“Менталитетке туура келбейт”. Кыргызстанда көргөзмөнүн айынан чатак чыкты
- 5 лет мурун
- Баяндар
Бишкекте активисттер заманбап искусство аркылуу аялдардын укугунун бузуулуусуна коомчулуктун көңүлүн бурууну чечишти. Дагы башка активисттер — улуттук маданияттын жана салттын коргоочулары буга каршы чыгып, көргөзмөнү жабууну талап кылышты.
Макаланын түп нускасы Cabar.asia аналиптикалык порталында.
27-октябрда Бишкекте маанисине биеннале (заманбап искусство фестивалы) менен феминизм идеясын бириктирген көргөзмө Кыргызстанда биринчи жолу өттү. “Багуучулар. Экономикалык эркиндик. Аялдар” аталыштагы феминалле Кыргызстандагы аялдардын эркиндик идеясын ачып берген.
Уюштуруучулардын ою боюнча көргөзмө 17 күнгө созулушу керек – бул сан 2016-жылы москвалык басмакананын ичинде чыккан өрттөн каза болгон кыздардын саны менен байланыштуу. Көз жумгандардын он төртү Кыргызстандан болгон. Феминалле жабылуу коркунучунда турганын айтат уюштуруучулар.
2-декабрда 15 чакты активисттер КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жанына көргөзмөнү жабуу талабы менен чыгышты. Буга жергиликтүү маданият менен менталитетке “туура келбеген” бир катар элементтер себеп болгон.
Министр Азамат Жаманкулов менен жолугушуу учурунда активисттер коммерциялык сексте иштегендерди коргогон перфоманска нааразычылыктарын билдиришти. Бул перфоманста кыз жылаңач бойдон залды кыдырып басып, андан соң кийимин кийип алган эле – бул кадамы менен ал ар бир аял өз денесин өзү башкарууга укуктуу экенин айткысы келген.
Ошону менен катар эле жолугушуунун катышуучулары ар бир аял абортко укуктуу экени жазылган аялдын ич кийиминен жасалган инсталляцияга дагы сын пикирлерин айтышты.
Көргөзмөгө башка перфоманстар, инсталляциялар жана картиналар дагы коюлган.
Министр менен жолугушууда активисттер “бул нерсе кыргыз элинин рухий баалуулуктарына жана салтына көлөкө түшүрөт” деп көргөзмөнү жабууну талап кылышты. Жолугушуунун катышуучуларынын айтымында мындай иш-чаралар элдин менталитетине туура келбейт.
“Алар биздин музейге келип алып биздин менталитетке жана салтыбызга туура келбеген нерселерди таңуулап жатышат. Биздин салтыбызда мындай нерсе жок болчу. Аялдарды эркектер жана ата-энеси тарбиялап келген”, — деп билдирди активисттердин бири Илимбек Исраилов.
Бул жолугушуудан кийин Көркөм сүрөт искусство музейинин директору Мира Жангарачева маданият министринин суранычы менен кызматтан кетүүнү чечкенин билдирди.
“Музейдин аянтчасындагы Feminalle көргөзмөсүнүн ачылышына карата улутчул-патриоттук күчтөрдүн негативдүү агрессивдүү реакциясына, “Кырк-Чоро” тобунун ээнбаш жүрүшүнө байланыштуу!” (автордун грамматикасы сакталды – авт.).
Учурда көргөзмө өзү кыскартылган вариантта иштеп жатат. Маданият министри башында турган комиссия өзүнүн чечимин чыгарды.
“Бир катар экспонаттарды алып салсак көргөзмөнү жабышпайт экен”, деди уюштуруучулардын бири Оксана Полякова.
Искусство – социалдык өзгөрүүлөрдүн инструменти
Уюштуруучулардын айтымында, алгач долбоордун максаты аялдардын экономикалык эркиндиги темасын ар кандай формада чагылдырылган искусство чыгармаларынын негизинде изилдөө болчу. Аял бала эмизип, үйбүлөнү багып, ал гана эмес тууган-урукка дагы дасторконун жайып, чайын куюп келет. Чет өлкөлөргө чыгып багуучу болгон учурлар дагы көп.
Кыргызстандын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, тышка кеткен эмгек мигранттарынын 45%ы аялдар.
Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МОМ) докладында аялдардын миграциясынын негативдүү кесепеттери дагы белгиленет – стигматизация, мигрант аялдардын өздөрүнө карата дагы, алардын балдарына карата дагы зомбулуктар, үйбүлөлөрдүн бузулушу жана социалдык байланыштардын үзүлүшү.
Миграция мигранттын эле эмес, анын үйбүлө мүчөлөрүнүн кийинки тагдырына дагы таасирин тийгизип жатат.
Эмгек акы тууралуу сөз кыла турган болсок, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, аялдар эркектерге караганда аз айлык-акы алышат. Бул кырдаал Республика боюнча эч кандай өзгөрбөй келет. 2014-жылы аялдардын айлык-акысы эркектердин айлык-акысынын 71,1%ын түзгөн, ал эми 2018-жылы болсо бул көрсөткүч 71,6%ды түзгөн.
2008-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген аялдардын саны дагы өзгөрбөй келе жатат. Тескерисинче, бул жылдан тарта аялдардын саны кыскарган.
Көргөзмөнүн арт-куратору Алтын Капалованын айтымында, иш-чаранын максаты искусствонун жардамы менен коомдогу көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. Көргөзмө өзү – аялдардын укуктары, эркиндиктери жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу.
“Мисалы, чатак чыккан даниялык сүрөтчү Julie Savery’нин перфомансынын мааниси эмнеде? Ал жылаңач бойдон залды айланып басып чыкты. Дагы бир кыз ич кийимчен отуруп, жай-баракат кийимдерин кийди. Бул перфоманс көрүүчүлөргө аялдардын денеси кандайдыр бир сооданын предмети эмес, кимдир бирөөнүн менчиги эмес деген ойду жеткириши керек болчу. Кала берсе секс-жумушчулар дагы өзүнүн денесине өзү ээ болууга укуктуу”, — деп түшүндүрөт Капалова.
Кыргызстандын коомчулугу эки лагерге бөлүндү. Бир тарабы жылаңач аялдарга музейде орун жок, бул искусство эмес деп айтып чыгышты. Башка тарабы болсо феминалленин идеясын колдоп, коюлган экспонаттар символикалуу гана экенин белгилеп уюштуруучулардын идеяларын колдоп жатышат.
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева кыргызстандыктарга жана бийликке кайрылып,Батышта дагы, Чыгышта дагы көргөзмөлөрдөн көп жолу чатактар чыкканын белгиледи, искусство ошонусу менен искусство да, будуң-чаң салып, элдин акылына жана жүрөгүнө бүлүк салат.
“Бул көргөзмө аялдарды кыйнап келаткан, андан жапа чегип, өлүп, күрөшүп, аны жеңе албаса дагы жеңилбеген көйгөйлөр тууралуу экен! Бул жан дүйнөнүн кыйкырыгы, зомбулукту токтотууга, караңгы көз караштарды өзгөртүүгө, адилеттүүлүккө, укуктун корголушуна коомчулукка ташталган чакырык”, — деп айтылат кайрылууда.
Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда, 2019-жылдын 10 айынын ичинде эле 5185 үйбүлөлүк зомбулук катталган:
5569 үйбүлөлүк зомбулук боюнча жорук катталган.
Дүйнөдөгү чырлуу көргөзмөлөр
Ноябрдын ортосунда Лондондо дагы Улуттук галереядагы белгилүү сүрөтчү Поль Гогендин көргөзмөсүнүн айланасында чыр жана талаш-тартыштар орун алды.
Талкуу «New York Times» гезитиндеги “Гогенди алып салууга убакыт келбедиби?” деген аталыштагы макаладан кийин башталган. Автор Гогендин өзү тууралуу, тагыраак айтканда, анын педофил жана уяты жок экенин талдайт. Бул тууралуу, картиналарга коюлган кол тамгалар дагы айтып турат.
Эми искусство талдоочулар сүрөтчүнүн өзүнөн анын эмгектерин бөлүп кароого мүмкүнбү же анын эмгектери ошол көз карашынын чагылдырылышыбы деп кызуу талкууга түшүп калышты. Жалпы кабыл алынган моралдык көз караштарга туура келбеген нерсени искусство деп эсептегендин өзү туурабы?
Үч жыл мурда Россияда Джок Стерджестин “Уялбай эле” көргөзмөсүн жаап салышкан. Анын көргөзмөгө адамдардын, кийими барынын дагы, жогунун дагы, аялынын дагы, эркегинин дагы, балдарын мээримдүү кучактаган энелердин, өспүрүмдөрдүн фотолору коюлган. 1990-жылы аны балдардын порнографиясын түзгөн деп айыпташып, бирок далилдеп бере алышкан эмес.
Москвадагы көргөзмөдө анын эң абийирлүү сүрөттөрү коюлган, бирок сенатор Елена Мизулина жана балдар акыйкатчысы Анна Кузнецова орусиялыктарга искусствонун кереги жок деп чечим чыгарышкан. Жана көргөзмөнү жаап салышкан.
2018-жылы Кыргызстандын көркөм сүрөт искусство музейинин экс-жетекчиси Юристанбек Шыгаев жылаңач денелүү кыздардын сүрөттөрүнүн жардамы менен 2005-жылдагы “жоогазын революциясынын урматына” экспозиция түзгөн.
“Искусствого Феминалледегидей реакциянын болушу – бул жакырчылык. Ачка адам бийик идеяларды коргоп, укугу бузулгандарды колдоп чыга албайт”, — деп эсептейт Бишкек шаарынын тургуну, ишкер Сумсарбек Мамыралы.
Анын айтымында, экинчи себеп, — бул бир жагынан өзүн өзү сактап калуу инстинкти болсо, экинчи жагынан өзүн өзү көрсөтүү.
Коррупция жана бийликтин адилетсиздиги менен күрөшүп атын чыгаруу кыйын, ал эми аялдар менен ЛГБТ – эң эле ыңгайлуу вариант. Алар тиешелүү жообун бере алышпайт, анткени аларды бизнес дагы, саясий партиялар дагы колдобойт деп эсептейт ишкер. Бирок ал эч кимди сындабайт, кала берсе көйгөйүн зомбулук аркылуу чечүүнү каалагандарды дагы.
“Аларды дагы жек көрүүгө болбойт. Аларды сындап отуруп алсак консенсуска келе албай калабыз. Мен биринин артынан бири, өз орду менен кеткени туура деп эсептейм. Адегенде экономикабызды көтөрүп, ачка болгондорду тойгузабыз, үшүгөндөрдү жылытабыз. Андан кийин гана эл искусство, укугу бузулгандарды жактоо тууралуу ойлоно баштайт”, — деп жыйынтыктайт Мамыралы.
“Муну дагы баштан өткөрүү керек”
3-декабрда Маданият министри дагы бир маалымат жыйын өткөрдү жана көрүүчүлөр моралга каршы келет деп арызданган айрым экспозициялар алынганын билдирди. Бирок, кайсы экспонаттар цензурага тушукканын, алар кайсы мыйзамдын же укуктук актынын негизинде алынганын билдирген жок. Аны менен катар эле, комиссиянын курамына кирген эксперттердин аттары дагы аталбады.
“Көргөзмө улана берет, анын максаттары жакшы. Бирок, биздин менталитетибизди дагы эске алуу зарыл, көргөзмөдөгү айрым эмгектер чагымчыл мүнөзгө ээ. Эгерде перфоманс дагы бир жолу көрсөтүлө турган болсо, биз буга жол бербейбиз. Муну цензура деп эсептесеңер деле болот”, — деди Жаманкулов (цитата vesti.kg сайтынан келтирилди).
Режиссер жана Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Геннадий Базаров маданият министрлиги кырдаалды курчутуп жибербөө максатында коопсуздандыруу үчүн ушул кадамга барды деп эсептейт.
“Маданият министрлиги эч нерсе кыла албайт, эч кандай чакырыктар менен дагы, лозунгдар менен дагы кырдаалды жакшырта да, маданиятты көтөрө дагы албайт. Азыр жөн гана “Биздикилерди сабап жатат!” деген чакырыктар же бул жолу “Аялды чечиндирип салды!” деген чакырык ишке ашты. Ош базардагы жигиттер дароо чуркап барышты. Бир жагынан күлкүң келсе, бир жагынан ыйлагың келет. Муну дагы башыбыздан өткөрүшүбүз керек”, — дейт режиссер, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер.
Анын айтымында Кыргызстандагы маданиятты жана искусствону көтөрүү бийликтен көз каранды. Бирок, бийликте турган адамдар маданиятка кызыкпайт.
“Алар музейлерге, көргөзмөлөргө, театрлардын, фильмдердин премьераларына барышпайт. Аларды карьерасы жана жеке пайдасы гана кызыктырат. Биздин интеллектуалдык потенциалыбыз кичинекей жана абдан назик. Аны коргоп, жардам берип, багышыбыз керек. Маданий баалуулуктарды таратуу менен ким алектениши керек? Бир гана бийлик. Аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги”, — дейт Базаров.
Инна Аксенова
Бул материал IWPR’дын «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» долбоорунун алкагында даярдалды.