Жумакадыров Сирияга аскер жөнөтүү боюнча жооп берди


Жумакадыров Сирияга аскер жөнөтүү боюнча жооп берди

— Анда кыргыз куралдуу күчтөрүн жөнөтүү эмес ЖККУнун тынчтык орнотуу контингенти деп коёт, Сирияга куралсыздандыруу аймагына жөнөтүү боюнча суроо көтөрүлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө кайрылуу келип түшө элек. Ошондуктан бул маселе күн тартибинде жок.

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Мамдуманын коргонуу комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов Сирияга мониторинг үчүн Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиргенин жазып чыгышкан. Анда Шамановдун Кыргызстан жана Казакстан расмийлери менен бул маселе талкууланып жатканын, акыркы чечим кабыл алына электигин айткан. Мындан соң Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселеде сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөнүн билдирип чыкты.

Сириядагы адам укугун иликтөөчү борбордун быйыл марттагы баяндамасына караганда, 2011-жылдан берки согушта бул өлкөдө 321 миң киши набыт болгон. Алардын 96 миңи карапайым тургундар, 17 миңден ашууну балдар. ​Сириялык укук коргоочулардын эсебинде алты жылдык согушта кеминде 60 миң киши кыйноолордон жана түрмөлөрдөгү адам чыдагыс абалдан улам курман болгон. Дагы бир нече миң киши жихадчылардын жана козголоңчулардын түрмөлөрүндө каза тапкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты