Акыйкат шайлоо үчүн!

Акыйкат шайлоо үчүн!19-сентябрда “Акыйкат шайлоо  үчүн” аттуу кыймылдын биринчи жыйыны болуп өттү. Бул кыймыл 12-сентябрда түзүлүп, адегенде “Таза шайлоосуз таза коом жок” деп аталган. Бир катар сунуштардан кийин ал “Акыйкат шайлоо үчүн” деп аталышын өзгөрттү. Жыйынга Роза Отунбаева, Медеткан Шеримкулов, Феликс Кулов, Амангелди Муралиев, Абдыганы Эркебаев, Равшан Жээнбеков, Курманбек Осмонов, Рита Карасартова, Зайнидин Курманов, Кубат Оторбаев ж.б. катышты. Жыйынды Абдыганы Эркебаев алып барды.   Анда келаткан президенттик шайлоонун жүрүшүндөгү калпыстыктар, мыйзам бузуулар тууралуу  сөз болду.

Акылбек Сариев, БШКнын экс-төрагасы:

“БШК өзүнүн чегинен чыгып,  көп талаптарды коюп алды”

— Талапкерлердин чыр маселеси—президенттикке  талапкер болуп сунушталган Өмүрбек Текебаевдин тегерегинде жүргөнүнө  баарыбыз эле күбө болдук. Анын аягы эмне менен бүткөнїн жакшы билебиз. Борбордук шайлоо комиссиясы өз милдеттерин аткарбай, мыйзамды чектегенге аракет кылууда. Аткаруу бийлигинин органдары бул маселени түздөн-түз чечип кетти. Бул жат көрүнүш, анткени Конституция боюнча мыйзамды аткаруу БШКга жүктөлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин бул маселе ачык турат, анткени бул орган дагы акыркы чечимин чыгара элек.

Кийинки маселе—талапкерлердин кол тамга чогултуусу. Саясатчы Ахматбек Келдибековдун тегерегиндеги маселе. Бул жерде БШКнын чечими олдоксон болуп калды десек жаңылышпайбыз, анткени статусу боюнча  БШК 24 саат ичинде маселени чечкенге шарт коюшу керек болчу. Бирок негедир андай кылбай, ойлорун айтпай, ал кишиге кандайдыр үмүт берип,  анан  чечим кабыл алып койду. Конституция боюнча талапкердин  соттолгону боюнча талап жок, 62-беренеде президенттикке талапкер боюнча бир гана талап бар: ким президенттикке талапкер катары кол чогултса, ал талапкер болуп катталышы керек. Бул жобо күрөө маселесине да тиешеси бар. Келдибековдун маселесинде Конституцияда жок, бирок БШК конституциялык мыйзамды жетекчиликке алдык деп, соттолгондугу алынбагандыгы тууралуу  жобону жетекчиликке алып,  баш тартты. Тилекке каршы, конституциялык мыйзамды колдоно турган болсок, анда кол тамга чогултуу боюнча берене ал жерде мүчүлүштүк кетирүү менен жазылып калган. Мамлекеттик тилдеги расмий жазылышында кол тамга тууралуу сөз жок, башынан аягына чейин кол чогултуу болуп турат.  Эгер кыргыз тилди түп нуска катары алсак, анда колдорду чогултуп, кол менен эсептеш керек деген жобо турат. Анда болбой калмак. Кол тамгага келгенде БШК Конституцияны негиз кылып жатат, анткени анда кол тамга тууралуу жазылган. Мына ушундай айырмачылык болуп калган.

Кол тамга чогултууну талапкер катары көрсөтүлгөн күндөн баштап чогулта бериши керек деп мыйзамда жазылган. Бирок БШКнын күнөөсү—кол тамга чогултуу боюнча жолдомону шайлоо жарыяланган күндөн,  20 күн өткөндөн кийин гана кабыл алды. Бул талапкерге тоскоол болду.

Баарынан кызыгы — мыйзамда так жазылып турганына карабай, 52-беренеде БШКга кол тамгаларды чогултуунун тартибин аныктоону жолдогон. Бирок БШК өзүнүн чегинен чыгып кетип, жолдомого көп талаптарды коюп, жолдомого бир топ жоболорду илип, паспорттун көчүрмөсүн чогултуу  ж.б. менен талапкерлердин кол топтоо аракеттерин жокко чыгарды. Мыйзамдагы талаптарды айта кетсек, ал жерде эгерде ушул талаптар сакталбаса гана кол коюу барактары жараксыз деп табылсын деген. Башка эч кандай талап жок. Демек, БШКнын жолдомого кошумча талаптарды коюшу мыйзамга каршы келет. Андай кылбаш керек болчу, себеби мыйзамда кандай шартта кол тамгалар чогултулушу керектиги так жазылган. Бул үйдө, айылдан, жумуштан чогултулат деген талаптар коюлуп турганына карабай, бир гана  талап — паспорттук маалыматтарын чогултуш керек деген. Ошол себептен түшүнүксүз, туура эмес чечимдер кабыл алынды.  Тилекке каршы, БШК өзүнүн жолдомосундагы коюлган колду  туура эмес деп табуу боюнча жобону киргизип койгон. Чынын айтканда, тигил же бул кишинин колу өзүнүкү эмес деп эч ким айта албайт,  олтуруп алып туура эмес деп айтканга эч кимдин укугу жок.    Анткени  ар бир кишинин кол койгонуна өзү күбө болмоюн, эч ким айта албайт, эксперттер гана ушул кишинин колу деп тастыктай алышы мүмкүн.

Дастан Догоев,

КР Каттоо кызматынын башчысы:

“25-сентябрда шайлоочулардын тизмеси илинет”  

—3 млн 55 миң жаран биометрикалык каттоодон өткөн,  анын ичинен 2 млн  ашуун жаран шайлоочулардын тизмесине кирген. Азыркы убакта шайлоочулардын тизмеси тактоодон өтүүдө. 25-сентябрда шайлоо участкаларына көзөмөлгө алынуучу тизме илинет. Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан шайлоого 186 тренер, 500 техникалык адис даярдалган. Алар 9500 операторго көмөк көрсөтөт. Азыр операторлор окуудан өтүїдө. Тестирлөөдөн өткөн операторлор шайлоодо иштейт.  Идентификация системасында катачылыктар болгон. Азыр система тестирлөөдөн өтүүдө.

Роза Отунбаева, экс-президент:

“Талапкерлердин саясий программаларын талкууга алалы”

—Биз бүгүн талапкерлердин саясий программалары тууралуу билбейбиз. Алар президенттикке баратып, “элди жыргатам, суу чыгарып берем, кредиттердин  үстөк пайызын төмөндөтүп берем” деген сыяктуу убадаларды берип жатат. Ал эми президенттик кызматтын мандаты башка. Мына ушул жагына көңүл бурууну журналисттерге сунуш кылам.

Кубат Оторбаев, КР Акыйкатчысы:

“БШК ЖМКга карата кош стандартты колдонуп жатат”

—Талапкерлерди каралоо айрым ЖМКларда улантылып жатат. Бул тууралуу кайрылуулар түшкөндө БШК бир ЖМКга колдонгон чараны башкалары колдонбой жатат. Мисалы, “Чагылган” аттуу интернет баракча укугунан ажыратылды. Ошол эле кезде  ошондой эле иш жүргүзүп жаткан башка бир басылмаларга эч кандай чара көрүлгөн жок.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты