Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө

(Башы гезиттин  өткөн  сандарында)

Референдум сабактары же  өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндөОоба, профессор Зимбардо экспериментти токтотууга мажбур болуптур, анткени кечеги эле татынакай студенттер  бир жумага жетпей  адамдык сапатын жоготуп, кара мүртөз мыкаачыга айланып кетишкен, өзүндөй эле студенттерге карата акылга  сыйгыс кордуктарды  көрсөтө  башташкан, эксперимент чектен чыгып кетип, ал жердеги зордук-зомбулукту  карап отуруу мүмкүн болбой калган.
Мына ушул илимий изилдөө экспериментине, жана ушуга окшош эле жасалган башка окумуштуулардын эмгектерине, тарыхый мисалдарга таянуу менен профессор Зимбардо  бир топ маанилүү тыянактарга келген.  Алардын ичинен биз үчүн  кызыктуусу — түзүлгөн кырдаалдын  жана ошол шартта адамдын коомдогу ээлеген орду, мансабы  анын жүрүм-турумуна, кыял жоругуна  түздөн-түз таасир тийгизет деген тыянагы.   Көрсө жакшынакай  эле кишилер  желмогуз болуп кубулуп кетип, антип кеткенин өзү да баамдабай калат турбайбы.  Кыязы  адам өзүнүн абийирин, ыйманын  кырдаалга карата  жана өзү ээлеген абалга карата “ачып” же “жаап”,  “иштетип” же “токтотуп” турат окшобойбу.
Ошентип  жогоруда биз кеп кылган “ажыдаар” жөнүндөгү икая да жөн жеринен айтылбаптыр,  элдин кылымдан кылымга сыдырылган акыл-эси улам кийинки муундарга эскертүү катары, насыят катары калтырган  керээзи экен ал.  Мансап менен бийлик адамдын акыл-эсин тумандатып, моралдык жана этикалык туюмдарын мокотуп сала турганы  илимий жактан дагы, адамзаттын тарыхындагы көптөгөн окуялар жана мисалдар менен дагы  толук далилденген факт  болуп калды.
Көрсө улуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков дагы “Сынган кылыч” романында “Шераалынын чокою” жөнүндөгү икаяны бекер жеринен жазбаптыр, анын  мааниси дагы, мазмууну дагы биз талдап аткан темага шайкеш.  Нүзүп  миңбашы  Шераалы тактыга отурганда анын чокоюн маңдайына илдирип коюп атпайбы,  өткөнүңдү унутпа, адамдык касиетиңди жоготпо деп. Жок, чокой деле ылаажы боло албады, Шералы хан деле бат эле “ажыдаар” болуп чыга келди, өзүн жетелеп жүрүп  такка отургузган Нүзүптүн башын жутту.
Тээ алыскы тарыхтан мисал кылбай деле азыркы учурдагы окуялар дагы мындай кубулманы көрсөтүп жатпайбы.  Атамбаев кимдин этегин кармап, кимдин этегине жашынып жүрүп президенттикке жеткенин элдин баары билет. Өзү деле ачык эле айтып жүрбөдү беле “Роза Исаковна болбосо менин президент болом деген оюмда деле жок болчу, сен чык, сен болбосоң болбойт” деп атып көндүргөн деп.  Акыры эмне болду, Кудай алдында, тарых алдында мына ушул чындыкты  танууга, Отунбаеванын 2010-2011-жылдардагы өткөөл мезгилдеги мамлекет башчысы катары ролун  жокко чыгарууга кылган  аракетине, жасаган ишине  баарыбыз  күбө болдук  го.  Шералы хан Нүзүп баатырдын башын кандай алдырса, Атамбаев дагы  Отунбаеванын  тарыхый ролун ошондой эле жок кылуунун аракетин кылганы  акылга сыйбаган жорук.  Ак үйдүн чыгыш жагына, президент кирип-чыга турган дарбазанын жанына  2002-жылдагы Аксы окуясында, 2010-жылкы Апрель Элдик революциясында курман болгондордун жаркын элесине арнап,  ак менен каранын күрөшүн чагылдырган эстелик да орнотуп койдук эле, Шераалынын чокоюндай болуп кийинки бийликке келген кишиге  тарыхты эскертип турсун деп, ал деле таасир этпей калды көрүнөт.
Быйыл, 2017-жыл, биз үчүн тагдыр чечүүчү жыл десек болот, анткени президенттик шайлоо болот.  Эмитен эле “мен болом” дегендер ат тезегин кургатпай ары-бери чапкылап калышты. Кайсы жерге барба “жакшы киши шайлап алсак” деген тилек айтышат,  “таптакыр президентке жарыбай койдук” деп наалышат.

Ушундан улам суроо туулат:  Эмне, Акаев жаман киши беле?  Же Бакиев жаман беле?  Жок, Акаевди  татынакай эле мугалим, окумуштуу катары билчүбүз. Президент болгонго чейин эле жаман болчу деп Акаевди айткан кишини көргөн жокмун. Билими, маданияттуулугу, кичи пейилдиги жагынан  үлгү болоорлук киши, муну эч ким азыр деле тана албайт.  Бакиев деле ошондой.  Аны да жакындан билгендер адам катары жакшы жактарын көп эле айтышат, чарба жетектеген, облусту, өкмөттү жетектеген, ишкер деп макташат.   Ошондой эле Атамбаев  жаман киши эмес болчу.  Анын да жакшы сапаттары бар, айкөлдүгү, колунун ачыктыгы көпчүлүккө белгилүү.  Оор күндөрдө бирге жүрүп ал сапаттарын  деле жакшы билебиз.  Үчөөнүн  тең бийлик башына жеткенчекти  эч  кандай өйдүк-сөйдүгү  байкалган эмес, анан эле президент болгондон кийин таптакыр башка болуп, кубулуп чыга келип, “жиндичиликке”  кирип кетип  атышпайбы.  Кеп бийлик башына келген же келем деген кишинин “жакшы” же “жаманында” эмес экен, кеп ошол бийликке, мансапка жеткенден кийин аны чийинден чыгарбай кармап туруучу күчтө экен, ошондой  эреженин калыптанышында экен.  Мына ушул чындыкты түшүнүүгө мезгил жетти деп ойлойм.
Акаев чектен чыгып кетти, эл толкуду, кубалап чыктык. Бакиев чектен чыгып кетти, эл толкуду, кубалап чыктык. Ал жөн кетпей кан төгүп, өз укуктарын коргоп чыккан элди атып, кырып кетти.  Өлкө башаламандыкка кабылды, мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучу пайда болду. Мына ошондой шартта Роза Исаковнанын темирдей кайраты, эрки, сабырдуулугу, мамлекеттик жана эл аралык саясаттагы тажрыйбасы, эне катары мээримдүүлүгү жана аялзатына гана тиешелүү эс-акылы өлкөнү тар жол, тайгак кечүүдөн алып чыгып кетти, “иттей ыркырашып” бирин-бири жеп жиберүүгө да даяр болгон саясатчылардын башын бириктирди,  ар кандай саясий күчтөрдү бир нукка багыттай алды, бир жарым жылга созулган өткөөл мезгил ийгиликтүү аяктап, Кыргызстанда  кайрадан  мыйзамдуулук орноп,  мамлекеттик бийлик толугу менен эл тарабынан шайланган парламентке жана президентке өткөрүлүп берилди.  Тарыхта биринчи жолу башкы бийлик колдон колго тынчтык жолу менен, шайлоонун жыйынтыгы менен өттү. Мына эми турукташтык, тополоңдор токтоп, өнүгүү жолуна чыгып калдык деп айтып оозду жыйганча   эле Атамбаев өлкөнү зордоп, сүйрөп барып эле ошол 2010-жылдагы саясий кырдаалга, ошол учурдагы саясий кармаш-тирештин  сазына тыгып салбадыбы.  Бүгүн жок эртең кетем деп, президенттик мөөнөтү бүтүп бара жаткан учурда,  образдуу айтканда “базардан кайтып калган” маалында  өлкөнү саясий башаламандыкка кириптер кылуу максатын түшүнүүгө мүмкүн эмес. Бул акылга сыйбаган көрүнүш.  Эң өкүнүчтүүсү президенттин оозу менен карандай калп айтылып,  анын жактоочуларынын башкы куралы ушак менен жалаа, жасалма кылмыш иштери, мыйзамсыз камоо, мыйзамсыз соттоо болуп калганы.  “Калп чындай айтылса, чын чычалай качат” дегендей, калп айтып, жанын жеп, ыйманын жеп аткандар  чындык, акыйкат үчүн күрөшкөн сымал болуп, ал эми чындыкты айтып  чыркырап жаткандар болсо  карга, кузгунга теңелип, душманга теңелип, а түгүл ошол бийликтеги бир ууч пенделердин душманы эмес, бүтүндөй  “кыргыз  элинин душманы” катары, “эл бузарлар” катары  айтылып жатканы  да жан кейитет. “Тилде сөөк жок” деген ушу экен да, кошомат үчүн  “аттуу-баштуумун” деген эле кишилер пендечилик кылып, ойдо жок, акылга сыйбас нерсени деле айта берет  экен.

Профессор Зимбардо болсо өзү баштаган  “түрмө экспериментин” өзү токтотту, анда ошондой укук бар болчу. Антпесе “мансапка” ээ болгон студенттер берки  “камактагылар” өздөрүндөй эле  студенттер экенине карабай, майып кылып же өлтүрүп деле коюштары  толук ыктымал эле.   Ал эми мамлекеттик деңгээлде бийлик башына келип, эбегейсиз зор мансапка ээ болуп,  анан кубулуп, ажыдаарга айланып элдин ырыскысын, жердин кутун соро баштаган,  өзүнө жакпай калгандарга  зордук-зомбулук көрсөтө баштаган  пендени  ким токтотот?  Биз азыр өзүбүзгө мына ушул суроону берүүбүз керек.
Ошондуктан мамлекет  башына  жана башка тагдыр чечүүчү бийлик түзүмүнө келген адамды  “жин уруп кетүүдөн”   сактоонун,  өлкөнү  ушундай адамдардын “жиндичилигинен” коргоонун жолу барбы деген суроо  өтө учурлаш суроого айланып калды. Улам көтөрүлүп, улам толкуп, улам кубалашып жүрө берсек өлкө да өнүкпөй турганына, турмуш да оңолбой турганына жакшы эле ынандык.  Анын үстүнө кеп кимди шайлап, кимди президент кылганда эмес экендигин жогорудагы мисалдар, өзүбүздүн  соңку тарыхыбыз  ташка тамга баскандай эле даана көрсөтүп жатпайбы. Көрсө кептин төркүнү коомдук түзүлүштө, мамлекеттик түзүлүштө экен, алардын ички маңызында экен, мамлекетти курууда  бийлик башындагыларды “жиндичиликтен”  сактап,  мансапка манчыркай баштаган  аткаминерлердин  “жиндичилигинен”  элди, өлкөнү коргоп тура турган ички күчтөрдү,  ички көзөмөлдү, ички жөнгө салуу механизмдерин  калыптандырууда экен.  “Тарыхты тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат” деп айтылгандай, өз тарыхыбыздан сабак алууга, андан маани-мазмуун чыгарууга да мезгил жетти. Улам өткөндү унутуп, эстен чыгарып, сабак албай, анан барып эле улам там сүзө берүүнүн кажети жок.
Кептин учугу  мындан ары ушул өңүттө болмокчу.

(Уландысы бар)

 Эмилбек КаптагаевРеферендум сабактары же  өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты