16-24-сентябрда Сербияда Дүйнө чемпионаты өтөт. Кыргызстандан кимдер катышат?
- 1 год мурун
16-24-сентябрь күндөрү Сербияда Дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Чемпионатта 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат. Чемпионатка Кыргызстандын атынан алдыңкы балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова катышат. Беттештер 16-18-сентябрь күнү эркин күрөш, 18-21-сентябрь күнү кыз-келиндер күрөшү жана 21-24-сентябрда — грек-рим күрөшү өтөт.
Муну бөлүшүү