Самара Каримова: “Келечекте өзүмдү мыкты жетекчи, саясатчы катары көрсөткүм келет”

Самара Каримова: “Келечекте өзүмдү мыкты жетекчи, саясатчы катары көрсөткүм келет”Белгилүү ырчы Самара Каримовага КР эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды. Бул наам тууралуу маалымат тараары менен соцтармактын колдонуучулары ар кандай билдирүүлөрдү калтырып, кээ бири ырчы бул сыйлыкка татыктуу дешсе, айрымдары наам эрте берилгенин айтып нааразы болушкан. Ырчы айым менен бул сыйлыгы, алдыдагы пландары, чыгармачылыгы тууралуу маектештик.

— Сыйлыгыңыз кут болсун, Самара, алдыда чамдап иштейин деп атсаңыз керек…

—Рахмат, сыйлык алганыма абдан кубанып турган кезим. Бул өнөр адамы үчүн чоң сыймык, стимул экен.  Түнү бою уктабай ыр жаттап, кызыгуум абдан күчөдү десем болот. Албетте, бул сыйлыктын жоопкерчилиги да жогору. Мага болгон күйөрмандарымдын, кыргыз элимдин, агай-эжелеримдин ишенимин актаганга аракет кылам.

—Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп атат?

—Тынбай иштеп келем. Азыр үгүт иштерине  катышып жүрөм. “Жаша, кыргыз элим” аттуу ыр жаздырып атам, ага шайлоо бүткөндөн кийин клип да тарттырып баштайбыз. Жана да  Каныкей Эралиеванын “Ооба эсте” деген бир ырын даярдап атам, жакынкы арада ырдап чыгам. Булардан башка да жаңы ырлардын үстүндө иштөөдөмүн. Азыр бизде тыным жок, күз мезгили болуп тойго чакыруу көп, элибиздин жакшылыктарында кызмат кылып атабыз. Кудайыма шүгүр, жумуштан колубуз бошой элек.

—Тойдон тышкары да рекламаларга көп тартыласыз, сыр болбосо бир күнкү тапкан каражатыңыз канча?

—Кудайга шүгүр, жакшы эле төлөп беришет. Өзүмө жетет. Негизи биздин көшөгө артында тоодой жумуштарыбыз бар, тойлордон түшкөн каражатты ошолорго жумшайм, көйнөк тиктирем, ыр жаздырып, клип тарттырам деген сыяктуу. Алардан ашса балдарымдын тамак-ашы, тиричилик буюмдарга, башка майда-чүйдө нерселерибизге жумшайм.

—Келбетиңизге, узун чачыңызга суктангандар көп, кантип кам көрөсүз?

—Келбетиме ашыкча кам көрбөйм. Андай деле макияжга муктаж эмесмин, Сьемка учурунда, сахнага чыккан убакта гана макияж колдонбосом, күнүмдүк жашоодо чачымды өрүп, кашымды боеп эле чыга берем.  Кымбат баалуу, сапаты жакшы фирмалардын косметикасын колдоном. Убактым болуп калса чачыма маска коем, кадимки эле айран менен жууйм, жумуртка, оливка майы менен маскаларды жасайм. Даяр маскалар да жакшы жардам берет. Бетиме болсо үйдө болгон бадыраң, сүт, бал сыяктуу, эмне маска кылганга ылайыктуу болсо, ошону колдоно берем. Косметологго акча деле коротпойм. Корей косметикасына көп ыктайм. Кудайым кандай кылып жаратса ошол эле бойдонмун, эч жеримди түздөтүп, тегиздеткен эмесмин, бир гана кирпигимди өстүрүп алгам, күнүгө концертте, тойлордо жүргөн үчүн бул ыңгайлуу экен.

—“Сулайман Тоо” музейине жетекчилик кызматтан эмне себептен баш тарттыңыз?

—Эми өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жакшы да, жаман да сөздөр болду. Менде капачылык жок. Негизинен бул деле буйрук экен, ал жер мага п кылбаган, улуу эже-агалардын  сөздөрүн угуп, сынды туура кабыл алып, баш тарттым. Мен али жашмын, келечегим алдыда деп ойлойм. Буюрса, келечекте өзүмдү бир эле чыгармачылыкта эмес, мыкты жетекчи, мыкты саясатчы катары көрсөткүм келет. Мен ар тараптуу болгум келет, мунун баарын эми убакыт көрсөтөт дечи, аман болсок баары болот.

—Көралбастык, атаандаштык, сын көз карашты кандай кабыл аласыз?

—Атаандаштык болбосо өсүү, өнүгүү деген болбойт. Атаандашыңа карап түздөнөсүң. Мен жөнүндө айтылган ой-пикирлер жакшыбы-жаманбы, ал чыгармачыл адам болгондон кийин болуп турушу керек.  Демек, мен тирүүмүн, мен бармын. Демек, иштеп, алардын көзүнө көрүнүп атам, эң башкысы, унутулуп калбашым керек. Өнөр адамы болгондон кийин ак пиарбы-кара пиарбы, бул сөзсүз керек. Мен жана үй-бүлөм мындай нерсени түшүнүү менен кабыл алабыз.

—Акыркы окуган китебиңиз?

—Азыр түрк элинин бир китебин окуп атам, бүтө элекмин. Мен убагында Кыргыз-түрк “Манас” университетинде окуп жүргөндө түрк тилин жакшы өздөштүргөм. Бул тилди колдонбогондон кийин унутуп калат экенсиң, ошондуктан кайталап туруу максатында түркчө сүйүү тууралуу чыгарманы окуп атам.

—“Жылдыз” оорусу менен ооруган жоксузбу?

— “Жылдыз” оорусу менен буга чейин деле ооруган эмесмин, жөнөкөй эле адаммын. Кийин деле оорубайм деп ойлойм.

Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты