​Толубай Колубаевден “бийликти күч менен басып алуу” деген айыбы алынды

  • 5 лет мурун

Элдик парламенттин мүчөсү Толубай Колубаевден “бийликти күч менен басып алуу” айыбы Жогорку сот тарабынан алынып салынды.

Бул тууралуу Жогорку Сот билдирди.

Толубай Колубаевдин жаза өтөө мөөнөтү беш жыл деп белгиленди.

Саясий туткундар комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаевдин айтымында, жакынкы күндөрдө Колубаевдин айып мөөнөтүн кыскартуу маселеси каралат.

2016-жылдын май айында УКМК кылмыш ишин козгоп, сот элдик парламенттин мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Толубай Колубаевди 14 жылга, Марат Султановду он жылга, Тойгонбек Калматовду шарттуу алты жылга, Александр Гусевди шарттуу алты жылга эркинен ажыраткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты