Айпери Кубик кызы, ырчы: “Өткөн ишке өкүнбөйм”

Айпери Кубик кызы, ырчы: “Өткөн ишке өкүнбөйм”

Шоу-бизнестеги ырчы айымдардын катарын толуктап келаткан Айпери Кубик кызы чыгармачылыкка баш-оту менен кирип, жаңычыл көз караш менен клиптерди ар кандай нукта тартып, күйөрмандарын сүйүнтүп турган убагы.  Айпери айым бизге чыгармачылыгындагы жаңылыктар, жайкы эс алуусу кандай өтүп жатканы тууралуу айтып берди.

Айпери Кубик кызы, ырчы: “Өткөн ишке өкүнбөйм”—Саламатсызбы, Айпери, Бишкектин ысыгынан тажаган жоксузбу? Каяктан эс алууну пландап атасыз?

— Азыр бул жакта элебиз, жумушум көп болгонуна байланыштуу эч жакка чыга албай атам. Буюрса, 20сынан баштап Ысык-Көлгө гастролго чыгам, “Бир ок менен эки коенду атып” дегендей, концерт койгончо ошол жактан үй-бүлөбүз менен эс алабыз деп пландап атам.

—Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп атат?

—Жаңы ырларды жаздырдым. Атам экөөбүздүн “Балам үчүн” аттуу дуэт ырыбыз чыкты. Буюрса, дагы бир жакшы жаңылыгым бар, ал Хосэ Агроманте деген кубалык ырчы менен кыргыз-испан тилинде ыр жаздырдык. Мен кыргыз тилинде, ал эми Хосэ испан тилинде ырдады. Жакында ырыбыздын бет ачары болот. Ал ыр “Дани” деп аталат, уулумдун атынан коюлган.  Алдыга койгон көптөгөн пландарым бар, алдын-ала жарыялагым келбейт, ишке ашканда күйөрмандарым биринчилерден болуп угат деп ишенем.

—Жакында эле “ажырашып кеттим” деп интервью бердиңиз эле, себебин айта аласызбы? Уулуңуздар кичинекей экен, кайра жарашам деп ойлойсузбу?

—Үй-бүлөм тууралуу маек бергим келбейт, ал менин жеке жашоом, андыктан бул сурооңузга жооп бербейле коеюнчу, күйөрмандарым түшүнөт деп ойлойм.

—Келбетиңизге суктангандар көп, кантип кам көрөсүз?

—Диета деле кармабайм, болгону спортзалга барып машыгып турам. Кичинекей кезимен футбол ойнойм, спорт ийримдерине көп катышып, кызыкчумун.

—Образыңызды тез-тезден өзгөртүп турасыз, стилисттен кеңеш аласызбы?Айпери Кубик кызы, ырчы: “Өткөн ишке өкүнбөйм”

—Образ, стиль боюнча өзүм эле чечем. Өзгөрүп турганды жакшы көрөм. Ар түрдүү болгум келет. Ошол себептен образымды алмаштырып турууну каалайм.

—Продюсер менен иштешесизби, акча каражатынан ким жардам берет?

—Продюсерим жок, ыр жаздырганга, клип тартканга жана башка нерселериме акча каражаты бүт өзүмдүн  чөнтөгүмөн чыгат.

—Бир күнүңүз кандай өтөт?

—Күндөрүм ар түрдүү өтөт. Бири-бирине окшошпойт. Көп убактымды уулум жана ата-энем, бир туугандарым менен өткөргөнгө аракет кылам.

—Акыркы жолу кайсы китепти окуп чыктыңыз жана кайсыл кинону көрдүңүз?

—Акыркы окуган китебим кыргыздын макал-лакаптар жыйнагы, ал эми кино көрө элегиме көп болду.

—Жакында алган белегиңиз?

—Жакында алган белегим алтын саат болду. Аны аяш атам менен аяш апам белекке беришкен.

Өткөн ишке өкүнбөйсүзбү?

—Өткөн ишке салават дейм. Бат эле кечирип, унутуп коем.

—Каякта эс алууну жактырасыз?

—Тоого чыгып, суунун жээгинде, негизи эле жаратылыш койнунда эс алганды жактырам.

Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты