​Исламий диний билим берүүнү реформалоо тууралуу баяндама жарыяланды

Бүгүн, 31-мартта, Булан институту «КРдагы Исламий диний билим берүүнү реформалоо аракеттери: жетишкендиктер жана кыйынчылыктар” деп аталган баяндамасын жарыялады.

Баяндамада Кыргызстанда диний билим берүүнү калыптаныш тарыхы, учурдагы Исламий диний окуу жайлардын абалы,окуу программасы жана аларга жаңы коюлуп аткан талаптар тууралуу кеңири анализ берилген.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Исламий билимге кызыгуу күч алып, медреселер ачыла баштаган.

Бирок, аларды каттоо, стандартка салуу жана бирдиктүү окуу программасын киргизүүнү ишке ашырган нормалар жана бирдиктүү система жок болгон.

2014-жылы Коопсуздук кеңеште дин маселелери багытыгында мамлекеттик саясат тууралуу концепция кабыл алынып, анда диний билимге көңүл буруу жана сапатын жогорулатуу максаты коюлган.

Ошондон бери диний окуу жайларды бир стандартка келтирүү, талапты жогорулатуу жана билим сапатын жакшыртуу аракеттери жүруп атат.

Учурда Кыргызстанда бир Ислам университети, тогуз Ислам институту жана 113 медресе катталган.

Булан институтунун баяндамасында бул окуу жайлардагы көйгөйлөр, окуу программалары, жетишкендиктер жана реформалоого тоскоол болуп аткан жайгдайлар анализденген.

Баяндаманын толук мазмунун бул шилтемеден окуй аласыздар: https://bulan.kg/wp-content/uploads/2019/05/Report-on-religious-education.pdf

Баяндама КР Дин иштери боюнча мамлекттик комиссиясынын, муфтияттын, көз карандысыз эксперттердин, дин аалымдарынын, медресе мүдүрлөрүнүн жана теологдордун берген маалыматтарынын негизинде даярдалды.

Булан институту Кыргызстандагы билим берүү системасы боюнча иш алып барууда. Бишкекте жана Женевада кеңсеси бар. Женевадагы кеңсеси адам укугу жана эл аралык коопсуздук боюнча иш алып барат. Институтту Чолпон Орозобекова жетектейт.

Булан институтунун Бишкектеги кеңсесинин телефону: 61-37-11.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты