16 жаштагы кызды зордуктаганга шектелгенди үй камагына чыгарган судья отставкага кетти

  • 2 года мурун

16 жаштагы кызды зордуктаганга шектелгенди үй камагына чыгарган Свердлов районунун судьясы Жаналы Батырбеков отставкага кетти. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова Фейсбуктагы баракчасына 16 жашар кызды зордуктады деп айыпталгандар сот залынан бошотулгандыгын айтып жазган.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдагандай, 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендерди сот залынан бошотуп койгону боюнча Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбаев көз жаздымда калтырган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты