Журналисттик иликтөө: Жол кырсыктарында маршруттук таксилерге доомат көп

Журналисттик иликтөө: Жол кырсыктарында маршруттук таксилерге доомат көп

Бишкек шаарында жол-транспорт кырсыгы көп катталып, коомчулуктун нааразылыгын туудурууда. Жол кырсыктарынын келип чыгышына маршруттук таксилердин жол эрежелерин сактабагандыгы деген айыптар айтылууда. Биз бул маселени өзүбүз текшерип көрүүнү чечтик.    

Идеалында кандай болуш керек?

Бишкектеги маршруттук таксилерге мэриядан тышкары транспорттук компаниялар көзөмөл кылышат. Биз ошондой компаниялардын бири “Куюн” фирмасынын директорунун орун басары Мукаш Дүйшөналиевге маршруттук таксилер кантип көзөмөлгө алынарын билели деп кайрылдык.

“Ар бир акыркы аялдамада диспетчер-наркологдор бар. Алар бизге баш ийбейт.  Айдоочулар күн сайын эртең менен жумушка чыгары менен диспетчердик пункттардан  кан басымын,  спирт ичимдиктерин ичкен-ичпегенин, унааны техникалык жактан текшертишет. Бул текшерүүлөрдөн өткөн соң гана линияга чыгарылат. Андан сырткары жыл сайын айдоочуларды окутуп, лицензия беребиз”  деди Мукаш Дүйшөналиев. “Айдоочулар эреже бузган учурда кандай чараларды колдоносуздар?” деген сурообузга “Андай учурларда ар жуманын бейшемби күндөрү чогулуш жасап, эреже бузгандарга комиссия чечим чыгарат” — деди жетекчи.

Техникалык көзөмөл жүргүзгөн киши жок 

Биз бул жетекчинин айткандары канчалык деңгээлде ишке ашарын өзүбүз текшерип көрдүк. Адегенде маршруттук таксилердин линияга чыгар алдында кандай текшерүүлөрдөн өтөрүн билели дедик.

Чоң Арыктагы диспетчердик түйүнгө таңкы саат 6дан өтүп калганда бардык. Алгач жакыныраак барып,  четтен туруп келип-кеткен унааларга көз салдык. Жарым саат аралыгында 15ке жакын маршруттук такси токтоп, дээрлик бардык айдоочулар көзөмөл түйүнүнө кирип, 1-2 мүнөттүн ичинде чыгып жатышты. Ал эми машинелерин эч ким эч кандай техникалык текшерүүдөн өткөргөн жок. Андан соң ичине кирип,  өзүн диспетчер-нарколог  деп тааныштырган улгайган эжеге суроо узаттык.

—Айдоочуларды кантип текшересиздер?

—Алгач стаканга үйлөтүп, алкоголь ичкен-ичпегенин текшеребиз. Эгер алкоголь ичкенине шек жаралса, рапорт реакциясына текшеребиз. Көпчүлүк учурда бул баскычка жетпейбиз. Себеби бул жерде болгону 2 гана линия текшерилгендиктен, унаа аз, айдоочулардын баарын тааныйм. Кимдин кандай экенин билем. Ичип алган болсо, эч кандай текшерүүсүз эле жүрүм-турумунан белгилүү болот.

Ушул учурда диспетчерлик пункттун ичине бир айдоочу кирип, кагаздар менен кошо 20 сом берди. Диспетчер кагаздарга көз жүгүртүп, өзүнүн кагазына бирдемелерди жазып, айдоочуну кое берди.

—А эмнеге азыркы айдоочуну текшерген жоксуз?

—Күн сайын жөндөн-жөн эле кан басымын текшерүү шарт эмес. Айдоочу келип өзүн жаман сезип жатканын айтса, текшерип берем. Ал эми алкоголь ичпегени кебетесинен эле көрүнүп турбайбы.

—Техникалык жактан ким текшерет?

—Сыртта механик бар.

Сырттан механикти таба албадык. Айдоочулардан сураганы кетип жатканыбызда, диспетчер шашып келип: “Мен унутуп калган турбайымбы, механик жана поликлиникага кеткен болчу” деди. Биз айдоочулардын жанына барып, механиктин дайынын сурадык. Кезегин күтүп жаткан айдоочулардын бири анын эртең мененки саат 5:45те бир келип, кетип калганын айтты. Ошентип ал күнү биз механиктин бир  дагы унааны текшергенин көрө албадык.

Түштүк магистраль тарапта деле  ошондой

Эртеси, дем алыш күнү, таң атпай  Түштүк магистралдагы диспетчердик түйүнгө келип, алгач сырттан Журналисттик иликтөө: Жол кырсыктарында маршруттук таксилерге доомат көпбайкоо жүргүздүк. Биринчи күндөгү көргөн көрүнүш кайра кайталанды. Бир учурда бир эмес, бир-эки айдоочу кирип, бир мүнөткө жетпеген убакыттын ичинде чыгып жатышты. Кээ бири унааны пункттун жанына токтотсо, кээ бири ичиндеги жүргүнчүлөрү менен кошо машинанын жолдун жээгине токтотуп коюп, өзүлөрү кирип кетип жатышты. Бул жерден да механикти көрө албадык. Жарым сааттай сыртта карап туруп, ичине кирдик. Ичинде Самат Исмаилов аттуу диспетчер-нарколог  тосуп алды.

—Байкап отурсак айдоочуларды бир мүнөткө жетпеген убакыттын ичинде чыгарып жаттыңыз. Ушунча кыска аралыктын ичинде кантип толук кандуу текшерүүгө жетишип жатасыз?

—Дем алыш күндөрү унаа аз. Ошого бат чыгарам.

—Спирттик ичимдик ичкен-ичпегенин текшербейсизби?

—Ичкен адамдын кебетесинен, алкоголдун жытынан эле билип алса болот. Эгер шек жарала турган болсо, текшеребиз.

—Унааны ким текшерет? Текшерген эч кимди көргөн жокпуз го?

—Ал ооруп, поликлиникага кеткен. Негизи унааны 2-3 күндө бир текшерүү жетиштүү.

Эң эле кызыгы жогорудагы эки текшерүүчү түйүндүн механиктеринин экөө тең бейтапканага кетишкен экен. Бул көрүнүш күндө эле кайталанабы же биз алардын “ооруп” калган учуруна туш келдикпи, айтуу кыйын. Анан дагы эгерде айдоочу эртең менен наркологдун текшерүүсүнөн өткөндөн кийин ичип алып деле линияга чыгып алган болсо, аны эч ким текшербесине күбө болдук. Анткени наркологдор эртең менен гана текшеришет экен.

“Телефон менен сүйлөшпөсөк ишибиз жүрбөйт”

Андан соң бир канча линиялардын маршруттук таксилерине отуруп, алардын бузган жол эрежелерин каттадык. Алардын баарын жалпылап айтсак: бат-баттан телефон аркылуу сүйлөшүп, башка айдоочулар менен МАИ кызматкерлеринин жолдо тургандыгы, атаандаш каттамдардын унаалары каякта кетип жаткандыгы, кишилердин көп-аздыгы тууралуу маалымат берип турушат экен. Аялдамалардан токтобостон, каалаган жерден токтоп, жүргүнчүлөрдү салып жатышты. Анан дагы токтоо үчүн чийилген чийинден өтүп барып токтошот экен. Эмне үчүн минтип жол эрежесин бузуп жатышканын сураганыбызда телефондук сүйлөшүүсүз иштери жүрбөй тургандыгын, ал эми каалаган жерден токтогондорунун себебин жүргүнчүлөрдү кыя албагандыгы менен түшүндүрүштү.

Чүй-Бейшеналиева өзүнчө “жомок”

Ош базарынын тегерегиндеги Чүй-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги баш аламандыкты баарыбыз эле көрүп жүрөбүз. Биз да ал жерге барып,  көчөнүн кесилишинен токтоп, жүргүнчүлөрдү салып жаткан айдоочуларга “Эмне себептен аялдамадан токтобойсуздар?” деген сурообузду узаттык. Айрымдары жоопсуз калтырып, эшикти жаап коюубузду айтышса, айрымдары “Силердин ишиңер эмне  же силер МАИ кызматкерисиңерби, эшикти жапкыла” деди. Жүргүнчүлөр өздөрү деле 4-5 метр басып, аялдамага туруудан көрө көчөлөрдүн кесилишинен экинчи, үчүнчү линиядан түшүүнү туура көрүшкөнү өкүндүрдү. “Элдин баары эле турат. Бизди айдоочулар көндүрүп коюшту, эгер алар бизге токтобой, аялдамага барып токтосо, ошол жерге барып түшмөкпүз да” деди жүргүнчүлөр.

Медер Шабданов, ИИМ патрулдук милициясынын пресс-кызматынын ага инспектору:

“Тартип бузган 193 кичи маршрут каттамдан четтетилген”

—2015-жылы республика аймактарында коомдук транспортко байланыштуу 495 жол транспорт кырсыгы катталып, 65 адам көз жумуп, 1011 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. 2016-жылы коомдук транспорттун айдоочуларынын катышуусу менен 514 жол кырсыгы катталып, 11 адам каза болуп, 290 адам ар түрдүү жаракат алган. Ал эми 2017-жылдын акыркы 4 айында коомдук транспорттун катышуусу менен 172 жол кырсыгы катталып, 11 адам каза болгон, 290 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Алсак, 16-апрель күнү Байтик баатыр проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде маршруттук такси  жеңил унаа менен  кагышып, капталы менен сүрүлүп кеткен. Анын кесепетинен тогуз адам жабыркап, экөө оор жаракат алган.

Маршруттук таксилердин айдоочуларынын бири кырсыкка учураганда маршрутканы ижарага берген компаниялар күнөөнү айдоочуга жүктөп коюшат, өздөрү эч кандай жоопкерчилик алышпайт.

Бишкекте 2017-жылдын 9-февралынан баштап жол тартибин көзөмөлгө алып, жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында патрулдук милиция рейд жүргүзгөн. Анын натыйжасында жол кыймыл эрежелерин бузгандыгы үчүн айып аянтчасына 60 тан ашык маршруттук такси жөнөтүлгөн.

Жүргүнчүлөр шаардык муниципалитетке айдоочулардын жаман мамилесине, чылым чеккенине, маршрутканын ичинин таза эместигине даттанып, кайрылып турушат. Жыл башынан бери кайрылуулар боюнча коомдук транспорт текшерилип, 193 маршрутка талапка жооп бербегендиктен, каттамдан четтетилген.

Нурлан Атыканов, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары:

“Биз койгон шарттарга жеке ишканалар көнбөй, соттошуп жатабыз”

—Бишкек шаары боюнча жүргүнчүлөрдү коопсуз тейлөө боюнча учурда кандай иш-чаралар жүрүп жатат?

—Шаарды кичи автобус каттамдары менен жеке ишканалар камсыз кылат. Азыр алар жалпы каттамдардын 80 пайызын камсыздаса, калган 20 пайызы автобус жана троллейбус муниципалдык ишканалары тейлейт. Троллейбус 9, автобус 11 маршруттук каттам менен чыгат. Учурда кичиавтобустарды чоң автобустарга алмаштыруу боюнча мэрия план түзүп чыккан, аларды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жеке ишканалар да азыр 12 автобус алып келген. Мурда жоюлуп кеткен № 35 автобус жүрө баштады. Андан сырткары дагы 50 троллейбус алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды. Жеке ишканалардын бардыгы мэрия менен келишим түзүп иштешет. Азыр ошол убакта түзүлгөн келишимдердин мөөнөтү бүтүп калды. Жаңы келишим түзүү боюнча конкурс жарыялаганы турабыз. Ал конкурс боюнча жеке ишканалар бир нече талаптарга жооп бериши керек. Жаңы машине алышы керек, анын камсыздандырылышы, автоматтык контроль, Gprs, wi-fi, коопсуздугу камсыздалган машинелер, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да шарт түзүлүп берилиши керек деген критерийлерди жобого киргизип жатабыз. Жеке ишканалар ушул талаптарга жооп берсе, конкурста жеңүүчү деп белгилейбиз. Конкурстун негизинде жаңы келишим түзүлөт.

— Жол эрежесин бузган маршруттук таксилерге буга чейин чара көргөн учурларыңыздар болгонбу?

— Жол кыймылынын коопсуздук кызматы (БД) менен биргеликте ай сайын жеке ишканаларды чакырып, бизге түшкөн арыздар боюнча, айдоочуларды жоопкерчиликке тартабыз. Жыл башынан бери жоопкерчиликсиз 93кө жакын машине четтетилди. Ал эми жол эрежесин бузуу боюнча патрулдук милиция менен кызматташып келе жатабыз. Жол эрежесин бузуп кармалгандарды каттоого алып, аларга караштуу болгон ишкана жетекчисине тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул биринчи багыты. Ал эми экинчи багыты 185 номуруна кайрылган жарандардын арызы боюнча, интернетке жүктөлүп жаткан видеоматериалдар боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, аларды жоопко тартабыз.

Гүлшайыр Сабырбекова, Умида Бекпулатова – “ПолитКлиника” гезити менен IWPR биргеликте өткөргөн журналисттик иликтөөлөр боюнча тренингдин катышуучулары.

Журналисттик иликтөө: Жол кырсыктарында маршруттук таксилерге доомат көпБул макала IWPRдын Журналисттик иликтөөлөр бюросу менен кызматташуунун

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты