Идрис Айитбаев: “Мага болгон урмат-сый — бул бүтүндөй кыргыз элиме болгон сый”

Идрис Айитбаев: “Мага болгон урмат-сый - бул бүтүндөй кыргыз элиме болгон сый”Белгилүү төкмө акын Идрис Айитбаевге Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев эки элдин ынтымагына кошкон салымы үчүн жаңы «Мalibu-Shevrolet« автоунаасы менен Өзбекстандан үч комнаталуу үй белек кылды. Тилинен бал тамган, «келечектин Эстебеси» аталган жаш, таланттуу акынга кайрылып, айланасында болуп жаткан уу-дуулар, алган белеги тууралуу маалымат алалык деп Идрис мырзаны кепке тарттык.

— Идрис мырза, сыйлыгыңыз кут болсун, алгач кепти бала чагыңыздан баштасаңыз…

— Менин бала чагым Өзбекстанда өткөн. Анжиян облусунун Коргон-Төбө районуна караштуу Токтогул колхозунун  Наманган деген айылында 1985-жылы 12-январда төрөлгөм. Атам Абдусаттар колхоздо, ал эми апам Суксур мектепте иштечї. Төрт бир тууганбыз. Эки уул, эки кыз, үй-бүлөнүн улуусу менмин. 2003-жылы окуумду бүтүп, Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетине тапшырып, англис тили мугалими кесибин алгам. Ошол жылдары университетте мугалим болуп иштеп калдым. Кийин келечегимди Кыргызстандан көрүп, ушул жактын жарандыгын алып, үй-жайлуу болдум. Азыр 3 кызым бар, Бабур театрында директордун орун басары болуп эмгектенем, ошол эле учурда №52 мектепте мугалим болуп иштейм.

Чукугандай сөз тапкан, кыйын кырдаалдан туура жол менен чыга билген акындык өнөр кимден жуккан?

— Акындык өнөр бул Кудай берген талант, эми бул талантымды өрчүтүп, кызыгуумду арттырган айтыш болду деп ойлойм. Бала кезимде калем шилтеп, ырларды жазып калчумун. Кийин Жеңишбек Жумакадыров, Аалы Туткучев сыяктуу устаттарыбызды көрүп кызыгып, акындык өнөргө кирип кеттим. Кудай берген талантты таптап көрөйүн деп, 2014-жылы айтыш өнөрүнө кадам таштадым. Кудайым буюруп жолум ачылып, азыр айтыштын сахналарында көрүнүп жүрөбүз.

Идрис Айитбаев: “Мага болгон урмат-сый - бул бүтүндөй кыргыз элиме болгон сый”

— Кыргыз-казак акындарынын айтышында беш тилде төгүп, күйөрмандардын гана эмес, казак элинин, чет жактан келген коноктордун да ооздору ачылды. Бул тилдерде эркин сүйлөйсүзбү?

—Албетте, ал айтышта мен башка тилге өтөйүн деген ниетим жок болчу, бирок казак акыны Айбек Калиев акебиз ушундай суроо бергенинен залды карасам, чын эле чет элден келген күйөрмандар отуруптур, мейли эми эл үчүн деп, жана да котормочулары кантип которуп берип жатканы белгисиз болгондуктан, кыйналбасын деп өз тилинде төктүм. Эми мен негизинен айтыштын форматын бузган жокмун. Эне тилимди булгаган жерим жок. Болгону биздин өнөрдү дүйнө таанысын, билсин деп өзлөрүнүн тилинде ырдадым. Кесибим англис тили мугалими болгондуктан кыйналбай эле төктүм. Ал эми Өзбекстанда жашагандыгым, Кыргыз-Өзбек университетинде окуганым да өзбек тилинде таза сүйлөөгө түрткү болду. Түрк тилин болсо түрк лицейинде мугалим болуп иштеп жүргөндө үйрөнгөм. Буюрса, араб тилин жогорку деңгээлде үйрөнүүнү алдыга максат койдум.

— Айтыш өнөрү тууралуу маалымат бере кетсеңиз…

— Негизинен бүгүнкү айтыш менен мурдагы айтыштын айырмасы бар. Мурда Ашыралы Айталиев, Эстекем болсун, Тууганбай Абдиев атабыз, болбосо кечээки эле Замирбек устасыбыз болсун, негизинен эски акындардын күйөрмандары эки эле катмарга бөлүнгөн: улуу муун жана жаш муун болуп. Ал эми бүгүнкү күндөгү акындардын күйөрмандарынын ой-пикирлери, түшүнүү багыттары чачыранды болуп кетти. Бир жерде ырдаган ырың улуу муунга жакса жаштарга жакпайт, саясатчысына жакса динчисине жакпайт, динчисине жакса теңирчисине жакпайт, айтор, биз бүгүн чындыкты айтып ырдайын десең ар түрдүү кысымдар болот, үй-бүлөңдү, келечегиңди ойлоп кой дейсиң, мактап ырдасаң арзымат акын болосуң. Ушунун баарын ойлоп келип орто багытты кармап, бардыгына бирдей жагып ырдап кеткенге аракет кылабыз. Чынында бир убакта айтыш  өнөрү төрт акындан кийин уланбай калабы деген коркунуч болгон. Ал эми азыр болсо кудайга шүгүр, козу карындай жайнап бир топ акындар чыгып келатабыз, буюрса келечек алдыда деп ойлойм.

— Айтышта 3-орунду алдыңыз, өкүнгөн жоксузбу? Калыстар тобу туура чечим кабыл алды деп ойлойсузбу?

—Чынын айтайын, мен 3-орунду алып калганыма өкүнгөн жокмун. Каякта болбосун бул жөнүндө айтып да, жазып да чыктым. Айтышты уюштургандарга, калыстар тобуна, атаандаштарыма, күйөрмандарыма, колдоп келген демөөрчүлөрүмө терең ыраазычылык билдирип келем. Балким 3-орунга чындап эле көтөрмөлөп алып келишкендир, мүмкүн татыксыздырмын, ал үчүн өкүнбөйм.

— Кээ бир маалымат каражаттарына берген маектериңизде “Мындан ары коррупция аралашкан айтышка кадам таштабайм” дептирсиз, ал эмне болгон коррупция?

— Бул жерден бир нерсени айта кетейин, айрым сайттар берген маалыматта жеке өзүмдүн оозуман чыккан андай сөз жок болчу. “Эгерде алган байгеңди алты жериңден тешип чыккан, аркаңан ар нерсени сүйлөй турган болсо байге коюлган айтыштарга катышпайм” деп айткам. Эч жерде коррупция болгон жок, албетте, айтыш айтыш, тартыш тартыш башка болот, бирок бизде, мен чынын айтайын, кечээки акыркы болгон айтыштан ар кимден ар кандай сөздөрдү уктум, жакшы да, жаман да сөздөр болду. Ошондуктан байге коюлган айтыштарга катышпай эле койгон жакшы деп айттым, бирок коррупция аралашкан айтыш деген сөз ушул күнгө чейин оозумдан чыга элек. Кээ бир журналисттер акыл деңгээлине жараша филтрлеп, эч далили жок макалаларды жазышат экен. Бул журналисттердин кыйтыр бир тактикасы окшойт, мени абдан иренжитти. Буларды эми ар бир журналисттин уятына койдум.

Чындыгында мен көптөгөн сөздөрдү уктум. Түшүнүгү бары деле, жогу деле жазып атты. Негизи айтыш өз деңгээлинде өтүшү керек. Калыстар тобу колунан келгенин кылып, калыс баалаганга аракет жасап атат. Бүгүнкү күндө айтыш тууралуу айта берсең арман көп, турмуш тууралуу айта берсең дарман көп, чындыгынан жалган көп болуп кете берет. Бизде айтышта убакыт аз берилет, мага беш мүнөт, атаандашыма беш мүнөт. Беш мүнөттө араң күчкө киресиң, ал эми казактарда жарым саат берилет, бул жарым саат убакта өзүң да чечилип төгөсүң, кимдин ким экени билинет. Убакыттын кыскалыгынан шашып айтасың. Анан калыстар баалаганда теманы айтсаң атаандаштын берген суроолоруна жооп берген жок дешет, атаандашыңдын суроолоруна жооп берсең теманы ача алган жоксуң дешет, экөөнү тең алып барайын десең убактың аз. Ошондуктан, балким уюштуруучулар окуп калса, аларга айтайын деген сунушум, убакытты көбүрөөк беришсе. Ал эми калыстар тобуна баалоо критерийлерин бериш керек. Алып баруучуларга болсо сен төгүп аткан учурда оюңду бөлбөй, алагды кылбай, аралашпай турушу керек. Бизде убактың аз калды жана башка сөздөрдү айта беришет. Техника өнүккөн заманда чоң экран койсун сааты менен, элге да калыс болсун, биз ошол убакытты карап айтышканга үйрөнөлү болбосо.  Келгиле, чогулуп айтыштын деңгээлин көтөрөлү. Мисалы, айтыш боло турган жерге кайсыл аймакта болбосун өз каражатыбызга барып катышып келебиз. Жол кирең, жатаканадан бери өзүбүз табабыз. Анан сахнага чыкканда гана акын болобуз. Ал эми сахнанын артындагы көйгөйлөр, түйшүктөр бизде каралбайт. Анан ошончо акча каражатын коротуп барып финалга чыгышың да, бир байге алып кайтышың да белгисиз. Биз чыныгы өнөрдүн акысын берели деп барабыз. Эгерде акчаны эсептеп бара турган болсок, ошончо акча, убакыт коротуп баргыча үйдө мал-жан менен, кетменимди чаап, үй-бүлөмдүн жанында болоюн демекпиз. Акындардын айтыштан алган байгеси акындардын өзүнүн өнөрүн кайра таптаганга жардамчы болушу керек. Жаш акындарга материалдык жардам жок болуп, натыйжада акындык өнөрүн өстүрө албай атат. Ошондуктан демөөрчү болом дегендерге, жаш акындар өсүп келе жатат, аларды колдоп койсоңор. Алар мунум калды, тигиним калды дебей, Кудай ыроологон талантын багып, таптап, элдин акыны болуп ырдап бермек. Ошондо акындык өнөрдүн  өскөнүн, акындык айтыштын бараалынын дагы бир бийиктикке чыкканын көрөт элек.

—Эки өлкөнүн президенттеринин алкышына татуу кандай сыймык, толкунданып аткан чыгарсыз…

Идрис Айитбаев: “Мага болгон урмат-сый - бул бүтүндөй кыргыз элиме болгон сый”Өзбек президентинин мага берген белегин бул бир гана мага болгон урмат-сый эмес, бул бүтүндөй кыргыз элиме, Кыргызстанга болгон урмат-сый деп кабыл алдым.  Мени биринчи орунда сүйүнткөн нерсе алган үй жана машина эмес, менин үйүм жана машинам бар. Мени биринчи орунда сүйүнткөн нерсе – ушул эки өлкөнүн президенттеринин берген батасы, ыраазычылыгы, мени кучактап бооруна кысып, “рахмат балам” деген сөзү, мен үчүн ушул эң чоң байге, сыймык. Ал эми жумурткадан кыр издеп аткан оозу бошторго айтарым, белекти берсе президент берди, ал президенттин жоомарттыгы, сенин чөнтөгүңөн чыккан жок, ошондуктан чычалабай жөн эле отур демекчимин. Мен өнөр менен өлкөлөрдүн достугун даңктап ырдайм. Кыргызстан Өзбекстан менен болобу, Казакстан менен болобу, Россия, Түркия менен болобу, бардык жерде достугу бекем болсун деп даңктап, мактап ырдайм. Менин кааларым — Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу. Бир эле Өзбекстан менен бекем болсун деп ырдаган жокмун. Болгону мага Өзбек президентинин кашында ырдоо п этти. Айтор, ким болбосун, кайсыл өлкөнүн президенти болбосун, алардын алдында ырдайлы, бирок достукту, ынтымакты даңазалайлы.  Чек аранын ачылышы кээ бирөөлөргө жөн эле нерседей сезилсе керек, оозу боштор ар нерсени сүйлөп атышат. Алар тууганына жете албай, бала чакасын, небересин, куда-кудагыйын сагынган учурларды башынан өткөргөн жок. Оорубаган адам даарынын кадырын билбейт, улуу муунду көрбөгөн адам карынын кадырын билбейт, ат таптап минбеген  буудандын кадырын билбейт, алыста жүрүп сагынбаган туугандын кадырын билбейт. Ошондуктан, мен ал оозу бошторго деңгээлиң ошол болгон соң, жаагыңды жап дебейм, ит үрсө мага көчөдөн, теңелип итке ав дебейм, кандай болсо ошондойсуң демекмин. Бирок бир нерсени унутпаңыздар, жакшы сөздү айта-айта жылаан ийнинен чыгат, жаман сөздү айта-айта мусулман дининен чыгат. Мен бир эле өзбек эли эмес, мусулман биримдикте жашасын деген каалоо-тилектерди ырдап, өнөрүмдү тартуулап атам.

Күйөрмандарыма, элге айтайын дегеним, карапайым, айкөл элимден айланса болот, ар дайым бар болуңуздар. Ал эми калыстар тобу, уюштуруучуларга айтайын дегеним, өткөндө күйөрмандарды алып келип ызычуу уюштурду деген сөздөр да болду эле. Мен залдагы бакырып, сөгүп аткандарды тааныбайм. Эл эл экен, өздөрү жактырып, өздөрү колдоп, кубаттап атат. Аларды  тыя албайсың. Мен аларды туруп бакырып бер, ызычуу салып бер деген жерим жок. Фейсбуктан жазып, каралап бер деп жалынган жокмун, өздөрү жазып атат. Наам тууралуу айтсам, аны алдың, не болду анан? Мен ал үчүн ырдаган жокмун. Наамга суусаган да жокмун. Берсе алардын берешендиги, бербесе бул акындын чечендиги, карапайым элимдин эсендиги, наам үчүн эмес, мен Мекен үчүн эмне кылдым деген түшүнүк менен жашайлычы дейт элем. Бирөөнү жамандагандан эч кандай пайда көрбөйбүз, биримдикте, ынтымакта жашайлы, кыргыз элим.

Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты