Көл-Төр — ажайып көл
- 7 лет мурун
- Маек
Көл-Төр көлү тууралуу социалдык түйүндөргө жазылгандарды окуп, сүрөттөрүн көрүп суктанып, бара албай жүргөнүмө көптөн бери арманда элем. «Кийинки жекшембиде сөзсүз барам» деп отуруп жайдын акыркы күндөрүндө уулум экөөбүз ал жакка бараткан топко кошулуп, жөнөп калдык.
Келгендерди турагенттиктин жаш, кичипейил улан-кыздары тосуп алышып, 4-5 кичи автобуска жайгаштырып, эртең менен жөнөп кеттик. Жолду карай уюштуруучулар зериктирбей ар кандай оюндарды уюштуруп, бийлеп-ырдап, Кыргызстандын кызыктуу жерлери жөнүндө орус, англис тилдеринде маалымат берип жатышты.
Көл-Төр көлү Кегети капчыгайына тушташ, Бишкектен 85-90 чакырым алыс жайгашкан. Токмок тарапка кеткен жолдон Ивановка айылына жеткенде, базардан оңго бурулуп, Рот-Фронт айылынан өтүп, тоо тарапка багыт алдык. Жолдун узактыгы 1,5 саатка жакын убакытты алат. Бардык кичи автобустар «Кегети-Тур» деген конок үйүнө чейин алып келет. Андан ары унаа жүрө турчу жол жок. Ушул жерден Кегети, Көл-Төр капчыгайларынын кооздугу башталат.
Кегети капчыгайы кооз табияты жана 20 метрден төгүлгөн шаркыратмасы менен туристтерди өзүнө тартып турат. Жолго жакын жайгашышы да туристтер үчүн ыңгайлуу. Шаркыратмадан бир аз өтпөй мейман күткөн боз үйлөр тигилген, ал жактан бир аз дем алып, айран, кымыз ичсе да болот. Биз тобубуз менен экскурсиячы-гиддин артынан жалгыз аяк жолду бойлоп кетип бараттык. Кегети капчыгайында сүт эмүүчү жаныбарлар, куштун бир канча түрү байырлап, арасында ылаачын, бүркүт, шумкар сыяктуу жырткыч куштары да кездешет.
Мурда-кийин тоого чыгып жүргөн, даярдыгы бар, көнүп калган кишиге тоого чыгуу оңой сезилсе, биринчи чыгып жаткан, эч даярдыгы жок адамга оор эле болот экен. Кээ бирөөлөр эки саатта, кээ бири үч саатта чыгышса, биздин топ шашпай үч жарым саатта чыктык. Бирок бул саатыбыз текке кетпеди, жолду карай аккан суунун үнү, карагайлуу токой, арчанын жыты, таза аба, кооз жаратылышка суктанып бараттык. Кайда караба, кооздук көзгө тартылат. Арабызда чет жактан келген туристтер көп болгону бизди кубандырды. Орус улутундагы Евгений деген жигит үй-бүлөсү менен Кыргызстанга жыл сайын келерин айтып, быйыл түндүк тарабын кыдырып жүргөнүн, кооз, кызыктуу жерлер көп экенин, Көл-Төргө экинчи жолу чыгып атканын баяндап баратты. Ольга деген жердешибиз мындай жаратылышты Кыргызстанда жашап туруп телевизордон эле көргөнүн, ага абдан таасир калтырганын, бизде туристтик багытта көп нерселерди кылсак өнүгөт беле деп кайгырып, тоого чыккан оорчулук кылып атканын жашырган жок. «Качан жетебиз, аз калдыбы? Сүрөткө түшүшүм керек… Мен сөзсүз чыгам» деп өжөрлөнүп жатып, ал жактагылардын баарынын көңүлүн көтөрдү. Тоонун чокусуна да жеттик.
Мына, ажайып кооздук! Ар тарабынан тоолор менен курчалган жашыл, көгүлтүр чакан көл. Ал деңиз деңгээлинен 2725 метр бийиктикте жайгашкан. Андан үч чакырым ары жактан агындыларды, Көл-Төр жана Анастасия ири мөңгүлөрүн да көрүүгө болот. Капчыгайдын өзүн карагай токой, четин менен арча каптаган. Көлдүн суусу муздак экен, кээлери муздагына карабай бир чумкуп чыгышты. Айткандарына караганда, бул көл октябрдын башында эле тоңуп калат. Бул жерде көптөгөн өсүмдүктөрдүн арасынан сейрек жана дары чөптөр да кездешет. Көлдү карап отуруп чарчаганыңды да сезбей, күч-кубат алып, чындыгында эс алып кайтат экенсиң. Кыргызстандын ушундай керемет жерлерине суктанып, сыймыктанып, эсте каларлык эс алып, башка да жерлерин мүмкүнчүлүк болсо кыдырабыз деп үйгө кайттык.
Эльвира Какиева