​Бишкек шаарынын тарыхына экскурс (Видео)

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаары уюшулгандыгынын 141 жылдыгын белгилеп жатат.

Эмесе, Бишкек мэриясы менен бирге Бишкек шаарыбызга экскурс жасайлы.

Бишкек шаары 1878-жылы 29-апрелде Токмок уездинен Пишкекке көчүрүлүп келген. Ошентип, борбор шаарыбыз өзүнүн алгачкы статусун алып, Жети-Суу облусунун уезд шаары болуп калган.

Ошол күндөн тартып шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тышкы келбетин өзгөртүү боюнча активдүү иш-аракеттер жасала баштаган.

Анда шаарда 752 үй бар болчу. Шаардагы эң бир сыймыктуу жерлердин бири—шаардын старостасы Илья Терентьев салган эки кабаттуу там болгон. Терентьев азыркы Абдумомунов көчөсү менен Эркиндик бульварында жашаган.

1889-жылы анда биринчи мектеп ачылган.

1926-жылдын 5-апрелинде Пишпек уезддик шаары Фрунзе шаары деп өзгөртүлгөн.

1926-жылдан баштап Бишкек шаарында курулуштардын экинчи этабын куруу башталган.

Бишкекке мыкты архитекторлор келип, курулуш иши кызуу жүргөн.

Ошол жылы стратегиялык ири объекттер курулган. Анын ичинде Өкмөт үйү, Кыргыз ССРинин Министрдер Совети, билим берүү мекемелери болгон.

1970-жылдан баштап жаңы курулуштар, парктар, бульварлар,секверлер түшкөн.

1974-жылы биринчи жолу 12 кабаттуу үй курулган. Андан кийин 16 жана 18 кабаттуу үйлөр салынган.

1978-жылы Фрунзе шаарынын 100 жылдыгынын урматына борбор Эмгек Кызыл туу ордени менен сыйланган.

1978-жылдын 2-сентябрында Фрунзе шаарынын герби бекитилген.

Гербди Фрунзе шаар долбоор уюму иштеп чыккан.

1991-жылдын 5-февралында борбор шаар Бишкек шаары деп аталып калган.

Видео: Бишкек шаарынын мэриясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты