Кайра жаралбай калгандар

Кайра жаралбай калгандарБуга чейин Бакыт Төрөбаев жетектеген “Өнүгүү-Прогресс”, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибековдор башында турган “Ата-Журт” жана Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясы бириккенин, Президенттик шайлоодо бир партиянын астына биригип, бирдиктүү талапкер менен чыгаарын жарыялашкан болчу. Ал партиянын жана талапкердин аты кечээ 11-сентябрда, жаңы партиянын съездинде белгилүү болору күтүлгөн эле. Бул төртилтик дагы бир талапкер Темир Сариев менен биригери тууралуу дагы кептер кыйытылган болчу. Ал ортодо Бакыт Төрөбаев жаңы партияга ысым менен логотип табуу сынагын жарыялап, жеңүүчүгө Iphone 7 берерин дагы жарыялаган. Сынактын жыйынтыгында “Кайра жаралуу” деген партия болорун билдиришкен болчу.

Бирок үгүт иштери башталып калса дагы бул төртилтиктин дайыны жок болуп кеткенине баары кызыгып, байкап турушту. 10-сентябрь күнү Камчыбек Ташиев кокусунан эле бийликтин чыгарып жаткан талапкери Сооронбай Жээнбеков менен чогуу үгүт жыйындарында чыкканын көрүп, айран таң калгандар болду. Төртилтиктин дагы бир мүчөсү Акматбек Келдибековдун дагы Жээнбековду колдоору тууралуу маалыматтар чыккан болчу, бирок анын жардамчылары бул маалыматты азырынча четке кагышууда. Ал эми Адахан Мадумаров болсо кандай болгон күндө дагы үзөңгүлөштөрүнүн бул чечимин сыйлай турганын айтып, өзү бийликке каршы чыга алган кайсы талапкер болбосун биригүүгө даяр экенин жарыялады. Бакыт Төрөбаев болсо “Кайра жаралуу” партия жаралбай калганына өкүнүп, “Өнүгүү” партиясы төртилтиктин бардык талаптарын аткарышканын, катачылык алардан кетпегенин билдирди. Мына ошентип бул партия кайра жаралбай калды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты