Кудагый эмес, курбу элек…
- 7 лет мурун
- Иликтөөлөр
(Илимдин доктору, профессор Мамбеталиева Гүлмира Сулаймановнанын бейитинин башындагы ойлор)
Опаасыз дүйнө! Кечээ эле жаркылдап-жайнап жүргөн асылкеч кудагыйымдын боз топурак бейитине зыяратка келгендей тизе бүгүп, гүл коём деп, көзүмө ысык жаш тегеренип, өксүп-өксүп алам деп эч ойлогон эмес элем. Коюп жаткан гүлдөрүм да азыр жыт аңкытып жайнап турат, өтө эле аз убакыт өтөт, алар да, кайран гана Гүлмира садагам, сенин кырчын өмүрүңдөй шылкыйып соолуйт… Бир гана бажырайган элесиң жүрөгүмдө далай-далай мезгилдерге чейин сакталып кала берет.
Алыкул акындын “Баары өзгөрөт, баары өтөт дейт турмушта, мен өзгөрбөй, өтпөй койсом не болот?!” деп бир кашкайып алганы тегинби? “Өлбөстү Кудай, сынбасты уста жасабайт” дешет. Мунун акыйкат сөз, айныбас чындык экенин билип турсак да, өмүрдүн бир чай кайнамчалык кыскалыгына өкүнө беребиз.
Гүлмиранын бейитинин башында туруп, өзүнүн гүлгө шайкеш аты-затына башымды ийип, не бир, не бир сары самандай сапырылган ойлорго түштүм. Аттиң! Не сырларың чети оюлбай ичиңде кетти? “Калганын эмки жолугушканда сүйлөшөрбүз, эже кудача” дечү элең, кучактап коштошуп жатып. “Сиз экөөбүз кудагый-кудача эмес эле, курбудай болуп кеттик, жашырган сыр жок, ортодо”… Ушул сөзүң дал бүгүн эсиме түшүрүп “жок, андай эмес экен, канчалык көп аңгеме-дүкөн куруп, канчалык көп сыр чечишкенибиз менен эң таң калычтуусу—он бир жылдан берки илдетинин кесепеттүү себебин мага эч билдирбегени. Ургаачы журтунун аңыз-ушагына айла барбы? Сөөгүн жерге бере электе боз үй ичинде күбүр-шыбыр жүрүп, анын оорусунун, качан, не себептен башталганын кадыресе эле ишенимдүү кобурагандар болду. Мындайга кулагыңды канчалык жапырсаң да, уккан кеп жүрөгүңдү мыкчый бермейи бар. Чын-төгүнүн айткандардын өз ыйман-сотуна коёлу. Бирок ал “эгер он бир жыл мурда ошондой чаташкан тагдырга туш келбегенде, эх, чиркин, өмүр-жашоосунун дагы канчасын бейпил жашайт эле?” деген күлүк ойго түшө берет экенсиң. Күлүк санаа, күлүк ой кайда гана жетелебейт?!
Бейити да касиеттүү Фудзияманы эске салган бийик адырда экен. Төмөндө — айыл, андан нары өзү сүйүп — урматтаган борбор шаары деңиздей кылкылдап жатат.
… Мукан Рыскулбеков деген ысым кыргыздын учу-кыйрына бирдей белгилүү десем, апырткандык болбос. Ырларын улуу-кичүү сүйүп ырдашат, кинолордогу ролун суктанып карашат. Бул, албетте, анын карындашы болгон мага да сыймыктанаар иш. Бирок таланттуулардын баарында болбосо да, кээлеринде бир “аттиң!” дегизип алмай кемчилиги болот экен. Анысына мен күйөр адамы катары катуу намыстанып да, капаланып да кетчүмүн. Көзүнө баса айтып, таарынганымдан айлап учурашпай койчумун. Ушундай мезгилдерде экинчи кызы Айгүл күйөөгө чыгып калды. Жеңем Орункүл кетип, агамдын ого бетер ээн-жайык жүрүп калган кези эле. Бир аялды ээрчип, Караколдо жүрөт дегенди уктук.
Айтор, ошол биз билбеген, бизге бейтааныш аялы менен, ал кезде Нарын облусунун губернатору Аскар Мааткабылович Салымбековдун алдына кыздын сеп-төшөнчүсүн алып барышат. Гүлмира кийинчерээк, мага таанышкандан кийин айтып жатпайбы “Мукан куда Асакемди кучактай жыгылып “Чын эле, чын эле мен сени таптымбы?!” деп ырдап жиберди деп. Агамдын андай жоругуна өзүм уяла түштүм да, Гүлмирага айттым ”Андай сөз Муканга эле жарашат. Тапкандай эмне, Аскар Салымбеков анын асмандан түшкөн бакты-таалайы беле?!”.
Мукан агамдын алабарман, оюна келгенин “тарс” айткан оргу-баргы мүнөзү болгону менен кудай берген таланты жагынан далай кыйынсынгандардан өйдө болсо болор, бирок кем эмес экенин ак калпак журтубуз жакшы билет. Анын Аскар Мааткабыловичке куда болгонун укканда нарындык Калыйбек Тагаев деген обончу “Мукандын багынын тоодоюн кара” деп шилекейин чубуртуп суктанганын угуп, “баракелде, адам пендесиндеги дүнүйөкөрлукка айла жок тура!” деп бир “бырс” күлүп алганым азыр да эсиме түшүп отурат.
Кыздын себин алып баргандардын ичинде Мукандын улуу кызы Назгүлдүн кайын атасы Абдурехменов Бекдавлет жана кайын энеси Асылкүл кудагый бар экен. Орункүлдүн көзүнүн тирүүсүндө алардын тойлорунда бир болуп, жакын таанышып калганбыз. Нарындагы кудалыкка биз катышпаган соң алар “Апей, Анара кудачабыз кайда? Ал Мукан кудаңардын көздөй карындашы, Орункүл кудагыйыңардын оору-сыктоосуна чындап каралашкан ошол эле киши болчу” деп таң калышат. “Биз да таң калдык” деп Гүлмира кийин күлүп айтып жатпайбы.
Жазмышка айла барбы? Ошентип өйдө-ылдый болуп жүргөндө Мукан агам дүйнөдөн өтүп кетти. Айылга коюлду, Аскар Мааткабылович кудасы—койгонунун, Айгүл кызыбыздын күйөөсү Улукбек—эстелигинин чыгымын көтөрдү.
Куданын жөнү бир башка, туугандын жөнү бир башка, кыргызда. Биздин тукумдун бүгүнкүлөрүнүн эң улуусу мен экем. Ата-бабаларымдын, Мукан агамдын арбагынын алдындагы, кыз бала болсом да, парыз-милдетимди өтөйүн деп чыгындым, китебин чыгарып, Куран окутуп, эскерүү кечесин өткөрөйүн дедим. Ак-Суудагы бир музыкалык мектепке атын койдурганым да ошол учурда эле.
Бу мансаптуу, байманалуу адам менен куда болгондун да кызык жери болот экен. Асыресе, мага окшоп (мактанып койсом да болот), дүнүйө-байлыкка, карьера-мансапка көз артпаган, умтулбаган бир мүнөз адамдар эле “ак каргадай” бөлүнүп калат. Ал кезде Аскар Салымбеков Бишкектин бакыйган мэри. Мукан агамдын кудасы. Мен окутчу куран-батага, өткөрчү эскерүү кечесине аларды кантип чакырбай коём?! Ал кишиге кабарлоо мага баарынан кыйын болду. Эшик тосор катчы кыз “Сиз кайдан келдиңиз, эмне маселе менен келдиңиз? Ким деп айтам?» десечи деген бушайман ойлордон заарканып отуруп, мэриянын босогосун араң аттадым. Аскар Мааткабыловичтин мага берген биринчи суроосу да дал мен күткөндөй болду “Сиз Мукан кудамдын кандай тууганы болосуз?”
… Ошентип Мукандын арбагына эки ирет бата-куран окуттум. Биринчисине Аскардан башкалары, Гүлмира кудагый сиңдилери менен, Мукандын кесиптеш жоро-жолдоштору, туугандарыбыз келишти. Көп узабай “Мукан Рыскулбеков” деп аталган бир томдук китеп чыгардым. Анын жүз ачары, чыгармачылык кечеси өзү бир кездери иштеген Кыргыз филармониясынын чоң залында өттү. Агамдын төгүл-чачыл пейилине жараша баары ойдогудай болду. Айтылуу артист Керим Тураповдун директор кези. “Эч кам санабаңыз, эже!” деп концертке бүт белгилүү ырчыларды катыштырып бергенин алиге унута албайм. “Мындай чоң массалык ишти уюштурганыңызга биз залда отуруп өзгөчө таң калдык, кудача-эже! Мукан куда бир оодарылып алды го” деп Гүлмиранын анда айткан ыраазылык сөздөрү мага бүгүн да жетишпей турат. “Жакшы тилек-жарым ырыс” дейт. Дүкөнүмө ар кирген сайын көңүл көтөргөн жылуу-жумшак сөздөрүн айтып “атайы келдим, бир кафенин бурчуна барып отуруп, аркы-беркини сүйлөшөлүчү” дечү. Анан неберелери Муса менен Исанын жоруктарынан кобурап, Айгүл сиңдимдин жок жерден ажырашып кеткенине кейий берчү. “Эже-кудача, сизди негедир жүрөгүмө көбүрөөк жакын адамдардай санап калдым. Дүкөнүңүздүн аурасы, жүзүңүздүн мээр чөбү мени магниттей тартып туруп алат. Биз менен баягыдай эле катташканыңызды каалайм. Сиздер элден бөтөнчө мүнөздө экенсиздер. Баягы юбилейлик кечеңиздерге биздин энчилеген кыл куйругубуз азыр кулундуу болду. Асакем экөөбүз кай жерге, качан болсо да жеткирип берели десек да — ыраазыбыз деп эч болбойсуздар. Сиздин “Ортобуздан төө, бээ өтпөй эле, ысык салам өткөн куда болуп жүрөлүчү” деген сөзүңүздү көп эле эстей берем”.
Адамдын ички маданияты, ал тургай интеллекти, уят-ар сыяктуу эле тубаса болот. Билим—ага жардамчы. Гүлмира—таланттуу, билимдүү атанын үй-бүлөсүндө чоңойгон экен. “Аккан арыктан суу агат” дечү беле. Атасынын ысмы Нарын чөлкөмүнө кеңири таанымал. Ал кишиге биздин да ысык ыкласыбыз бар. Кайрат кылыңыз, Гүлмирадай кызыңыз менен биз баарыбыз сыймыктанабыз, аба! — деп айтабыз. Аны дайыма эскере беребиз, эстей беребиз. Ал жасаган көптөгөн боорукерлик, соопчулук иштер дайыма эл көңүлүндө жашайт.
… Эскерээр сөздөн башка ортобузда эмне калды, Гүлмира садагасы! Боз топурак денени суутат, бирок көңүлдө калган ысык мээрим муздабас. Сен тынч жатасың. Биз—сени сүйгөн, сени баалаган, сени унутпас адамдар ойлогон сайын тынчыбыз кетет. Кош, түбөлүк кош, бакыраң көз, бажырайган Гүлмирам! “Печаль моя светла” дегенден башка эмнени айтам?! Биз кудагый эмес, курбу элек…
Анаркан Рыскулбековна Садыкулова,
“Нуска” китеп дүкөнүнүн башчысы.