14-15-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Чолпон-Атада өтөт
- 1 год мурун
14-15-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында өтөт.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары 20 маселени, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдөн биримдикке мүчө мамлекеттердин аймагына ташылып келинген салык салынуучу товарлардын бажы наркын көзөмөлдөөнү талкуулашат.
Мындан тышкары, Өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБ алкагында бирдиктүү биржа товар рыногунда биржалык сооданы өнүктүрүү программасын бекитет.
2024-жылдагы ЕАЭБдин мунай продуктуларынын, жаратылыш газынын жалпы рынокторун жүрүшү жөнүндө отчетторду угат. Ошондой эле 2024-жылга карата трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда жалпы атаандаштык эрежелерин бузуунун алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиянын отчету каралат.




