал келтирип кетейин, аялы күйөөсүнөн шектенип, көзүмө чөп салып жатат деп ойлосо, жөн гана дүкөнгө барып, кадимки диктофон сатып алсын. Диктофондо manual деген режим болот, ага ылайык адамдар сүйлөшүп жатканда үндү жазып, тынчтык орногондо жазуу токтоп калат. Ошол диктофонду 3-4 күнгө жолдошунун унаасына билгизбей салып койсо, агенттиктерге акчасын сарптабастан өзү текшерип алат. Ошондой эле, кайсы бир кардар өз жубайынын чынчылдыгын, берилгендигин текшерүү максатында өз үйүнө видео орнотууну каалайт. Эң биринчи кезекте үй документтик түрдө кайрылган кишиники болушу абзел. Эгер аялы бизге кайрылып, бирок батир күйөөсүнө жазылган болсо, бул кызматты аткаруудан баш тартабыз. Ушул сыяктуу эле, бала багуучу, үй кызматкерлердин ишин байкоо максатында үй ээсинин суранычы менен профессионалдык монтажы бар видеобайкоо жүргүзөбүз.

“Өз балдарынын жүрүм-турумун текшерткиси келгендер бар”

—Үй-бүлөлүк иштер боюнча, акыркы убактарда бизге кардарлар өз балдарынын жүрүм-турумун текшерүү максатында кайрылышууда. Кайсы бир аша чаап эркелеп же көөп кеткен өспүрүмдүн ата-энеси баласы тууралуу маалымат чогултуп берүүбүздү өтүнүшөт. Мындай маселе менен күч органдарына кайрыла албайсың, тааныш-досторго кайрылуудан уяласың. Өспүрүмдүн кайда, ким менен эмне кылып жүргөнүнөн баштап, анын сүйүктүү тамекисине чейин так, жашыруун, оперативдүү маалымат чогултуп беребиз. Өз ишибизди өтө профессионалдык деңгээлде аткаргандыктан, эч ким эч нерсе шексинбейт. Дагы бир үй-бүлөлүк мисалдардан, сот чечими боюнча ажырашкан соң бала энеси менен калышы керек деп коелу. Бирок атасы баласын алып качып кетти, балким чет өлкөгө чыгып кетти. Биздин милдет ата-баланы таап, мыйзамдын негизинде энесине кайрып берүү.

“Басымдуулары бизнести коргоо менен байланышкан”

—Кыргызстандагы детективдик агенттиктердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн басымдуу бөлүгү бизнести коргоо менен байланышкан. Мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн катарына потенциалдуу бизнестин укуктук жагын кароо, контрафакт өндүрүмдөрдү ашкерелөө, болочок өнөктөштөрдүн аброюн текшерүү сымал өтүнүчтөр кирет. Айрыкча, чет жерден кардарлардын Кыргызстандагы бизнес өнөктөштөрү тууралуу маалымат алуу кызматы популярдуу болгондугу айтылат. Мындай учурда кардардын болочок өнөктөшүнүн салык төлөмдөрү, соттолуп же соттолбогону, киреше-чыгашасы, тиешелүү документтер мыйзамдуу алынып-алынбаганы тууралуу маалымат жыйналат. Бирок детективдик агенттиктер кардарга кеңеш берүүдөн алыс туруп, кардарга далил, чыныгы фактыларды гана алдыга коюп келишет.

Бизнес чөйрөсүнө келсек, контрафакттык продукцияларды ашкерелөө кызматтарын көп көрсөтөбүз. Кытай менен чектешкендиктен, биздеги дээрлик бардык товарлар жасалма. Соңку кездери расмий деңгээлде шардана болуп жаткандай, дары-дармектин, базардагы продукциялардын, арак-шараптын жарымынан көбүн мыйзамсыз жолдор менен өндүрүлгөн, башкача айтканда, салык төлөнбөгөн өнүм ээлеп келет эмеспи. Кайсы бир товардын мыйзамдуу ээси базардан контрафакт фактыларын кармап алган учурда бизге жасалманын ээсин таап берүүбүздү өтүнөт. Калган бардык “ыплас” ишти өзүбүз кылып, колго түшүрүлгөнгө чейин коштоп барабыз.

Жана ошондой эле, кайсы бир чоң заводдо чоң уурулук фактысы катталды дейли. Видео байкоо, мыкты күзөтчү бар. Бирок уурулук, каракчылык токтогон жок. Балким, кайсы бир себептерден улам мындай кырдаалды завод ээлери укук коргоо органдарына кабарлагысы келбейт. Мындай иштерге биз өтө тыкандык менен киришебиз. Алгач, заводдун бир гана жетекчиси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Керек болсо, өз кишибизди агент же контрагент кылып заводго жумушка орноштурабыз. Уурулук, саткынчылык системанын бетин ачкандан кийин акырын, билгизбей ортодон жоголобуз. Бардык далилдер жетекчинин колунда болот. Куулук, кылмыш ишин көзү менен көргөн заводдун башкаруучусу мындай жумушчуларды жаңжал чыгарып иштен куубастан, уюшкан топ болсо, бирин башка филиалга, экинчисин дагы бир филиалына иш которттуруп, кийинчерээк жумуштан алып коюшат. Кээ бир кайрылган чоң ишканалардын ээлери “биздин күзөтчүнүн жанынан чычкан да жөрмөлөбойт” дешет. Биз тобубуз менен “көзөмөлдөнгөн уурулукту” атайын уюштурабыз да, чымын эмес, тонналык өндүрүмдөрүн алып чыгып кеткенибизди далилдейбиз. Ошондо гана кардар корутундуну өз алдынча чыгарат.

“Детективдик иш кинодогудай эле, кызыктуу” 

— Детективдик иш кинодогудай эле өтө кызыктуу. Бирок купуялуулук сакталгандыктан, жеке иштерди тышка чыгарбайбыз. Бир жолу кызык окуя болгон. Болочок бизнес өнөктөшүн текшерүү максатында бир ишкер кардар кайрылып калды, анын ишин аткарып баштаганыбызда, дагы бир бизнесмен өз өнөктөшүнө маалымат чогултуп берүүбүздү суранып калды. Көрсө, 2 ишкер бири-бирине өнөктөш экен.

Дүйнөлүк детективдер ассоциациясынын эрежесине ылайык, бир да детективдик агенттик мамлекетке жана мамлекеттик кызматкерлерге каршы иш алып барбашы керек. Андыктан агенттиктер саясатка кийлигишпегенге аракет кылышып, анын ордуна алар менен бирге кызматташууну тандашат. Айрым учурларда мамлекеттик органдар жекече детективдердин кызматынан пайдаланган учурлар кездешет.

Дүйнөлүк аренада детективдик кызматты көрсөткөндөр мурдагы ФБР, ЦРУ сыяктуу атайын кызматта иштегендер. Дүйнөлүк кызматташуунун негизинде Бишкекте отурган мен жер жүзүнүн бардык өлкөсүндө жайгашкан кесиптештеримдин кызматынан колдоно алам. Кайсы бир адамдын оффшордук же мыйзамсыз чет өлкөдөгү мүлкүн иликтөөгө мамлекеттин чамасы жетпейт. Мындай жагдайда дүйнөнүн төрт бурчундагы кесиптештерим менен байланышып, алардын кызматынын наркын сурап, мындай мүмкүнчүлүктү уюштуруп берем. Тилекке каршы, мамлекеттик органдар бул маселе боюнча бизге кайрылышпайт. Балким, өздөрүнүн алсыздыгын көрсөткүсү келбестир. Бирок биз чет жердеги коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарышыбыз кажет. Маселен, Түркиядагы кайсы бир кыргызстандык байдын мал-мүлкүн текшерүү үчүн мамлекет расмий түрдө түрк бийлигине кат жолдойт. Алар андай маалыматты кааласа берет, каалабаса бербейт. Жооп келгичекти жарым жыл өтөт. Биздин ыкмалар менен өтө ылдам, кесипкөйлүк менен маалымат алса болот.

“Верум-Истина” детективдик агенттигинде жыйырмадай киши эмгектенет. Алар кардардын тапшырыгына ылайык келип иштешет. Детективдик ишти аркалай тургандар директордун чукул көзөмөлүнөн өтүп, чоң тажрыйбага ээ, көрүнбөс боло алган, чукул кырдаалдарда тез чечим кабыл ала билген, ар кыл ролдорду аткара билген, психолог жана жогорку квалификациялуу чалгынчылардан болушат. Иш акысы жогору, кээде күнүнө 100 доллардан алышат. Кээ бир тапшырыктар 3 күндү талап кылса, кээ бир тапшырыктар жарым айга созулат.

Кызмат көрсөтүүлөрүбүз кардардын буга чейинки чогултулган маалыматына жараша болот. Эгер маалыматтын баары чогултулуп, жөн гана ырастообузду кааласа арзанга түшөт. Кайсы бир адамды байкоо, ал тууралуу маалымат чогултуу кызматы бир күнгө 150-300$. Завод, фабрикалардагы контрафактыларды ашкерелөө иштери 5000$га чейин жетет. Кызмат көрсөтүүнүн баасы тапшырыктын стадиясына карата бычылат.

Өлкөдө детективдик агенттик катары катталгандардын саны 10-15. Адатта детективдик агенттиктердин кызматы мамлекет тарабынан баркталбайт. 2014-жылынан тарта детективдик лицензия алынып тышталган. Мамлекеттик маалымат базаларынан колдонуу мүмкүнчүлүгү жок. Айрым учурларда жеке детективдерди мамлекеттик органдар атаандаш катары караган учурлары кездешет. Бирок ошого карабастан, Орто Азия боюнча Кыргызстанда гана детективдик ишмердүүлүк толук кандуу ишин жүргүзө алат.

Мээрим Самиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты