Талапкерлердин кимиси көп акча коротту?

БорТалапкерлердин кимиси көп акча коротту?бордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка талапкерлердин шайлоо фондундагы акча каражаттары тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, 11-сентябрга карата талапкерлердин арасынан эң көп акчаны Өмүрбек Бабановдун фонду жумшады, жалпы 126 200 000 сом түшсө, бүгүнкү күндө анын 110 706 904 сому сарпталган.

Андан кийинки орунда Сооронбай Жээнбеков турат. Анын шайлоо фондуна 46 300 000 сом түшсө, 36 778 940 сом жумшалган. Кийинки орундагы талапкер Темир Сариевдин фондуна түшкөн 26 500 000 сомдун 24 197 069 сому коротулган. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. БШКнын каттоосунан 13 талапкер өткөн.

ТалапкерТүштүЧыгымдалдыКалдыгы
1Арстанбек Абдылдаев2 015 0002 010 3004 700
2Бакыт Төрөбаев47 230 00011 222 24936 007 751
3Арстанбек Малиев4 259 8003 525 823733 977
4Эрнис Зарлыков1 510 0001 341 796168 204
5Темир Сариев26 500 00024 197 0692 302 931
6Таалатбек Масадыков2 806 7002 232 930573 770
7Өмүрбек Бабанов126 200 000110 706 90415 493 096
8Адахан Мадумаров1 103 1501 103 10941
9Сооронбай Жээнбеков46 300 00036 778 9409 521 060
10Улукбек Кочкоров1 563 4001 562 2501 150
11Азимбек Бекназаров1 426 6001 351 25775 343
12Токтайым Үмөталиева1 663 2751 598 15065 125
13Камчыбек Ташиев1 100 0001 099 125875
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты