Ашыкча нерселерден кантип арылуу керек?

Ашыкча нерселерден кантип арылуу керек?“Мастерская слова” же болбосо кыргызчалап айтканда “Сөздүн устаканасы” дегенди социалдык баракчалардан окуп калганда, чынын айтсам, бул эмне экенин жакшы деле түшүнгөн эмесмин. Бул долбоордо чыгып сүйлөй тургандардын темаларын окуп, кызыгып калдым да, билет сатып алып катышып көрүүнү чечтим. Көрсө “Сөздүн устаканасы” – бул башкача ойлонгон замандаштардын пикирлерди, ойлорду ортого салып, пикир алмашуучу аянтчасы экен. Өзүңдүн ичиңден кайсы бир нерсеге кыжалат болуп жүрүп, бирок аны кантип чечүүнү билбесең, дал ушул аянтчадан кандайдыр бир багыт алсаң болот. Же ал пикир менен макул болбосоң, өз аргументиңди айтып, талашка түшүшүң мүмкүн.

Ар жолкусунда ар түрдүү темалар талкууланат экен. Мен барганда спикерлер ашыкча нерселерден кантип арылуу керектигин, бактылуу жашоо үчүн айрым учурларда керексиз адамдарга, керексиз нерселерге “жок” деп айтууну үйрөнүү керектигин айтып жатышты. Бул темаларды ар өңүттө ачууга аракет кылган 5 жуп антиконсьюмеризм (ашыкча чыгымдан баш тартуу), минимализм, жашоодогу баалуулуктарга көңүл бурууну, жашоодогу чоң бурулуштардагы маанилүү чечимдер, коомдогу алардын орду жана башка кызыктуу темалар тууралуу кеп кылышты. Уюштуруучулар башында эле бул иш-чара кимдир бирөөгө туура жашоону үйрөтүүнү максат кылбай турганын, болгону ар ким өзүнүн турмушта колдонгон кеңештери менен бөлүшө турганын айтып өтүштү.

Бир жылда 40 кг таштаган Зейнеп

Чү дегенде эле “Азаттыктын” журналисттери Зейнеп Алтымышева менен Султан Каназаров чыгып сүйлөп, ашыкча салмактан кантип арылуу керектигин айтып беришти. Зейнеп Алтымышева бир жылдын ичинде 40 килограмм салмак таштаптыр. Мурдагы сүрөттөрү менен азыркы Зейнепти салыштырып, бул эки башка адам дегенден кайра тартпайт экенсиң. Анын мындай жыйынтыкка жеткенине жетекчиси Султан Каназаров жардам берген. Ал күн сайын Зейнептин жеген тамагын көзөмөлдөп, салмагын текшерип турчу экен. Кантип арыктаптыр (?) деген суроо беришиңиз мүмкүн. Зейнептин айтымында, ал күнүнө 1200 калорийди гана эсептеп жейт. “Бул эч кандай чектөө эмес. Бир күндө 1200 калорийге өтө көп тамак жесе болот, болгону туура тамактануу керек. Мен ушул жашоонун жаңы образына көнүп алдым” дейт ал. Жумуштан түнкү саат 1де келсе дагы саат 3кө чейин ал велосипед тебет. Муну менен Зейнеп рахат аларын кошумчалайт. Тамакты көргөндө башында азгырылган учурлар дагы болгонун жашырбайт. Орто жолдон диетасын бузуп салып, 1200 калорийден ашырып жиберген учурлары дагы болуптур, бирок көздөгөн максатынан кайтпай кайра эле эрежесине түшүп, бүгүнкү күндөгү жыйынтыкка жеткен. Султан Каназаров диетологбу (?) дешиңиз мүмкүн. Жок, ал жөн гана журналист. Султандын айтымында, мындай жоопкерчиликти өзүнө алуу үчүн күн сайын туура тамактануу үчүн ар түрдүү адабияттарды окуп турууга туура келген. Ал гана эмес, Зейнептин ден соолугун тобокелге салбаш үчүн, ай сайын тиешелүү анализдерди тапшырып туруусун талап кылып турган.

Аял үйгө да, карьерага да жетишсе болот

Кийинки жуп  — “Аял үйдө отурушу керек” деген стереотипти сындырууга аракет кылган заманбап кыргыздын кыздары болду. Бала төрөп, аларды тарбиялап, үй тиричилигин дагы калтырбай, ошол эле учурда карьерасында дагы ийгиликтерди жаратып жатышкан Asylbashev Creative  ивент компаниясынын (иш-чараларды уюштуруучу) директору Дарика Асылбашева менен “Сөздүн устаканасынын” негиздөөчүлөрүнүн бири, эл аралык уюмдардын пиар-адиси Айнагүл Абдрахманова убакытты туура пайдалануу боюнча өз кеңештери менен бөлүштү.

Бизнесвумен Дарика Асылбашева уйку, телевизор, телефондо сүйлөшүү, шоппинг, фитнес жана кыргыздын катыштары убакытты текке кетирет деп эсептейт. Ошондуктан такыр телевизор көрбөйт, телефондо болсо бат-баттан иштин ток этер жерин гана айтат, ал эми кыргыздын шерине, той, катыш дегендерине барбай турганын айтат. Адегенде туугандары, кайын журту анын мындай кылыгын көп жактыра беришкен эмес. Бирок кийинчерээк анын жараткан ийгиликтери көзгө көрүнгөндө “туура эле кылат экенсиң” деген пикирлерин айтышкан. А эмне үчүн “фитнес” керексиз дешиңиз мүмкүн. Дариканын айтымында, кыргыз аялдарынын чуркап иштеп жүргөнүнүн өзү эле фитнес. “Иштеп жүргөн айымдардын балдары бактысыз деген стереотипти сындыргым келет. Тескерисинче, апасынын ийгилик жаратып жатканын көргөн бала дагы ошондой ийгиликке умтулган адам болуп чыгат” дейт ишкер айым.

Андан кийин үч баланын апасы Айнагүл Абдрахманова болсо эч качан саатты карабай турганын, убакытты адам тулку бою менен сезүү керектигин айтты. Айнагүл эч качан ишти эртеңкиге калтырбайт. “Кийинкиге калтырылган иш эч качан жасалбайт. Ошондуктан мен аны дароо жасап салганга аракет кылам” дейт ал. Бардык маанилүү иштерди таңкы 4.30да туруп жасап салат. Ал эми кечки 17.30дан кийинки убакытты бүт бойдон үй-бүлөсүнө арнайт.

Кимге биринчи жардам берүү керек?

Кийинки спикерлер – Тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор БорисовАшыкча нерселерден кантип арылуу керек? менен Hyatt мейманканасынын финансылык директору Расул Кадралиев болушту. Күн сайын адамдарга жардам берген Егор алардын кимисине жардам берүү керек, кимисине бербесе дагы болорун шарттуу түрдө бөлүп алганын айтат. Анын пикиринде, пациенттер төрт түргө бөлүнөт. Биринчиси – тирүү калганга мүмкүн эмес өлүп бараткандар. Экинчиси – өтө оор акыбалдагылар, бирок сактап калууга мүмкүн адамдар. Үчүнчүсү – ден соолугу жакшы эле, бирок өлүп атам дегендер. Төртүнчүсү – аларга такыр көңүл бурбай эле, психологго жибере тургандар. Егордун айтымында, күнүмдүк жашоодо дагы адамдар ушул төрт топтун бирөөсүнө кирет. “Дал ушул төрт топтун экинчи тобуна жардам берүү керек, анткени сен жардам берсең алар жашап кетиши мүмкүн. Жашоодо керексиз адамдардан, сенин энергияңды жуткан вампирлерден арылуу керек. Ал сага кандай жакын адам болсо дагы. Эгерде ал сени чын эле жакшы көрсө, башкача болуп өзгөрүп, кайра жашооңо келет” дейт ал.

Ал эми Расул Кадралиев бир эле учурда баарына жардам берип бүтө албасыңды дайыма эстеп жүрүү керек деген кеңеш айтат. “Өзүңдү кыйнап бирөөгө жардам берген туура эмес, жардам берүүдөн өзүң ырахат алганда гана жасоо керек, эч ким эч кимге милдеттүү эмес. Бул “самолеттогу аба берүүчү масканы адегенде өзүң кий, андан кийин гана балаңа кийгиз” деген принципке окшош” дейт ал.

“Жок” деп айтууну үйрөнүү керек

Белгилүү журналист Аида Касымалиева “Жок” деп айтууну кантип үйрөнгөнүн жана бул үчүн кечирим сурабоо керектигин айтып берди. Аиданын айтымында, ар бирибиз эле бардык адамдарга жаккыбыз келет. “Жок” деп айтсак биз тууралуу жаман ойлоп калабы деп чочулай беребиз. Айрым жерлерде, айрыкча өзүбүзгө кереги жок адамдарга же сунуштарга “Жок” деп айтуу менен бирге, биз андан дагы маанилүү нерсеге ээ болорубузду айтат. Айрым керексиз нерселерден баш тартуу менен бирге квартира сатып алганын мисал келтирди. Аны менен катар эле Аида ашыкча нерселерден арылуу менен бирге жаңы нерселерге орун бошошуна ишенет. “Ашыкча буюмдарды, кийим-кечелерди таштап, квартираны тазалап, муздаткычтын артынан бери тазалаганда бир жактан киреше келерин байкайм” дейт журналист.

Ашыкча нерселерден кантип арылуу керек?“Сөз устаканасынын” негиздөөчүлөрүнүн бири Асел Шерниязова керексиз майда нерселерге алаксып отуруп, биз көбүнчө негизги максатыбызды унутуп каларыбызды белгилейт. Мисалы, айымдар бир жаңы кофта ала калайын, бир таттуу торт жесем экен деп ойлошот. Ал нерсе убактылуу бакыт тартуулаганы менен, кызыгы дароо эле тарап, адамда кандайдыр бир боштук пайда болуп каларын айтат. Ошондуктан алдыга койгон эң негизги максатыбызды унутпай, ортодогу азгырыктардан баш тартууга туура келет.

Акыркы жуптар бизнесмен, коомдук ишмерлер Бакыт Өмүрзаков менен Атай Садыбакасов болду. Алар билим берүүдө, элди ээрчитүүдөгү жаңы ыкмалар тууралуу ой бөлүштү.

Атай Садыбакасов биринчи кадам жасоо абдан маанилүү экендигин айтат. Анын эң негизги максаты, жакшы идеяларды калктын калың катмарына жайылтуу. Мисалы, Бишкек шаардык мэриясынын жанына велосипед токтотуучу жайды биринчи жолу жасаганын айтып берди. Болгону 3 темир орнотушкан, бирок ошондон кийин Атайга көптөгөн ишканалар кайрылып, дал ошондой велосипед токтотуучу жайларды жасап берүүнү суранышкан. Андан кийин бул массага бат жайылып, азыр жаңы ачылган кафе, дүкөндөрдүн баарында бар экенин, кала берсе Балыкчыда дагы пайда болуп калыптыр. Көчөлөргө багыт берүүчү жазууларды илип чыкканы дагы ушул максатта жасалган. Аларды шаар башкармалыгы алып салганына Атай кейибейт. Анткени эртеби-кечпи, муну эми Бишкек мэриясы өзү жасайт деген чоң ишенимде.

MiniChess Central Asiaнын негиздөөчүлөрүнүн  бири Бакыт Өмүрзаков баланы тарбиялоодо шахматтын мааниси зор экенин айтты. Эрте жашынан баланы шахматка берсе, ал математикалык гана билимин жогорулатпай, социалдык жашоодо дагы керектүү сапаттарга тарбиялайт. Кайсы кадамды жасаарда, кандай жыйынтыктар болушу мүмкүн деп бала турмуштагы кадамдарын дагы анализдөөгө үйрөнөт.

Кымбат Турдубекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты