17-март: Боло турган окуялар
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 17-мартта, боло турган окуяларды тизмектей кетели.
17-марттан тартып, Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектиси- Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жабылат.
***
17-мартта милициянын отставкадагы генерал-майору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Бейше Молдогазиевди акыркы сапарга узатуу аземи Бишкек шаарында өтөрү кабарланды. Маалыматтарга караганда Бишкекте, Аалы Токомбаев көчөсү, 25, дарегинде саат 10:00дө.
***
17-мартта Бишкек шаарында жылытуу мезгили аяктайт.
***
17-мартта Кыргызстанда мектеп окуучуларынын жазгы каникулу башталып, 23-мартка чейин созулат. Сабактар 24-мартта башталат.
***
17-мартта Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети Улуттук илимдер академиясы жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт.
***
17- мартта Аксы окуясына 23 жыл болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан