Москвадагы өрттө эки кыргызстандык жараат алды


Москвадагы өрттө эки кыргызстандык жараат алды

Орусиянын борбору Москва шаарындагы “РИО” соода борборундагы өрттөн Кыргызстандын эки жараны жараат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жараат алгандар учурда Склифосовский атындагы ооруканада дарыланууда. Абалдары оор.

10-июлда Москванын түндүгүндөгү соода борборунда өрт чыккан. Андан 18 адам жараат алганы кабарланган болчу.

2016-жылы 27-августта Москвадагы басмаканада өрт чыгып, 17 кыз-келин каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары болушкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты