Сөөк коюу үчүн жер саткан көрүстөндүн жетекчилери кызматтан четтетилдиби?

Сөөк коюу үчүн жер саткан көрүстөндүн жетекчилери кызматтан четтетилдиби?

Гезитибиздин өткөн (“Полит Клиника” №11, 13-апрель, 2017) санында “Бишкекте сөөк коюу үчүн жер канча сом турат?” деген теманын алкагында журналисттик иликтөө жүргүзгөн элек. Ал иликтөөнүн алкагында Бишкек шаарында жайгашкан Түштүк-Батыш көрүстөнүндө иштегендер жерди кымбат баада сатып аткандарына күбө болгонбуз. Тиешелүү органдар маркумду жерге коюу үчүн көрүстөндө сатылып жаткан жерлер мыйзамсыз экендигин баса белгилешкен. Бул иликтөөнүн жыйынтыгы эмне болду? Тиешелүү органдар чара көрдүбү же бул фактыга көз жумуп коюштубу?

Бул маселе боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Эркин Исаковго телефон аркылуу байланышканыбызда, мындай маалымат менен тааныштыгы жок экенин, эгер конкреттүү арыз менен фактылар болсо, аны карарына убада кылган. “Эгер андай факты болсо, биз катуу чараларды көрөбүз. Кандай болгон күндө дагы андайга жол бербешибиз керек. Биз андайлар менен күрөшөбүз, мен андайларга каршымын” деп жооп берген эле.

Сөөк коюу үчүн жер саткан көрүстөндүн жетекчилери кызматтан четтетилдиби?Ал эми Бишкек шаардык аза кызматтарын көрсөтүү Муниципалдык ишкананын жетекчиси Руслан Бачиев алардын кызматкерлери мэрия тарабынан бекитилген суммадан ашык каражат албай тургандыгын: “Бишкек шаарынын мэриясынын токтомуна ылайык, каза болгондорго жай акысыз берилет. Бирок биздин балдар сөөктү жеткирүүдө аны көмүүгө жардам беришет. Бул үчүн христиандар 5800 сом, мусулмандар 7400 сом төлөшү керек. Алар акчаны биздин агенттикке төлөп, чек алышат. Сөөк коюу үчүн башка эч нерсе талап кылбайбыз” деп билдирген эле.

Ошол эле учурда шаардык кеңештин депутаттары бул чөйрөдө тартипти сакташ керектигин белгилешет. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Бишкек  шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Сариев:
Сөөк коюу үчүн жер саткан көрүстөндүн жетекчилери кызматтан четтетилдиби?“Айрым тургундар бул көрүстөндө жай 20-25 миң сомдон сатыларын айтышат. Биз мындай маселени көтөргөндө, Бишкектеги Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Руслан Бачиев баарын танып жатты. Сөөк коюу үчүн жер  расмий баалар менен берилээрин, ал жакта 120 орун эле калганын айтты. Бирок иш жүзүндө андай эмес да. Мына жакында менин шайлоочуларым сөөк коюуга жерге 20 миң сомдон сурап жатышканын айтып, эмне кылабыз дешет. Мен анда “Сатып алгыла!” дедим. Башка эмне деп айтат элек? Дегинкисин буларга чара көрүш керек, ал иштерге аралашкан бардык чоңдорду жумуштан алып, чынчыл иштегендерди ордуна алып келиш керек. Биз жакында ушул маселени фракцияда көтөрүп, чара көрөбүз” деп убада берген.

Биздин иликтөөбүз гезит бетине жарыялангандан кийин жогоруда аты аталган жетекчиликтер “Бул маселенин алкагында кандай иштерди алып барып атат?” деген суроого жооп издеп аларга кайрылып, төмөнкүдөй жооп ала алдык.

Биздин журналисттик иликтөөбүз гезит бетине жарыяланган күнү Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ЖКнын кезектеги сессиясында «ПолитКлиника» гезитине чыккан Бишкектеги көрүстөндөрдө орундар сатылып жатканы боюнча иликтөөгө токтолуп, ушул боюнча Өкмөт чара көрүшү керек деп маселе көтөрдү. «Бул жерде коррупциялык элементтерге жол берилип жатыптыр. Адам өлгөнгө чейин эле эмес, өлгөндөн кийин дагы коррупциядан кутулбайт экен да?» деди Жанар Акаев.

Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Сариев азырынча сөөк коюу үчүн көрүстөндө жерлер сатылып аткандыгы туурасында маселени карай электигин, Гроздь айылындагы көрүстөн ишке берилгенден кийин карай тургандыгын баса белгиледи. “Биз кечээ жакында эле Гроздь айылында курулуп жаткан көрүстөн маселесин карадык. Буюрса, ошол көрүстөн ачылгандан кийин башка көрүстөндөрдө жерлер сатылып аткандыгы туурасында маселени көтөрөбүз. Бул маселе биздин эсибизде бар. Анын үстүнө азыр эмгек өргүүсү да болуп калбадыбы. Буюрса, күз айларында бул маселени талкууга алабыз” дейт Таалайбек Сариев.

Руслан БАЧИЕВ, Бишкек шаардык аза көрсөтүү кызматы Муниципалдык ишкананын жетекчиси: “Апасов ротация жолу менен Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчилик кызматынан алынды”

Сөөк коюу үчүн жер саткан көрүстөндүн жетекчилери кызматтан четтетилдиби?

Чынгыз

—Гезит бетине жарыяланган материалды толук окуп чыктык. Материал жарык көргөндөн кийин эле бизге Бишкек шаарынын мэриясынын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү жана коррупцияга каршы чара көрүү бөлүмүнүн жетекчиси  Эркин Чечейбаев келип баарыбыздан түшүнүк кат жаздырып кеткен. Андан кийин мен Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовду ротация жолу менен Түндүк көрүстөнүнө которуп жибердим. Себеби, акча алып атканын кармап албагандан кийин мен аны “коррупциялык иштерге тиешеси бар” деп жумуштан кетире албайм да. Иштен алган күндө деле ал бизди кайра сотко берип, соттон утуп келип алмак. Бизде мындай көрүнүштөр болгон. Ротация жолу менен Түндүк көрүстөнүнө которгонумдун себеби ал көрүстөн азыр жабык. Ал жерден эч кандай коррупциялык иштерди жасай албайт. Бирок акырындык менен Апасовду иштен четтетем. Ал эми макалада аты аталган Азим деген бала бизде иштебейт. Ал баланы издетип таптыра алган жокмун.

“ПК”: Демек, биздин журналисттик иликтөөбүздүн негизинде Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасов ротация жолу менен болсо да жетекчилик кызматтан четтетилгенине күбө болдук. Мындан сырткары тиешелүү органдар тарабынан көрүстөндөрдө сатылып аткан жерлер дагы да болсо көзөмөлгө алына бермекчи.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Сөөк коюу үчүн жер саткан көрүстөндүн жетекчилери кызматтан четтетилдиби?Бул журналисттик иликтөө IWPRдын Европалык Кеңеш тарабынан каржыланган “Демократиялык реформаларды жылдырууда журналисттик иликтөөнү калыптандыруу: укук коргоо уюмдарынын, мамлекеттик институттардын өкүлдөрүнүн жана ММКлардын ортосундагы байланышты түзүү” долбоорунун алкагында жарыяланды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты