15-январдан тарта Бишкекте жол кире кымбаттайт

  • 7 месяцев мурун

15-январдан тарта Бишкекте коомдук транспортто жаңы тариф күчүнө кирет. Ага ылайык, «Тулпар» картасы менен төлөгөн жүргүнчүлөрдүн жол киреси 17 сом болот, ал эми нак акчанын тарифи 20 сомду түзөт. MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө жол киренин баасы 11 сом бойдон калат.

Жеке автобустар менен кичи автобустарда тариф 20 сом деп белгиленген.

Азыркы учурда борбордо кичи автобустардын жол киреси 15 сом, ал эми автобус менен троллейбуста 11 сом.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты