Президенттик шайлоодо кимди колдойсуз?

Алдыда – президенттик шайлоо. Биз эл аралап, мамлекет башчылыгына кимди татыктуу деп эсептээрин сурамжыладык.

Жетиген Асанбек, басма кызматкери: “Текебаевдей тулпарды көрө албай турам”

—Талапкерлердин ичи-тышына көз салып отуруп, Текебаевдеги тайманбас саясий эрк, жалтанбас курчтук, кайраттуулук, чынчылдык, билим, тажрыйба, оюн жеткире айталган сөзмөрлүктү эч биринен көрө албай, журт башы болууга такшалып, табына келип турган тулпардын жолу буулуп турганына, элибиз баатырын тааныбай, каратып туруп карактап аткандарды тим гана карап турганына кабыргам кайышат. Башка талапкерлерди кароого аргасыз болууга дале моюн сунбай турсам да, шымаланып ат салышканы турган талапкерлерди бир сыдырып өттүм. Азырынча тулпарды көрө албай турам.

Президенттик шайлоодо кимди колдойсуз?Чолпонбек Эркесариев: “Бабановдун программасы жагат”

—Бабановго добуш берем, анткени анын программасы жагат. Анын программасын карап чыккам, мен анын ошол программасын ишке ашыра аларына ишенем. Бабановдун Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча туруктуу планы бар. Башкаларга салыштырмалуу иштеген иши жыйынтыктуу жана өзү жаш.

Президенттик шайлоодо кимди колдойсуз?Айжан Чегирткеева, коом менен байланыш адиси: “Сооронбай Жээнбековго добушумду берем”

—Мен добушумду Сооронбай Жээнбековго берем. Себеби, анын кылган ишин көрүп жүрөбүз. Аны практик-саясатчы деп эсептейм, сөз менен гана сүйлөй бербестен иши менен көрсөтөт. Көбү аны расмий тилди жакшы билбейт дешет, бирок ал маанилүү эмес деп эсептейм. Эң башкысы, болочок президенттин өлкөнү өнүктүрүү боюнча так жана туура көз карашы, программасы болушу керек.

Шербол Жапаралиев, магистратура студенти: “Бабанов жаш”

—Мен бул жолу Өмүрбек Бабановго добуш берем. Эң башкы себеби башкаларга салыштырмалуу жаш. Дайыма президенттерибиз элүүдөн таяп тактыга отурушат. Бир нерсе өзгөртө алыштыбы? Жок!

Тазагүл Кабылбекова, үй кожейкеси: “Сооронбай Жээнбеков болсо таң калбайм…”Президенттик шайлоодо кимди колдойсуз?

—Баары бир таза шайлоо болбойт, бийликтин күчү колдонулат. Өткөндө ооруканада иштеген тааныш кошуна келин айтты эле, бир ай мурун эле баардыгыбыздын паспортторду жыйнап алып, ишти бүтүрүп коюшту деп. Ошентип алдын ала паспорт жыйнап, шайлоону алдын-ала бүтүрүп жатышса кантип таза шайлоо, таза коом болот? Сооронбай Жээнбеков президент болсо эч таң калбайм. Баарына каршымын.

Максат Чакиев, коомдук ишмер: “Кайсы бир талапкерге токтой элекмин”

—Азырынча кимге добуш береримди айта албайм. Кайсы бир талапкерге токтой элекмин. Себеби бир да талапкер стратегиялык идея (идеология) менен чыккан жок. Баарыныкы тек гана программа. Программа аткаруучудан чыгат, Идея лидерден чыгат. Ошондой эле программа идеядан жаралат. Бизде болсо идея жок,түз эле программа сунуштап жатышат. Бул кеменин курсун билбей туруп, капитан сүзүүгө буйрук бергендей.

Разак Атакулов, жеке ишкер: “Бакыт Төрөбаевге ичим жылыды”Президенттик шайлоодо кимди колдойсуз?

—Шайлоого талапкерлердин арасында эл тааныбаган адамдар бар экен го, көбүнүн эле аттарын биринчи жолу угушум. Эч нерсе иш кылышпайт анан президент болом деп эле чыга калышты го. Негизги төрт талапкер: Бабанов, Жээнбеков, Төрөбаев жана Сариев. Менин ичим Бакыт Төрөбаевге жылып турат. Сүйлөгөнү орундуу, оор басырыктуу көрүнөт. Башкаларга караганда жаңыраак, жакшыраак көрүндү.

Венера Наринова, илимий кызматкер: “Дымактуусу Бабанов”

—Бардык талапкерлердин ичинен Өмүрбек Бабанов жаш, күч-кубатка толуп турган жана эң дымактуусу. Анын сот системасы өкмөткө байланбай, көз карандысыз боло тургандыгы, айыл-чарба, туризм, экономикада жаңыланууларды жасай турган программасын колдойм. Анын карьерасынын тарыхы башкалардыкына салыштырганда тазараак. Ал ийгиликтүү ишкер. Өлкөнүн тагдырын ушул кишиге гана тапшыра алам.

Кубан Балыков, музыкант: “Бабанов бюрократияны жоёт”Президенттик шайлоодо кимди колдойсуз?

—Мен добушумду Өмүрбек Бабановго берем. Анткени ал бизнес тармактагы киши, бюрократияны жаман көрөт, жоет деп ишенем. Жаш, энергиясы көп, премьер болгон тажрыйбасы бар.

Айсулуу Чоморова, саякат агенттигинин адиси: “Мадумаровго добуш берем”

—Кыргыз элимдин кең келечеги үчүн, Кыргызстаныбыздын өнүгүүсү үчүн добушубузду акчага, аракка сатпай, кыргыз эли үчүн күйгөн,чындыкты чыркырата сүйлөгөн, кыргыздын чыгаан жигити Мадумаров Адаханга добуш берейин деп жатам.

Президенттик шайлоодо кимди колдойсуз?Жаныбек Мамыров, электрик: “Мадумаровго добуш берем”

—Президенттик талапкерлер катуу ат салышып жатышканын байкадык. Бишкектин көчөлөрүндөгү көрнөк-жарнактарды Бабанов менен Жээнбеков гана ээлеп алган сыяктанат. Шайлоо канчалык таза өтөрү белгисиз. Бирок мен Мадумаровго добуш берем. Анткени анын позициясы туруктуу.

Асель Чегирткеева, англис тил мугалими: “Бабанов өлкөнү жакшыртат”

—Эгер модернизацияны кааласак, айылдарыбызды оңдойбуз десек, анда Бабанов – эң экономикага пайда алып келчү талапкер. Эгер Мадумаров болсо, анда көп ишкерлер иштерин токтотот, КР, Казакстан жана башка өлкөлөргө кетет. Бабанов болсо, чет жердеги кыргыз ишкерлер КРга келип жумуш орундары ачылат. Бабанов бизнестин майын чыгарган соң жакшы башкаруучу катары өлкөнү жакшыртат.

Назира Кулова, бей өкмөт уюмунун кызматкери: “Иш көзүн билген –Темир Сариев!”Президенттик шайлоодо кимди колдойсуз?

—Эл үчүн иштей турган, чындык үчүн күрөшүп, убагында бийлик куугунтукка алган, өлкөнүн саясий экономикасы боюнча куру сөзү жок, көзүн билип иштей турган жалгыз талапкер, жердешим Темир Сариевге добуш берем.

Гүлира Алымкулова, соода түйүнүндө менеджер: “Бабановдо план бар”

—Бардык талапкерлердин ичинен Өмүрбек Бабановдо гана өлкөбүздүн маанилүү көйгөйлөрүн чече турган так пландар бар. Ал маселелерди чечет, Кыргызстан өнүккөн өлкөгө айланып, жарандарыбыз чет өлкөгө кетпей, мында жашагысы келген мамлекет болобуз. Ийгиликтүү өлкөлөр, жетекчи-реформаторлор далилдеп коюшту, мамлекеттеги максималдык өзгөрүүнү 5 жылдык туура багытталган иштерден кийин жыйынтыгын көрсө болот деп. Бул жагын Путинге окшоштурам. Бир ордунда отурбайт. Качан болсо иш үстүндө, талаада резина өтүк кийип кызылча аралап, же трактор айдап жүрөт. Эл менен да бачым жолугушуп турат.

Ильяс Дубанаев, жаш ишкер: “Таалатбек Масадыковго добуш берем”

—Негизи мен Камила Шаршекеевага добуш берейин деп жаткам. Бизге ошондой саясатта чириген эмес, башка чөйрөдөн, стандарттуу эмес ойлонгон башчылар керек болчу. Тилекке каршы ал айым керектүү добуш ала албай калды. Андыктан сунушталган талапкерлерди карап отуруп Таалатбек Масадыковго добушумду берүүнү чечтим. Кантсе да, чет жерде жүрүп, көз карашы өзгөрүп келген адам. Ал Кыргызстанга жаңыланууну алып келе алат го деген ойдомун.

Перизат Алмирова, бухгалтер: “Темир Сариев чынчыл”Президенттик шайлоодо кимди колдойсуз?

—Биз үй-бүлөбүз менен Темир Сариевге добуш беребиз. Анткени ал чынчыл, адамгерчиликтүү жана мыкты саясатчы. Ал премьер-министр болуп турганында эле көп маселелерди чечип, ири долбоорлорду ишке ашырып келген. Ал таза саясатчы деп эсептейм.

Гуля Самудинова: “Бакыт Төрөбаев—таза саясатчы

—Мен Бакыт Төрөбаевге добуш берем. Менин оюмча, башка талапкерлер менен салыштырмалуу таза саясатчы сыяктуу. Эл алдында чыгып орду менен сөз сүйлөйт. Ашыкча нерсени кылып, ал үчүн уялууга туура келбейт. Мен мамлекет башчылыгында ушундай адамды көргүм келет.

Мээрим Самиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты