“Таза шайлоосуз таза коом жок” кыймылы түзүлдү

“Таза шайлоосуз таза коом жок” кыймылы түзүлдүШайлоону таза өткөрүү боюнча жакында атуулдук кыймыл түзүлдү. Кыймылдын максаты — келаткан шайлоону таза өткөрүү, административдик ресурска каршы туруу. «Таза шайлоосуз таза коом жок» аттуу атуулдук кыймылдын мүчөлөрү болуп экс-президент Роза Отунбаева, экс-спикерлер: Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, экс-премьер министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков ж.б. аттуу-баштуу адамдар киришти.

Роза Отунбаева, экс-президент:

“Үйдө байкоочу болуп отуруп албай, күч берели!”

 —Бир тараптуу болбосун, баары тең, мыйзамдуу болсун деп көп шайлоодон өткөн, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөөгө салым кошкон адамдар кайдыгер болуп үйдө байкоочу болуп отуруп албай, көмөк көрсөтөлү, колубуздан келсе, күч берели деп чыктык.

Медеткан Шеримкулов, экс-спикер:

“Мамлекеттик өнүгүүнүн туура негиздерин калыптадык дедик эле”

— Биринчиден, быйыл биздин тагдырыбызга, өлкөнүн тагдырына тыгыз байланыштуу президенттик шайлоо. 26 жыл ичинде президенттик шайлоо деген өзүнчө бир чоң саясий эле  окуя болбостон, чоң оюнга айланып кетти. Коом 26 жыл ичинде эгемендүү мамлекет болуп ушул убакка чейин калыптана албай, жылдар толкунунда анын себепкерлери, күнөөлүүлөр бар деп ойлойм.   Биз мамлекеттик өнүгүүнүн жана эгемендүүлүгүбүздүн туура негиздерин калыптадык дедик эле, бирок биз 1991-жылы тандап алган жол менен барууга,  жок дегенде анын биринчи он жылдыгында, 90-жылдардан 2000-жылга чейин, тилекке каршы, эч кимдин эрки да, убактысы да жетишпеди. Биз ошого жол берип, кийинкилер улап, ал көнүмүшкө айланып кетти.

Мен ушул кыймылды колдойм. Бирок адегенде коом, Мекен эмнеден башталаарын тактап алалы. Азыр эң негизгиси—таза шайлоо. Бул биздин ар бирибизге тиешелүү. Ар дайым Атамбаевдин “Мен бийликти тынч жол менен өткөрүп берем” дегени мени чүйрүйтөт/ Эмне, Атамбаев бийликти мураскер катары алды беле? Ал кимден алды эле? Бийликти эл берет Конституциянын негизинде. Ар бир президент (азыркысы да, келеркиси да) мен Конституцияны сактоо менен белгилүү мөөнөттө, элдин көрсөткөн ишенимин актоо менен иштейм, мөөнөтү келгенде, эл жаңы президентти шайлап алат” деши керек.  Биз азыркы президент кайра ордуна олтурам, бийликти бербей коем  дебесе экен деп коркуп, калтырап атканыбыздан, анын айтканы майдай жакты деп кубанганыбыздан унутуп калабыз. Кыргызстан төртүнчү президентти узатканы турат, эми бешинчиси-алтынчысы келсе да, Кыргызстан былк дебейт. Жакшы болсо жакшы, жаманы болсо, каңтарып коет. Президент Конституция, мыйзам боюнча бийлигин тапшырууга милдеттүү.

Рита Карасартова, коомдук ишмер: “Шайлоонун таза өтүшүнө иштейин дедим”

—Мен эми талапкер болбой калгандан кийин мага көп адамдар эми кимди колдойсуң деп сурап киришти. Мен эч кимди колдобой, шайлоонун таза өтүшүнө иштейин дедим.

Равшан Жээнбеков,  ЖК экс-депутаты:“Таза шайлоосуз таза коом жок” кыймылы түзүлдү

“Бийлик өкүлдөрү кайсы бир талапкерди колдоп жатат”

—“Таза шайлоосуз таза коом жок” аттуу атуулдук кыймылды шайлоо маалында, убактылуу 2-3 айга жарыя  кылалы деп чечтик. Биз эч кимди колдобойбуз, бул бейтарап атуулдук кыймыл болот.  Шайлоонун биздин кийинки турмушубузга таасири чоң.  Дүйнөдөгү шайлоо процессине байланышкан бардык маанилүү нерселерди бөлүшкөнгө аракет кылабыз.  Азыр бийлик өкүлдөрү мамлекеттин, кандайдыр бир коррупциялык механизмдердин эсебинен кайсы бир талапкерди колдоп, айыл-айылда чектен чыккан иштерди жасай баштады. Бизде шайлоону таза өткөрүүгө коркунучтар, тобокелчиликтер пайда болуп жатат деп айтып жатканыбыз ошондон.

Жанар Акаев, ЖК депутаты:

“Кайдыгер позицияда болбош  керек”

—Азыр бардык жарандар кайдыгер, уктап калган позицияны кармабаш керек. Бїгүнкү жыйынга экс-президент, экс-спикер, аксакал адамдардын келгени адилетсиздин аша чапканынын айынан. Болбосо, баары жакшы болсо, мындай жыйындар да болмок эмес. Бул кыймылдын максаты — административдик ресурска каршы туруу,  шайлоону таза өткөрүү, элге түшүндүрүї  иштерин жүргүзүү.      

Феликс Кулов, экс-премьер-министр:

“Биз кетирген каталарыбыздан кийинкилер жыйынтык чыгарышса экен!

—Нейтралдуу туруп, калыс, ачык шайлоону камсыз кыла турган уюм керек болчу. Биздин шайлоолордун ачык, так  болушун көзөмөлдөй турган уюм кечирээк түзүлүп калганын мындагылар да айтышты. БШК баш болгон уюмдар саясий турмушка жаңы булак боло турган бир топ талапкерлерди эмне үчүн өткөрбөй койду? Кийинки жыйындарда ал талапкерлерди эмнеге өткөрбөй койгонун талдашыбыз керек. Биз ар бир талапкерге тең шарттар болсун. Биздин коомдун милдети мурдагы кетирген каталарыбыздан бир жыйынтык чыгаруу. Биздин кетирген каталарыбыздан кийинкилер жыйынтык чыгарышса экен. Биз президенттик шайлоого чейин Президенттин бир талапкер тууралуу айткандарына саясий баа берели. Ар бир участокто эмес, президенттикке талапкерлердин ар бири менен тыгыз иштешели. Шайлоону мониторинг кылып жаткан уюмдар менен иштешели. Ар бир факты боюнча  БШК менен иштешели. Ар бир факты боюнча өз бүтүмүбүздү берели. Ошону менен бул шайлоо чечүүчү болуп калышына өз салымыбызды кошолу. Абалга өз баабызды берип турабыз. Эл аралык уюмдар менен иштешебиз.

Зайнидин Курманов, экс-спикер: “Бизде тең салмак сакталбайт”

—Өлкөдө тең салмак сакталганда гана бейпилдик, тынчтык өкүм сүрөт. Бизде тең салмак таптакыр сакталбайт. Принципиалдуу маселелер чечилген эмес. Конфликт азыркы Конституциянын өзүндө. Мисалы, ички саясат менен тышкы саясаттын, борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин тең салмагы жок, бийликтин, мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинде тен салмак жок.

Нурбек Токтакунов, укук коргоочу:

—Биз алданбасак, ошондо таза шайлоо болот. Биз алданып калсак, эч качан таза шайлоо болбойт.

 Акылбек Сариев, БШКнын экс-төрагасы:

 — Эгер кыймыл түзүүчүлөр коркпой-үркпөй мыйзамдарды сактап калалы десе, шайлоонун таза өтүүсүн кааласа, анда коомдук уюм түзсө болот. Ага ар бир катышкан киши кол коюп, келишим түзүп иштесе, анда кыймыл кандайдыр бир деңгээлде шайлоо процессине катыша алат. Азыркы бул макамында бул кыймыл саясий билдирүү жасагандан башка эч кандай күчкө ээ болбойт.

 Даярдаган Айгүл  Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты