Өспүрүмдөр милиция тарабынан кыйноо болуп жатканын айтышууда

Өспүрүмдөр жабыркаган бойдон калышууда, бирок расмий түрдө арыздангандар аз.

Өспүрүмдөр милиция тарабынан кыйноо болуп жатканын айтышуудаУлан (каймана ат) өткөн жылы милиция тарабынан Бишкектин Октябрь районунан уюлдук телефон уурдады деген шек менен кармалган.
Бир топ достору менен көпкө чейин кармалган 15 жаштагы өспүрүм көргөн запкысын дагы деле унута элек. Күнөөсүз экенин айтып арыз жазганына карабай, милициянын райондук бөлүмүндө аны абдан катуу сабашкан, досторун көп өтпөй чыгарып жиберишкен менен, анын өзүн дагы 12 саат бою кармап, жаман мамиле жасашкан.

“Биз бөлмөдө жалгыз калганда опер кызматкерлеринин бири менин жаныма келип, чачымдан кармап туруп үстөлдү сүздүрдү. Андан соң башыма, бөйрөгүмө уруп, тээп, телефон уурдаганыңды мойнуңа аласың деп кыйкырып жатты”, — деп эстейт өспүрүм.
Алган жаракатынан улам бошотулары менен Уланды туугандары ооруканага алып барышты. Улан кадыресе эмес кадамды жасап, Бишкек милициясынын кызматкерлерине каршы арыз жазды. Сот иши азыр дагы уланууда.

Кармалган өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук колдонулуп жатканын көрсөткөн көптөгөн фактылар болгону менен иштердин аз гана бөлүгү сотко жетет.
2015-жылы Кыйноолорго каршы туруу боюнча мамлекеттик улуттук борбор убактылуу кармалуучу жайларга жана СИЗОго камалган 14-17 жаштардагы өспүрүмдөрдү анонимдүү сурамжылоого алышкан. Сурамжылоого алынган 54 өспүрүмдүн 38и,  тагыраак айтканда, 70% милиция кызматкерлери, тергөөчүлөр, мекеменин кызматкерлери аларды кыйнаганын жана күч колдонгонун айтышкан.
Кыйноо катары уйкудан ажыратуу, союл менен сабоо, муунтуу жана тырмактарынын астына ийне саюу колдонулган. Эки өспүрүмдү кычыраган суукта сыртка чыгарып, үстүнө муздак суу куюшкан.
Бул отчетко жооп катары мыйзам чыгаруучулар Ички иштер министрлигине кенен иликтөө жүргүзүүнү тапшырма беришкен.

2016-жылдын май айында ал кездеги министр Мелис Турганбаев жергиликтүү милиция Өспүрүмдөр милиция тарабынан кыйноо болуп жатканын айтышуудажетекчиликтерине кызматкерлеринин жүрүм-турумуна көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берген.
Бирок Кыйноолорго каршы улуттук борбордун алдын ала эскертүү бөлүмүнүн жетекчиси Самаган Асановдун IWPRга билдиргенине караганда, бул боюнча андан кийинки аракеттер болгон эмес.
Кыйноо үчүн төрт жылдан сегиз жылга чейин түрмөгө камалуу жазасы каралган, ал эми боюнда бар аялдарды, жашы жете элек балдарды, майыптарды кыйнаган учурларда 10-15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Кыйноолор 2003-жылы кылмыш иши деп табылгандан бери сотко жеткен иштердин көпчүлүк учурунда шектелген адамдар далилдин жетишсиздигинен улам эркиндикке чыгып кеткен, же болбосо эскертүү берүү менен бошотуп жиберилген. Өспүрүмдөрдү кыйноого алгандыгы үчүн болгону бир гана милиция кызматкерине сот өкүмү чыккан.
2014-жылдын март айында эки милиция кызматкери мектеп окуучуларды күнөөнү мойнуна алууну талап кылып, зомбулук көрсөткөн үчүн күнөөлүү деп табылган. Кыргызстандын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда Нурбек Асанбай уулу менен Шекербек Эрмеков 11 жылга эркинен ажыратылган.
Кыргызстандагы чоңдордун арасындагы кыйноолор боюнча арыздануунун саны 2014-жылда 19 болгон болсо, 2016-жылдын биринчи жарымында 231ге жеткен.
Башкы прокуратуранын акыркы статистикалык маалыматтарына караганда, 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата 231 киши кыйноо боюнча арыз менен кайрылган. 200гө жакын ишти кароодон баш тартылып, милиция кызматкерлерине карата 8 кылмыш иши козголгон.

“Голос Свободы”  укук коргоочу коомдук уюмунун юристи Айдар Сыдыковдун айтымында, түшкөн арыздар менен сотко ашкан иштердин санынын ортосундагы айырма түшүнүктүү.
 «Алар [система] кыйноого кабылгандардын жакындарына же өзүлөрүнө басым жасашат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери өздөрү кыйнаган адамдын [арыз жазган адамдын] артынан аңдып, баңгизат таштап койгон учурлар болгон”,— дейт Сыдыков IWPRга.
Өспүрүмдөрдү кыйноолор боюнча арыздануу ыктымалдуулугу азыраак. Асановдун айтымында, сурамжылоого алынган өспүрүмдөрдүн жарымы аларга зомбулук көрсөткөнү боюнча арыз менен кайрылууга болорун дагы билген эмес.
Алардын 9 пайызы гана расмий арыз менен кайрылган, бирок алар кийинчерээк ал айыптоолорунан баш тартышкан.
Балдар үчүн кыйноонун кесепети жаман болушу мүмкүн.
“Эгер бала мурда дүйнөнү коопсуз деп эсептесе болуп өткөн окуядан [кыйноодон]  кийин дүйнө коркунучтуу, эч кимге ишенбеш керек деп ойлоно баштайт”, — дейт “Балдардын укугун коргоо лигасы” бейөкмөт уюмунун клиникалык психологу Перизат Асылбаева.
“Кыйноолордун уйкусуздук, жаман түштөр, депрессия, апатия же тескерисинче, курчап турган дүйнөгө карата агрессия сыяктуу психологиялык кесепеттери бар”, — деп сөзүн улайт психолог. Аны менен катар эле зомбулукка кабылган өспүрүм кылмыштуу жашоого аралашып алышы мүмкүн экенин кошумчалайт.

ИИМдин коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынын жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмдүн жетекчиси Азамат Абдрахманов, Ички иштер министрлиги кылмыш кодексине жашы жете элек балдарды түнкүсүн суракка алууга бөгөт койгон өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактай турганын IWPRга билдирди.
Жалпы көзөмөл дагы күчөтүлөрүн кошумчалайт ал.
 «Бишкектин төрт ички иштер башкармалыгында көзөмөлдөөчү видео байкоолор коюлат, — деп улантат өз сөзүн. – Бардык сурактар жазылат”.

Мурда тергөөчү болуп иштеген кыргызстандык укук коргоочу Нурбек Токтакунов мындай чаралар, албетте, жетишсиз деп билдирет IWPRга. Анын айтымында, милициядан ай сайын кылмыштын бетин ачуу көрсөткүчтөрүн талап кылышат.
Бул алар кылмышты мойнуна алдыруу үчүн  кармалган адамдын жашына карабай күч колдонуп басым жасоого өткөнүн түшүндүрөт.
Кыйноолорго каршы туруу боюнча улуттук борбордун сурамжылоосу милиция кызматкерлери жашы жете электердин арасындагы майда кылмыш иштерин жаап коюу үчүн айрым учурларда пара алышарын дагы аныктаган.
“Алар үчүн [милиция кызматкерлери үчүн] [кармалгандар] – булар кылмышкерлер, ачылган кылмыштын санын дагы бирге көбөйтөт жана өз чөнтөгүнө иштеп алууга мүмкүнчүлүк”, — дейт Токтакунов.

Атын атабай эле коюну суранган Уландын эжеси анын инисин кыйноо боюнча жазган арызын милициянын Октябрь райондук бөлүмү үч жолу кабыл албай койгон. Арызды кабыл албаса жогорку инстанцияга арызданарын эскерткенде гана Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы кабыл алган.

Психологдун бир канча кеңештерине карабай Улан азыркыга чейин алган  жаракатынан чыга албай келет.
“Коркуп баштадым. Көчөдө баратып дагы бирөө кармап калабы, дагы бир нерсе илип коюшсачы деп ойлой берем. Мурда болсо кечке чейин деле сейилдеп жүрө берчүмүн. Азыр милиция кызматкерлерин же патрулдук машинаны көрөрүм менен алар өтүп кеткиче токтоп, күтүп турам”, — дейт ал.

Мадина Шералиева – Бишкектеги журналист. Кошумча маалыматтар Кыргызстандагы IWPR дан окуудан өткөн журналисттер тарабынан берилген

Өспүрүмдөр милиция тарабынан кыйноо болуп жатканын айтышуудаБул макала IWPRдын  Европалык Кеңештин каржылоосу менен өтүп жаткан «Демократиялык реформаларды алдыга жылдыруу үчүн журналисттик иликтөөлөр практикасын түптөө” долбоорунун алкагында даярдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты