16-майдан тарта кыргыз жарандарына Россияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынды

  • 2 года мурун

16-майдан тарта Кыргыз жарандарына Россияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле Россиянын жарандарынын Кыргыз Республикасына кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынды. 

Тиешелүү чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен Россия Федерациясынын Өкмөтү кабыл алды.   

Белгилей кетсек, бул маселе 14-апрелде Москва шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган. 

Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты