151 млн сом зыян келтиришкен. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун дагы эки мүчөсү кармалды

  • 1 год мурун

Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү жалган ишкердик фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү «Узун Улан» каймана аты бар У. Барчакеевдин аталаш бир тууганы, Камчыбек Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы С.А.С. жана топтун мүчөсү Т.К.Б. жалган финансылык документтерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун мыйзамсыз схемасын уюштурган деген шек менен кармалды. Маалыматта алар түзгөн схемадан 151 млн сом зыян келтирилгени айтылат.

Кармалгандар жалган фирмаларды салык органдарына каттатуу менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө «Ак-Тилек» жана «Чалдавар» автожол бекеттери аркылуу товарларын экспорттоп ташып келишкен.

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты