150 кыргызстандык студент Германияда кыйын абалга туш болгону айтылды
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Социалдык тармактарда Германияда жүргөн 150гө жакын кыргызстандык студент турак жай маселесине байланыштуу кыйын абалга туш болуп жатканы тууралуу маалымат тарады. Бул тууралуу инстаграм колдонуучусу Медиса Жокиева билдирген.
Анын айтымында, студенттер жайкы каникул маалында иштөө үчүн ар бири болжол менен 55 миң сом төлөп, жеке компания аркылуу Германияга барышкан. Бирок баргандан кийин жумушту өз алдынча табуу талап кылынганы жана учурда айрымдары убактылуу жайларда калууга мажбур болгону айтылган. Студенттер тиешелүү органдардан жардам сураганы да белгиленген.
Ошол эле учурда аталган программага байланышкан “Samara Academy” бул маалыматтарды четке какты.
Компаниянын билдиришинче, студенттердин жашаган жери 27-июлга чейин алдын ала төлөнгөн жана мөөнөтү узартылат. Ошондой эле катышуучулардын айрымдары иш менен камсыз болгонун кошумчалады.
Уюм Германиядагы өнөктөш тарап студенттерди көзөмөлдөп жатканын жана алардын маселеси толук чечилгенге чейин колдоо көрсөтүлөрүн билдирген.
Азырынча бул кырдаал боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Германиядагы кыргыз элчилиги расмий маалымат бере элек.
Сүрөт: Скриншот




