“Булбулдай буулуктук сизди жоктоп… “

“Булбулдай буулуктук сизди жоктоп... “Үстүбүздөгү жылдын 31-августунда чыгармачыл чөйрөдө чоң жоготуу болду. Мукам үндүү ырчы Элмира Кайып кызы күтүүсүздөн бул дүйнө менен кош айтышып, жакындарын, күйөрмандарын, санаалаштарын кайгыга салды. Таланттуу ырчы чыгармачылык жолунда «Ак куулар сени сагынаар», “Калды эсимде», «Булбулум», «Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы» ж.б. чыгармаларын аткарып, элге таанымал болгон. Элмира Кайып кызынын өмүрлүк жары Бейшен Ишенов, кызы Беназир жана  кесиптеш, санаалаштары булбул үндүү ырчынын чыгармачылыгын, басып өткөн жолун эскерип жатышат.

Бейшен Ишенов, жолдошу:  “Элмиранын өлүмү баарыбызга күтүүсүз болду”

— Азыр деле ишене албай, өзүмө келе албай отурам. Кирип келчүдөй сезилет.Элмира менин жашоомдогу чоң белегим эле. Эки жакты карап томсоруп калдым. Мен Кыргыз-экономикалык университетинде экономика илимдери боюнча доктор, профессормун.  Кырк жылдык тажрыйбам бар. Элмира экөөбүз бири-бирибизге жөлөк болуп, ынтымактуу жашап жатканбыз. Турмуш курганыбызга жыйырма жылдан ашкан.

Интернетте жумушунан кыскаргандыктан ооруп калды деген сөздөр жалган. Ал тургай боору, боорунан операция болуп, ооруканадан чыкпай каза болуптур деген маалымат тарап кетиптир. Ак-терекке сөөгү коюлат экен деген да сөздөрдү уктум. Атайылап айтылбаса да, балким бузук телефон болуп калган го. Чындыгында, Элмира  оорубай эле жүргөн. Жүрөгү ооруса да бизге эч айтчу эмес.

Кайненем үч жылдан бери гемодиализден өтөт. Ооруканага жакын болсун деп биздин үч бөлмөлүү үйдө турчу эле. Элмира энебизди эртең менен ооруканага алып барып, кайра алып келип турчу. Балким, апасын ойлоп жүрөгү ооручубу, айтор, билбейм.  Иштерим көп болуп, отчетторум жакындап калгандыктан, өзүнчө бир бөлмөлүү батиргечыкканыма бир ай болуп калган. Элмира аптасына 3-4 жолу мага келип, тамагын берип, батиримди жыйнаштырып, багып турчу. 31-август күнү Элмирага чалып, шахматтык турнирге бара турганымды айткам. Ал иш-чара жаңы эле башталганда балдызым менен кошунам чалып, Элмира кыйналып жатат деп кабар беришти. Мен дароо үйдү карай жөнөдүм. Барсам, Элмирам кете берген экен.

Беназир, кызы:  “Акыркы ирмемдерде жанында болбой калганыма өкүнөм”

“Булбулдай буулуктук сизди жоктоп... “—Азыр мага өтө кыйын болуп жаткан учур.“Эл оозунда элек жок” деген чын экен. Эл ар түрдүү сөздөрдү таратып жиберип, кызуу талкуулап жатышты. Биз апабызды жоготуп алапайыбызды таппай турганыбызда, улам-улам телефон чалышып, ар ким эмне болуп кетти деп бизден сурай беришти. Биз аң-таң болуп кала бердик.

Акыркы кеччогуу отуруп тамактанып, телевизор көрдүк. Андан соң ар бирибиз бөлмөлөрүбүзгө кирип жатып алдык. Эртеси жумушумда менин кезегим болчу, эрте туруп ишиме кеттим. Жумушта отурганымда батыраак келе кал деп чалып калышты.Үйгө келип нес болуп туруп калдым, эмне болгонун түшүнгөнүм жок. Менин артыман эле “Тез жардам” келди. Өтө күтүүсүздөн болгондуктан, эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калдык. Эч ким эч нерсе айтпай да койду.

Мындан бир жыл мурун октябрь айында гинекологиялык жактан операция болгон. Бирок аз убакытта айыгып, бутуна туруп кеткен эле. Апам балалуу болгусу келип, гинекологиялык жактан дарыланып жүргөнүн билем. Башка бир жери ооруганын такыр билген эмесмин. Доктурлар жүрөгү кармады деп айтышты. Жаштык кылып койдумбу, билбейм, апамдын ооруп жүргөнүн байкабай калганмынбы, түшүнбөй калдым. Өкүнгөнүм, акыркы көз ирмемдеринде жанында болбой калганым. Балким мага керээзин айтып үлгүрөт беле деген ойлор келет. Балким, апам өзү билбей калды бизди таштап кетерин…

Апамды теңтуштары  жакшы көрчү жана сыйлачу. Апамдын жөнөкөйлүгү, назиктиги, боорукерлиги анан чынчылдыгы абдан жагат. Ак көңүл, кең пейил адам эле. Менин мүнөзүм да апамдыкын тарткан. Эч бир кабак-кашым дечү эмес.Жакын туугандар, сахналаш достору мени  “апаңа куюп койгондой окшошсуң” деп калышар эле. Экөөбүздүн үнүбүз окшош, мен да ырдап жүрөм. Бирок апам ыр жагына жиберген жок. Мурдатан бери эле экономист болосуң деп жогорку окуу жайга тапшыруумду каалаган. Учурда жеке фирмалардын биринде иштейм.

Эгер тез жардам эрте келгенинде…

 Бейшен Ишенов, жолдошу:

—“Тез жардам”чакырылгандан эки саат өтүп келди. Алар эрте келип сактап калышса болмок, кечиккен соң аларга эмне деп айтмак элем? Майрам болгондуктанбы, айтор, тез жардам унаалары жок болуп калыптыр. Кечигүүнүн себептерин деле сураганга алыбыз жок болду ал учурда. Бирөөнү деле күнөөлөгөн жокмун. Кечигип келүүнүн себептерин сурасаң, алардын жообу даяр да. “Тез жардам” келгенде Элмирам үзүлүп кеткен эле. Кап, убагында келгенде сактап калмак беле деп жатам. 10-кичи район шаар ичи, анча алыс эмес. Шаардын четинде ушундай окуялар катталса, эмне болот эми?

 Элмира катышкан акыркы сынак

— Жакында Жети-Өгүздө өткөн “Аймак ышкыбоздору-2017″ эл аралык конкурс — фестивалда баш байгенин ээси болду. Сынакка мыкты даярданып жүрдү. Мен да ага “көлдүктөрдү уят кылбай, гран-прини ал” деп койгом. Жумушунан уруксат берилеби же берилбейби деп ойлонуп жүргөн. Себеби Чек ара кызматында иштегендерди жөндөн-жөн кое беришпейт. Эртеден кечке жумушта болуп, кээ бир учурларда дем алыш күндөрү ишке чыгып калчу. Аталган фестивалга колум бошобой бара албай калдым. Аскер кийимин кийип алып жаркылдап-жайнап, өзүн тыкан алып жүрчү. Өзү эркек мүнөз болгондуктан, майда-чүйдө нерселерге көңүл бурчу эмес.

Адамгерчилиги өтө жогору эле…

— Адамгерчилиги ушунчалык бийик, жүрөгү таза, укмуш сонун аялзатынын өкүлү болчу. Бирөөгө жаман сүйлөбөйт, бирөөнү ушактаганын көргөн эмесмин. Бирөө таш менен урса, ал аш менен урчудай адам эле. Канча ыр ырдалбай, ырлардын багы ачылбай калды. Ар бир ырын бапестеп, жан-дүйнөсү менен берилип, текстин кынаптап-таптап тандап, музыкасын, аранжировкасын абайлап тандап, анан элге тартуулачу. Азыркы кээ бир ырчылардай техниканын, фонограмманын жардамы менен ырдайын деген ниети такыр жок эле.

Бир күнү Казакстанга конокко куда-кудагый катарында барып калдык. Ал жерге казактын аттуу-баштуу опера ырчылары, белгилүү адамдары келиптир. Казактардын тойлору масштабы боюнча чоң болот эмеспи. Көлдүн жээгине чатыр тигилип, 500дөй киши отурат. Казак тамадасынын айтканы менен казак жылдыздары өз өнөрлөрүн элге тартуулап жатышты. Бир убакта тамада Элмирага кайрылып жандуу үн менен ырдап берүүсүн өтүндү. Элмира ортого чыгып созолонтуп жибергенде отургандар дуулдап кол чаап, дагы ырдап бер деп болбой туруп алышты. Буга чейин казак жылдыздары фонограмма менен ырдап жаткан болсо, Элмира жандуу үнү менен ырдап, элдин жүрөгүнөн дароо түнөк тапты. Элмирам сыйлуу белек коюлганына карабастан, “Казак кесиптештеримдин үнүн угайын деп келдим эле, анын үстүнө кудагый болуп келсем, силердин үнүңөр керемет” деп кайра аларды мактап койду. Адамдык сапатынын бийиктигин карабайсыңарбы, эч бир жандын көңүлүн ооруткусу келбеген, башкаларга дем-күч берген, баарына бирдей мамиле кылган жан эле. Жолдошчулукка бекем, көңүлүндө бир кири жок.Элмира бардык тараптан жөнөкөй эле. Менин жарым, эне, кыз, дос, ырчы катары эң мыкты болуп, адамдык касиетти бийик алып жүрчү.

Элмиранын өзгөчө таланттары

Элмирада баалуу касиетке ээ таланттар сандыкчасы бар эле. Ичин ачсаң актрисалык, опералык, фольклордук, комуз менен ырдаган, куудулдук өнөрлөрү чыкчу. Элмира студияны аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын ырчы-солисти болуп иштеп жүрбөдүбү.Ал жагын көбү билишчү эмес, бирок өтө таланттуу куудул, породист эле. Мен Элмиранын жөндөмүнө суктанып, “Ай сен Москвадагы Петросяндан да оозуп кеттиң. Ал сага караандабайт” деп тамашалап калчумун. Кээде мамлекеттин чиновниктерин пародия кылып туураганда, боорубуз эзилип калчу.Колунан көөрү төгүлгөн жан эле. Тойлордо конок тосуу, үстөлдү жасалгалоо боюнча астына эч кимди чыгарчу эмес. Мен палоону жакшы көргөндүктөн, аны түштүктүк тааныш келиндерден да ашырып даамдуу жасачу. Ар бир ишке чын дили менен мамиле кылчу.

Ишке ашпай калган пландар

—Кызыбыз Беназир менен кеңешип, болочок куда-кудагыйлар менен таанышалы деп жатканбыз. Тилекке каршы,Элмира ал күнгө күбө боло албай калды.

Ысык-Көлдү өтө жакшы көрчү. Аны  көбү “көлдүн ак куусу” деп койчу. Көлдүн жээгине барып экөөбүз клип тарталы деген оюбуз бар эле. Юбилей өткөрүп, көлдү жээктеп ырдасын дечүбүз. Элмиранын планы көп эле. Ошондуктан калып калган видео, ырларын чогултуп, документалдык тасма тарталы деп жатабыз. Кыргыз маданиятында Элмиранын кылган кызматы чоң, изи терең.

Элмираны жоготуп кайсалактап турганыбызда көбүнө кабар бере албай калдык. Бирок достор, санаалаштар, күйөрмандары интернеттен угуп алып сөөгү чыгар күнү келишти. Элмиранын урматына жаназасына ушунчалык көп адам келип, анын мыктылыгын эстеп отурушту. Казакстандан бери академик окумуштуулар келип, көз көрсөтүп жатышты. Элмира таланты менен казак элинин жүрөгүнүн толтосуна толгонун көрдүк. Мурдагы министрликтен, депутаттардан келип сөз сүйлөштү. Бирок азыркы мамлекет башында тургандардан да жаназасына бир келип коюшса болмок деп Элмиранын жылдыз достору айтып жатышты. Бул пикирге толугу менен кошулам.

Ысык-Көлдөгү фестивалга кетердин алдында Элмирага “документтериңди даярда, эл артисти наамын алууга татыктуусуң” дешкен. Ал көптөгөн эл аралык фестивалдардын лауреаты, Кыргызстанды дүйнө элдерине таанытып жүрдү. Түркиянын телеканалында концерт берип, эки саат бою жандуу үн менен ырдаганы бар. Мукам үнү менен көптөгөн кыргызстандыктардын алкоосуна татыктуу болгон. Мунун баарына карабастан, өтө жөнөкөй эле. Эч кимден мактоо, алкыш күтпөй жүрө берчү.

Мээрим Самиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты