Ыр куржуну бай Дүйшөкан апа

Ыр куржуну бай Дүйшөкан апаТүп районунун Кудургу айылында термечи, жамакчы, акын, эки китептин автору Дүйшөкан Садыбакасова апа жашайт. Бүт өмүрүн медицинага арнап, Түп райондук ооруканада, Атбашы райондук ооруканада жана Кудургу айылындагы ооруканада бейтаптарга мээримин төгүп иштеди. Жаш кезинен эле жумуш учурунда ыр саптары оюна келе берчү экен.

“Канчалаган ырларым ар кайсы кагазда калды. Оюма келет, кагазга жазам, кээ бирин иш убакта бошобой атып жазбай да калам. Анан пенсияга чыккандан кийин көбүрөк жаза баштадым. Астра Садыбакасова инимдин кызы болот, журналист. Бир күнү ал айтты, ырларыңызды чогултуңуз, кор кылып атасыз деп. Ошондо анан ойлонуп калдым” дейт Дүйшөкан апа. Балалыгын эстеп отурду. Апасы Даржан Садыбакасова колхоздо комбайн айдаган көп жылдар бою. Атасы Булан экөө жогорку билими жок карапайым адамдар болсо да 11 баласын бүт окутуп, очор-бачар кылышкан. Дүйшөкан апанын 5 баласы бар, учурда 15 небересин эркелетип үйү базар болуп, бактылуу жашап аткан убагы. Жолдошу Салык Абдылдаев өмүр бою Түп токой чарбасында иштеп, 2000-жылы жүрөк оорусунан каза тапкан. Айылдаштары өтө чечкиндүү, кеңпейил, адамгерчиликтүү жакшы сапаттарын эскеришет дайым. Дүйшөкан апанын терме ырлары кыргыздын жаштарын ыймандуулукка чакырат. Ал эми өзү чыгарган баталары болсо кыргыздын ар бир жакшылыгына ылайыкталган. Мисалы, кыз узатууга бата, ымыркай төрөлгөндөгү бата, үйлөнүү тойго бата. Бул баталарды ар бир кыргыз жаттап алса жакшылыктарда чоң пайдасы тийчүдөй.

Өмүргө арналган ырында минтип жазат:

Жараткан өмүр берсе,

Жайкалган көңүл берсе,

Жан дүйнөң бейпил болсо,

Жашоо бул жыргал нерсе.

Кабыргаң сөгүлбөсө,

Кадырың төгүлбөсө,

Туу кылган жакшы адамдар,

Душманга жеңилбесе.

Дүйшөкан апанын ырлары мекенге жана патриоттуулукка да арналган. Көп ырларында Кыргызстандын эгемендигин даңазалап, ушул эркиндигибизди барктайлы деп жаштарга кайрылат.

Эгемендүү эл болдуң, түшүн пенде,

Эркиндикти бир келген, күтүң пенде,

Дөөлөт деген тоголок болот дешет,

Кокус качса карматпайт, түшүн пенде, — деп жазат.

Дүйшөкан апанын жакында үчүнчү китеби чыгат экен. Кудургу айылында эле жашап, улам шаарга каттап, басмаканалар менен өзү келишип эле китептерин чыгарып алат экен. Баса, талантын балдарынан жашырчу экен. Биринчи китеби чыкканда гана уул-кыздары билишип, кубангандан айрымдары көзүнө жаш алыптыр. Ошондон бери кыз-уулдары апасынын талантын колдоп, бардык шартты түзүп келишет.

Карлыгач Кудайбердиева

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты