Футболчу Назик

Футболчу НазикАтына заты жарашкан назик, жаш болгондугуна карабай, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасында чабуулчу катары көптөгөн ийгиликтерди багындырууга жетишкен, кумири Хамес Родригес сыяктуу командасындагы номери “10” болгон бүгүнкү каарманыбыз Назик Күмүшбек кызы.

Назик кичине кезинен эле футболго кызыга баштаган. Көчөдө футбол ойногон балдарга кошулуп алып ойночу экен. “Апамдын кыздар менен ойно дегенине карабай балдар менен ойночумун. Кийин “Азалия” кыздар командасынын мүчөсү болууга жетиштим. Бул кадамга барганымды көргөн жакындарым “футбол кыздар үчүн эмес, эркекке окшошуп каласың”,- деп каршы болушкан. Ийгиликке жетише баштаганымды көрүшүп, каршылык көрсөтпөй, тескерисинче, колдой башташты” деп эскерет Назик ал күндөрүн.

“Футбол кыз киши үчүн эмес” деген пикирлер менен ал макул эмес. “Кыздар үчүн футбол оор деп ойлошот, бул туура эмес. Кыйынчылык бардык жерде болот. Адам кыйынчылыктарсыз ийгиликке жете албайт деп ойлойм” дейт ал.

Жогорку командага киргенден кийин Назиктин бирден-бир кыялдарынын бири КыргызстандынФутболчу Назик кыздар курама командасына кирүү эле. Бул үчүн машыгууларды калтырбай, талбай эмгектенип отурат. 2015-жылы кыялы ишке ашып, натыйжада кыздар курама командасынын мүчөсү болот. 2015-жылы Кыргызстанда өткөн оюнда “Азалия” командасы менен чемпион болуп чыга келишкен. Андан сырткары, Шотландияда өткөн көчө футболу боюнча чемпионатта бул курама команда күмүш медалды багындырган. Кыргызстанга келери менен президент Алмазбек  Атамбаев резиденциясына чакырганы эсиңиздерде болсо керек. “Алгач ишенбей, бара жатканда абдан толкундандым. Ошентип, президентибиз менен бир сааттай отуруп маек курдук. Маек учурунда биз менен сыймыктангандыгын айтып, атайын белектерин тапшырды” дейт Назик.

Футболчу кыздын айтымында, учурда кыргыз футболу өнүгүү жолунда, өзгөчө эркектердин футболу. Кыздардын футболуна дагы көңүл бурулат, мыкты шарттар түзүлөт деген ниетте экенин жашырбайт.

Назик Испаниянын “Реал-Мадрид” командасынын, анын ичинде Хамес Родригес менен Рональдунун фанаты. Аталган команда боюнча бардык маалымат, жаңылыктарды билүүгө кызыгып турат. “Кыялым- “Реал-Мадриддин” оюнун жанынан көрүү. Келечекте чет өлкөдөн сунуштар түшө турган болсо, өзүмдү сынап көрмөкмүн” деп максат коет футболчу кыз.

Учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Спорт факультетинин машыктыруучулук бөлүмүнүн 1-курсунун студенти. Убактысынын көбүн футболго арнайт, мындан сырткары, англис тилин үйрөнүүгө кызыгат.

Гүлшайыр Сабырбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты