Аксы окуясы эскерилүүдө

  • 5 лет мурун

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди. Иш-чарага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган бийлик өкүлдөрү, экс-президент Роза Отунбаева, саясатчы Абдыганы Эркебаев жана шаар тургундары катышты. Иш-чарада Аксы жана Апрель окуяларында окко учкандарга тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлду.

Ал эми Президент бул күнү Аксыда Боспиекте өткөн Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышты.

“Аксы окуясынын мааниси терең, тарыхый окуя. Элдин аң-сезимин өзгөртүп, акыйкатсыздыкка каршы күрөшкө алып чыкты. Бул окуя менен катар 2005-жылдагы Март жана 2010-жылдагы Апрель окуяларын да унутууга болбойт. Апрель окуясынын түздөн түз катышуучусу, кландык башкарууга каршы чыккан адам катары бул даталуу күндөр менин жүрөгүмдө сакталуу. Кийинки жылы Апрель окуясынын 10 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча жарлыгым даярдалып жатат. Мен президенттик мөөнөтүм аяктаганча кландык башкарууга жол бербеймин. Биздин башкы максат — адилеттүү коом куруу”, — деди Жээнбеков.

Ушул эле тапта Бишкектеги “Медиа Форум” ишканасынын алдында Кыргызстан социал-демократтар партиясы дагы митинг-реквием уюштуруп ага экс-президент Алмазбек Атамбаев катышты. Атамбаев бул иш-чараны уюштурууга бийлик каршы чыгып, тоскоолдук кылганын билдирди.

Атамбаев Аксы окуясынын себептерине токтолуп, ошол кездеги бийлик Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы чыккан элге ок атканын белгиледи. Атамбаев ошол кезде каршы чыккандардын катарында өзү да болгонун айтып, бирок Сооронбай Жээнбеков унчукпай отурганын билдирди.

“2002-жылы Жээнбеков вице-спикер, агасы Жусуп Жээнбеков губернатор болуп тымпыйып отурган. Эми болсо «Атамбаевдин куран окутуусуна барбагыла» деп элдин үйлөрүнө чейин кирип жатышат», — деди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков ошол кездеги бийликке эч качан каршы чыкпаганын кошумчалады.

“Медиа Форум” ишканасынын жанындагы митинг-реквиемге Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары, саясий ишмерлер да катышууда.

Мындан 17 жыл мурун болгон Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы учурда Аксы районунун Боспиек айылында да өтүп жатат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов сыяктуу саясатчылар, жергиликтүү тургундар катышууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты