Кыргызча рецепттер менен белгилүү болгон блоггер Зуура

Кыргызча рецепттер менен белгилүү болгон блоггер ЗуураИнстаграмм баракчасында тамак-аштардын кыргызча рецепттерин, видеонун коштоосунда жүктөгөн Зуура Бекерова деген блоггер бар. Ага жазылгандардын саны 18 миңден ашуун. Биз Зуура менен маектешип, ал сунуш кылган айрым рецепттер менен бөлүшүүнү туура көрдүк.

—Менин балалыгым Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Жыгач айылында өттү.   Кийин турмушка чыгып, Бишкекке көчүп келдик. Учурда үч баланын энесимин. Мен бул кесипти окуган эмесмин, жөн гана кызыгам. Жолдошум музыкант болгону үчүн, көбүрөөк ресторан, кафелерден тамактанып калчу. Ал жактын түрлүү тамактарын жеп, анча-мынча үйдөн жасагандарымды тоготпой калган. Ошол жолдошум үйдөн тамактансын деп изденип, интернеттен карап үйрөнүп алдым. Кулинария, тамак жасоо боюнча сайттарга жазылып алгам, ал жактан карап, биздин шартка туура келген, мен эле эмес, айыл жергесине да ылайыктуу тамактардын рецепттерин карап, жасаган тамактарымды видеого тартып, монтаждап жүктөп койчумун. Башында өзүм үчүн деп үйрөнгөм. Кийин инстаграмм баракчасына киргенден баштап жүктөп койсом, мага жазылгандар көбүрөөк болуп, кыз-келиндер ыраазычылыгын жазып турушат. Азыр 18 миңден ашык досум бар инстаграммда. Бул баракчамды бир жылдан бери алып барам.

—Баракча ачуу идеясы кайдан келди, эмне максатта ачып калдыңыз?

—Негизи көп жерден “алган келиним жашоого тың эмес экен, колунан иш келбейт экен, тамак жасай албайт” деген сөздөрдү угуп калам. Ажырашуулардын бирден-бир себеби аял кишинин тың эместигине байланыштуу экен. Ошондуктан жок дегенде тамак-аш жасап кайын-журтуна жаксын, ажырашуу аз болсун деген эле максатта рецепттеримди киргизип коем. Кызыгы, баракчамда башка улуттун да кыз-келиндери бар. Көбүнчө казак туугандар “Хан-палоо”, “Иран палоосунун” рецепттерин көп сурашат, тамшанып жейбиз деп жазышат.

—Бул видеолорду коюп, анча-мынча каражат тапса болот бекен?

—Каражат деле таппайм, рекламаларды бекер эле жүктөп берип коем сурангандарга.

Кыргызча рецепттер менен белгилүү болгон блоггер ЗуураКлубникадан компот

3 кг клубника керектелет. Ар бир 3 литрлик банкага 200 г кумшекер керектелет.

Даярдоо ыкмасы:

Клубниканы тазалап жууп аласыз. Андан соң банкаларды парлап, 6 банкага клубниканы бөлүштүрүп саласыз. Кайнаган сууну куюп,15 мүнөт күтөбүз (бетин жөн эле капкак менен жаап коесуз). 15 мүнөттөн соң, ошол эле сокту казанга куюп кайнатып, канча банка болсо, ошончо стакан кумшекер салып, кайнап чыкканда кайра банкага куюп  жаап коесуз. Ширени казанга куйганда анча-мынча клубниканын урукка окшогон нерселери суунун бетине чыгып калат, тазалап алып койгула, компот тунук болот.

Хан палооКыргызча рецепттер менен белгилүү болгон блоггер Зуура

Керектелүүчү азыктар:

250 г эт, 2 даана пияз, 4 даана сабиз, суу май, туз, зире.

Даярдоо ыкмасы:

Унга туз, суу, маргарин кошуп катуурак жууруп алабыз да, боорсокко жайгандай калыңдыкта жайып алабыз. Торт бышырган идишке салып даярдап коебуз. Башка идишке май куюп, пиязды салып күйгүзүп алып салабыз, этти майда туурап салып кызарганча кууруп, туз сээп алабыз. Пияз, сабиз, помидор салып, 15 мүнөт кууруйбуз. 1 чоң чыны суу куюп, кайнаганда 1,5 чыны күрүчтү салып  бышырабыз (кадимки аш демдегендей абал болуп калганда). Даярдалган камырдын үстүнө пловду салып, үстүнө бир тегерек камырды жаап, фантазияңызга жараша жасалгалап, жумурткадан сүйкөп коебуз. 200 градуста ысыган духовкага  35 мүнөт бышырып алабыз. Хан палоо даяр.

Кыргызча рецепттер менен белгилүү болгон блоггер ЗуураИран палоосу

Керектелүүчү азыктар:

1,5 чоң чыны күрүч, суу май, эт 400 гр, 2 пияз, 2 картошка, туз, мурч татымына жараша жана көк чөптөр каалоочулар үчүн.

Даярдоо ыкмасы:

Күрүчтү сууга чала бышырып алабыз (палоо демдегенде чала бышырып демдегендей болушу керек). Ал даяр болгончо этти майда туурап, 4 аш кашык майга кызарта кууруп, анан пиязды кошуп кууруп алабыз. Пияз алтын түскө окшоп куурулганда бир чоң чыны суу куюп, жай отто 35 мүнөт кайнатабыз (туз, мурч салабыз). Ал даяр болгуча казанга 6 аш кашык май куюп, үч картошканы жука кылып туурап алабыз да майдын үстүнө тизип чыгабыз. Анын үстүнө пиязды тизебиз, бир аз туз себелеп, чала бышкан күрүчтү (суусу жок) салып, үстүн вилка менен тешип коебуз. 20 мүнөт демдейбиз. Бышкан соң каалагандай жасалгалап коесуз (бул 5 порция болот).

Даярдаган Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты