Кыргызстан менен Казакстан мыйзамсыз жүргөн жарандарды сотсуз эле мекенине кайтарышат


Кыргызстан менен Казакстан мыйзамсыз жүргөн жарандарды сотсуз эле мекенине кайтарышат
Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн компетенттүү органдары адамдарды соттун чечимдерин күтпөстөн эле, кайсыл өлкөдөн келсе кайрадан ошол өлкөгө тездетилген тартипте жөнөтө алышат. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул Казакстанда жүрүү шарттарын бузган Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу жол-жобосун жеңилдетет.

“Экинчи жагынан макулдашуу кыргыз-казак чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөн үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары же жарандыгы жок адамдарды тез арада келген жерине кайтарууга мүмкүндүк берет”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы бул макулдашууга 2016-жылы 17-октябрда Астанада кол коюлган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты